Кыргызстан жол үчүн 2 млрд доллардан ашык карыз алган
“30 жылда жалпы 2 млрд 660 млн доллар акча алдык. Анын 2 млрд 300 миллиону насыя, калганы гранттык каражаттар. Жолго чоң сумма жумшалды”, - деди министрдин орун басары.
Финансы министрлигинин сайтындагы маалыматтарга ылайык, майдын аягына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы жалпы 5 млрд 667,63 млн долларды (496 млрд 428,06 млн сом) түзгөн. Мунун 4 млрд 489,7 млн доллары тышкы карыз, 1 млрд 177,94 млн доллары ички карыз.
Буга чейинки маалымат боюнча өлкөдө автоунаа жолу 34 миң чакырымды түзөт, анын 19 миң чакырымы жалпы пайдалануудагы жолдор. Жалпы өлкө боюнча 1,5 миллионго жакын машине катталган. (TSh)
