Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
Azattyk.org
Июль
2019

Новости за 04.07.2019

Минск: салют маалында бир аял каза болду

Azattyk.org 

Минскиде эгемендик күнүнө арналган майрамдагы салют маалында бир аял каза болду, сегиз киши жабыркады. Күбөлөр шаардын борборунда кеминде эки жарылуунун добушу угулганын айтып беришкен. Тергөө комитетинин маалыматы боюнча Свислочь дарыясынын боюнда салютту карап турган 65 жаштагы аял жарадар болуп, көп узабай көз жумду. Бир нече киши медициналык жардам сурап кайрылышты. Коргоо министрлиги менен Тергөө комитетинин биргелешкен комиссиясы окуянын себеби аныкталганын, кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканын билдирди. Читать дальше...

Кентуккидеги кампада 9 миллион литр виски өрттөнүп кетти

Azattyk.org 

АКШнын Кентукки штатында «Jim Beam» компаниясынын эки кампасында чыккан өрттө бери дегенде 45 миң бочка (9 миллион литр) виски жок болду. Компаниянын өкүлүнүн айтымында, өрткө чагылган себеп болушу мүмкүн. Өрт 3-июлга караган түнү башталган. Өрт өчүргүчтөрдүн бир нече сааттык аракетине карабастан эртең менен кампалардын бири толугу менен жок болгон. Өрттө эч ким жабыркаган жок. Баштапкы маалыматтар боюнча, келтирилген зыяндын суммасы 90 миллион доллардан 300 миллион долларга чейин жетиши мүмкүн. Читать дальше...

Бекназаровдун уулу президенттик аппаратка кызматка барды

Azattyk.org 

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Руслан Бекназаров президенттик аппаратка кызматка барды. Өзү бул маалыматты «Азаттыкка» ырастап, аппараттын жарандардын кайрылуулары менен иштөө бөлүмүндө эксперт катары иштей баштаганын билдирди. Бөлүмдүн башчысы Саякбай Субановдун айтымында, Бекназаровдун кызматтык милдетине аймактардагы жарандардан келген кайрылууларды талдоо жана аппараттын мындан аркы иш жүргүзүшү үчүн эксперттик сунуштарды берүү кирет. ... Читать дальше...



Сурамжылоо: элдин алты пайыздан көбү Кыргызстандан кетүүнү көздөйт

Azattyk.org 

Кыргызстанда калктын 54,4% жашоо-шартына канааттанат. Нааразы болгондор 43% көп. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция» эл арасында жүргүзгөн сурамжылоодон ушундай тыянак чыгарды. Жашоого канаат кылгандардын эң көбү Баткенде, андан соң Ош шаарында жашашат. Бишкек шаарында нааразы пикирдегилер басымдуураак.  22-апрелден 2-майга чейин жүргүзүлгөн сурамжылоодогу жоопторго ылайык, жарандардын 6,1% өлкөсүнөн кетүүнү пландайт. Алар 39 жашка чейинкилер. Эркектерге караганда аялдар көп.  Башка... Читать дальше...

«Адилеттүүлүк үчүн» комитети оппозицияга басымды токтотууга чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандагы саясатчылар жана жарандык активисттер түзгөн «Адилеттүүлүк үчүн» комитети президент Сооронбай Жээнбековго, башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовго жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевге кайрылып, конституциялык укуктарды жана жарандардын эркиндигин бекем сактоо талабын коюшту. Буга Кыргызстандын Малайзиядагы, Түштүк Кореядагы мурдагы элчиси Кылычбек Султан УКМКга суракка чакырылышы себеп болгон. Аталган комитет муну анын оппозициялык ишмердүүлүгү... Читать дальше...

«Газпром» Түркмөнстандан кайра газ сатып ала баштамай болду

Azattyk.org 

Орусиянын «Газпром» компаниясы «Түркмөнгаз» менен 2024-жылга чейин газ сатып алуу боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.  Расмий кабарга ылайык, Орусия Түркмөнстандан жылына 5,5 миллиард куб метр газ сатып алмакчы. Келишимге кол коюлганга чейин эки мамлекет 2,5 ай бою 1 миллиард 200 миллион кубометр газ сатып алуу жөнүндө убактылуу макулдашкан эле.  Орусия мурда түркмөн газынын негизги кардарды болгон. Кытай Орусияны газ базарынан сүрүп чыгарып, 2015-жылы «Газпром» жыл сайын сатып алына турган... Читать дальше...

Араванда кутурмага байланыштуу шек менен жети киши ооруканага жаткырылды

Azattyk.org 

Ош облусуна караштуу Араван районунун Нурабад айылынын жети тургуну кутурмага байланыштуу шек менен ооруканага жаткырылды. Алардын бардыгын 2-июлда саат 19дарда кутурган болушу мүмкүн деген ит капкан. Манжасын ит капкан аялга операция жасалды. Бул тууралуу «Азаттыкка» райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы, атайын түзүлгөн штабдын жетекчиси Санабар Турудкулова билдирди. Иттин башы экспертизага жөнөтүлгөн, жыйынтыгы келе элек. Бул Араванда кутурмага байланыштуу катталган экинчи учур.... Читать дальше...

АКШда атактуу автоунаа ойлоп табуучу Лидо Энтони Якокка көз жумду

Azattyk.org 

АКШдагы Американын эң атактуу автоунаасы - «Ford Mustang» машинесин ойлоп табуучуларынын бири, «Ford» жана «Chrysler» компанияларынын мурдагы топ-менежери Лидо Энтони Якокка 94 жашында дүйнөдөн өттү.  «Washington Post» гезитинин маалыматына караганда ал Паркинсон дартынан жабыркап жүргөн.  Пенсилванияда төрөлгөн Якокка ишмердигин «Ford» компаниясында инженер болуп баштаган. 1960-жылдардын башында инженер Дональд Фри жана дизайнер Филипп Кларк менен бирге «Mustang» автоунаасын жасашкан. 1970-жылдары «Pinto» автоунаасын ойлоп тапкан. Читать дальше...



АКШдагы студенттик жашоом

Azattyk.org 

Мен окуучу кезимде, андан кийин Бишкекте университетте окуп жүргөндө АКШнын коллеждерин кинолордон көрүп алып суктана берчүмүн.

Чек ара кызматы Исфара-Ворух жолу ачылганын кабарлады

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы кыргыз-тажик чек ара аймагында кырдаал туруктуу экендигин билдирди.  Маалыматка караганда, Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлда кечке жуук бууп алган Исфара-Ворух жолу 4-июлда түнкү саат экилерде ачылды.  Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук менен байланышуу бөлүмү кабарлагандай, эки өлкөнүн чек ара кызматынын жооптуулары жолугуп, кырдаалды курчутпоо маселесин талкуулашты. Кыргыз өкмөтүнүн Баткен облусу боюнча өкүлү Адхам Мадумаров менен чек арачылар, жергиликтүү жашоочулар сүйлөшүштү. Читать дальше...

Орусия: кемедеги кырсык, жашыруун маалымат

Azattyk.org 

Кремль суу алдындагы кемеде тутанган өрт боюнча кеңири маалымат берүүдөн баш тартты. 1-июлда болгон кырсыкта 14 моряк, анын ичинде жогорку даражалуу офицерлер, Орусия Баатырлары да каза табышкан.

Президент иш сапары менен Баткенге барды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков иш сапары менен Баткен облусуна барды. Сапарынын алкагында мамлекет башчы Баткен районунун жана Баткен шаарынын жашоочулары менен жолугушуп, социалдык-экономикалык тармактын объектилерине барат. Сооронбай Жээнбеков Баткенге февраль айында барып, Кадамжай районунун жана Кызыл-Кыя шаарынын жашоочулары менен жолуккан. Мындан сырткары Кадамжайдагы «Факел» чек ара тозотунун жаңы курулган имаратынын ачылышына катышып, Ош-Баткен-Исфана автожолун реконструкциялоо жумуштарынын жүрүшү менен таанышкан. Читать дальше...

ЭВФ Пакистанга 6 миллиард доллар насыя берет

Azattyk.org 

Эл аралык Валюта Фонду (ЭВФ) Пакистанга 6 миллиард доллар насыя бермей болду. Насыя үч жылга берилмекчи. Буга чейин Пакистандын премьер-министри Имран Хан өлкөнүн оор абалда турган экономикасын көтөрүш үчүн карыз сурап, ЭВФке кайрылган. Каражаттын 1 миллиард доллар өлчөмүндөгү биринчи траншы 3-июлда бөлүндү. Эми Пакистан экономикалык реформаларды жүргүзүүгө тийиш. Исламабад өткөн айда насыянын шарттарына көнүп, чыгымдарды жана аскердик тармакка кеткен акчаны кыскартуу планын жарыялаган.

Орусия: кыргызстандык ишкердин өлүмүнө шектүүлөр кармала элек

Azattyk.org 

Орусиянын Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы, ишкер Камчыбек Каримовдун өлүмү «Киши өлтүрүү» беренеси менен иликтенип жатат. Шектүүлөр кармала элек. Екатеринбург шаардык полициясынын маалыматына караганда, 2-июлда окуя боюнча кылмыш иши козголгон. Азыр күбөлөр суралып, кылмышка шектүүлөр изделип жатканы айтылды. Маркумдун сөөгүнө медициналык экспертиза да жүргүзүлүүдө. 54 жаштагы Каримовду 2-июлда Екатеринбургдагы үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен. Анын ичине... Читать дальше...

Парламент каникулга көөнү ток тарады (видео)

Azattyk.org 

Төрага Дастанбек Жумабеков VI чакырылыштагы Жогорку Кеңештин V сессиясында эл өкүлдөрү жакшы иштеп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды деп эсептейт. Мындай пикирин төрага сессияны жыйынтыктаган басма сөз жыйынында билдирди.

Иран эскертүүлөргө карабай уранды байытууну улантат

Azattyk.org 

Ирандын президенти Хасан Роухани 3-июлда өз өлкөсү уранды байытууга киргизилген чектөөлөрдү сактабай турганын, 7-июлдан тартып анын көлөмүн белгиленген лимиттен өзү каалагандай көбөйтөөрүн айтты. Ал АКШны өзөктүк келишимди кайра таанууга чакырды. Роухан Вашингтон менен макулдашууга жетишилсе, чечим “бир сааттын ичинде” жокко чыгарыларын белгилеп, эл аралык коомчулукту тынчсызданбоого чакырды. Анын билдирүүсүндө, АКШ Иранга карата санкцияларды жеңилдетпесе, Арак шаарындагы реактордун иши калыбына келтирилет. Читать дальше...

Алексей Петрушевский кайра үй камагына чыкты

Azattyk.org 

Бишкек мэриясына караштуу Балдарды жана жаштарды реабилитациялоо борборунун мурдагы жетекчиси Алексей Петрушевский үй камагына чыгарылды. 3-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту ушундай чечим чыгарды. Буга чейин ден соолугуна байланыштуу аны тергөө абагынан үй камагына чыгарууну жакындары, тарапкерлери, Акыйкатчы институту суранган.    Быйыл 6-июнда «кызмат абалынан кыянат пайдаланган» деген негизде кармалган Алексей Петрушевский Биринчи май райондук сотунун чечими менен эки күндөн кийин үй камагына бошотулган. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух-Исфара жолу ачыла элек

Azattyk.org 

Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы Ворух-Исфара жолу ачыла элек. Бул тууралуу Ак-Сай айылынын башчысы Эркин Жолчуев жолду 30-40 киши тосуп турганын жана тиешелүү бийлик өкүлдөрү, күч органдарынын кызматкерлери чек арада жүрүшкөнүн «Азаттыкка» билдирди. Баткен районунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жашоочулары 3-июлдун кечинен бери коңшу өлкөнүн Исфара аймагын Ворух анклавы менен байланыштырган жолду бууп турушат. Буга кечээ аксайлык ишкерди тажикстандык жаран сабап качып кеткени түрткү берген айтылууда. Читать дальше...



Москва

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал, как переразметка позволяет улучшить движение на дорогах Москвы



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Желдорреммаш

Уссурийский ЛРЗ подтвердил соответствие международным стандартам, применяемым на производстве железнодорожной промышленности




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Росгвардия приняла участие в спортивном празднике «Динамо» в Москве

Росгвардейцы обеспечили безопасность болельщиков во время матча чемпионата России по регби

Новороссийские шахматисты приняли участие в полуфинале турнира "Шахматные звёзды 4.0"


Ролан Гаррос

Испанец Алькарас выиграл Открытый чемпионат Франции по теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Золотые часы от Министерства обороны за вклад в развитие Кадетского движения России!



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России