Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
Новости пользователей сайта
Май
2023
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22 23 24 25 26 27 28 29 30 31

Рейдер-аферист Алияр Исабекович Байоглиев присвоил дом у инвалида 86-лет Турсиновой и выгоняет её на улицу умирать. Президент должен помочь!

Рейдер-аферист Алияр Исабекович Байоглиев присвоил дом у инвалида 86-лет Турсиновой и выгоняет её на улицу умирать. Президент должен помочь!

КР Президенти, Коопсуздук Кеңешинин башчысы С.Н. Жапаровго

КР УКМК төрагасы К.К. Ташиевке

                                     723317, Кара-Суу  району, Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Сураташ айылы, Сабиров көчөсү №68 үйүнүн тургуну 86 жаштагы инвалид Турсинова Халисхандан (тел. +996 552 159090)

АРЫЗ (жардам бергиле, чоң энеге рейдер Алияр Байоглиев  кол салган, күйөөм асынып өлгөн)

Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагы, Ишкаван айылынын жашоочуусу 1987 ж.т. жеке стоматолог Байоглиев Алиёр Исабекович (тел.0555 080872) Кара-Суу райондук сотунун жана Ош облустук сотунун судьялары менен алдын ала сүйлөшүп, сот билип туруп сот адилеттигине жатпаган мыйзамсыз чечимди чыгарткан (КР КЖК 352 бер. 1 бөл.). Ал чечим менен А. Байоглиев бизди өз үйүбүздөн мыйзамсыз чыгарып жатат.

Мурда А. Байоглиев жеке мүлкүмдү рейдерлик жолу менен ээлеп алуу (КР КЖК 226 бер) максатында каза болгон күйөө балам А. Сайфитдиновдун ишенимине кирип, Алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу максатында (КР КЖК 209 бер. 4 бөл, 1 п.) А.Сайфитдиновго 4 миң доллар акча берип, Сураташ айылындагы жеке үйүмдү күрөө катары өзүнүн атына каттатып алган. Үйдү убактылуу күрөөгө коюп жатканда, 4 миң долларды кайтарып бергенибизде, Байоглиев үйдү кайтарып берүүнү убада берген. Байоглиев бизди мыйзамдарды билбегенибизден жана жөнөкөйлүгүбүздөн пайдаланып, алды-сатты келишимин тузуп алат жана алдамчылык жолу менен М. Хайдаровадан тил кат алууга жетишет.

А. Байоглиев мыйзамсыз аракеттери менен Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу максатында жеке мүлкүмдү мыйзамсыз ээлеп алган (КР КЖК 210 бер. 4 бөл. 1 п.).

А. Байоглиев бардык жалган көрсөтмөлөрүндө жана арыздарында Сураташ айылындагы жеке үйүмдү 18 миң доллар акча төлөп Хайдарова Махидилдан сатып алганмын жана ага 18 миң доллар акча төлөгөнмүн, Хайдарова Махидил мага 18 миң доллар алдым деген тил кат жазып берген дегени жалган. Себеби, Хайдарова Махидил Байоглиевге үйүн саткан эмес жана 1 сом Байоглиевден алган эмес. Биздин суранычыбыз менен М. Хайдарова убактылуу күрөөгө коюу үчүн гана үйүбүздү Байоглиевке убактылуу өткөрүп турган. А. Байоглиев үйүмдү рейдерлик жол менен мыйзамсыз ээлеп алуу максатында жарандык иш боюнча далилдерди, атап айтканда Хайдарова Махидилдин тил катын бурмалоо менен жалган далил жана маалыматтарды сотко берген (КР КЖК 361 бер. 1 бөл.), аны М. Хайдарова тергөөдө жана сотто тастыктоого даяр.

А. Байоглиев А.Сайфитдиновдун ишенимине кирип, 4 миң доллар акча берип, Сураташ айылындагы жеке үйүмдү күрөө катары өзүнүн атына каттатып алган. 4 миң доллар акчаны кайтаргандан кийин, ал үйдү А. Байоглиев кайтарып берүүнү убада кылган. Ошон үчүн М. Хайдарова А. Байоглиевди алдамчылыгын билбей, бир сом акча албаса дагы тил кат жазып берген.

Россияда иштеп келген А. Сайфитдинов А. Байоглиевке 4 миң доллар акчасын кайтарып берип, үйдү кайтарып берүүнү талап кылса, А. Байоглиев убадасын аткаруудан баш тартып, сот менен алдын ала сүйлөшүп, мыйзамсыз сот токтомун чыгарып, жеке үйүмдүн мыйзамдуу ээси болуу үчүн жана мени ал үйдөн чыгаруу үчүн мыйзамсыз чечим чыгарткан.

Күйөө балам А.Сайфитдинов тирүү болгон кезде, Кызыл-Кыштак айыл аймагынын Ишкаван айылына барып, Ишкаван айылынын айыл башчысы И. Идирисов (тел.0556 648824), мечит имамы Давран жана аксакалдар менен А. Байоглиевди чакырып, ага А.Сайфитдинов 4 миң доллар карзын берсе, А. Байоглиев: “Сиз 4 миң долларды 2-3 ай мурун беришиңиз керек эле, кечикдиңиз”-деп 4 миң долларды алуудан баш тарткан. А.Сайфитдинов: “Анда ошол 2-3 ай кечиккениме акча кошуп берейин”-деп айткан. Мечит имамы Давран, айылбашчы, аксакалдар 4 миң доллар карзын төлөсүн, андан артык төлөгөн акчасы сүткөрдүк, арам болуп калат”-деп айтса. А. Байоглиев: “Муну адвокатым чечет”-деп кетип калган. КР Мыйзамдарына ылайык, жеке адамдарга процентке карыз берүү үчүн Үлүттүк банктын лицензиясы болушу керек. Бирок, А. Байоглиевде лицензиясы жок, процентке карыз берген, бирок, сүткөрдүгү үчүн мамлекетке салык төлөгөн эмес жана мыйзамдуу булактар менен тастыкталган эмес, анын расмий кирешелеринен ашкан мүлк ээси болуп калган. Натыйжада мамлекет жана карапайым эл эсебинен мыйзамсыз байыган (КР КЖК 340 бер. 1 бөл.).

Үйду алды-сатты келишимин жокко чыгаруу үчүн сотко доо арыз менен кайрылсак, Кара-Суу райондук сотунун соту С. Ниязалиев эскирүү мөөнөтү өтүп кеткен деген негизсиз жүйө менен мыйзамсыз аныктама чыгарып, ишти маңызы менен караган эмес. Натыйжада 86 жаштагы оорукчан кемпир кышта суукта көчөдө калып, өлүп кетуу коркунучууда. Бирок, адам өлсө дагы өзүнүн рейдерлик аракеттерин токтотпогон Байоглиев кандай дарыгер, ЖОЖдо аны ошого окутушканбы? Ага ким ошондой тарбия берген?-деген суроолор элибиздин тынчын алып жатат.

Байоглиев убактылуу күрөөгө коюлган үйдү кайтарбай, алдамчылык жолу менен 4 миң доллар берип, 80 миң долларлык үйдү рейдерлик жол менен үйдү ээлеп алмакчы болгон мыйзамсыз аракеттерине, акыйкатсыздыгына жана А. Байоглиевдин алдамчылыгына чыдабаган А. Сайфитдинов өзүн-өзү асып өлүп калган. А. Байоглиевдин мыйзамсыз аракеттери күнөөлүү А. Байоглиевке материалдык же башка жагынан (алдамчылык жолу менен үйүн өз атына каттатып алган) көз каранды болгон Сайфитдиновду өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирген (КЖК 128 бер. 2 бөл.)

КР Конституциясынын 45, 15 бер. ылайык Ар бир адам турак жайлуу болууга укуктуу. Менчик кол тийгис. Бирок, карапайым элди жөнөкөйлүгүнөн пайдаланып, биздин мүлктү рейдерлик жол менен ээлеп, мыйзамсыз байыган жана конституциялык укугумду одоно бузган Байоглиев аны эмнеге билбейт, ал жогорку окуу жайда окуган болсо? Же окубай акчасы окуганбы?.. Анда аны КР Саламаттык сактоо министрлиги кызматтык аттестациядан жана тестирлөөдөн өткөрүп билим деңгээлин текшеруусу зарыл. Себеби ЖОЖ диплому бар, бирок билими жокторду УКМК аныктап, кустуруп жатпайбы. Мындай рейдерлик жол менен сот аркылуу башкалардын мүлктөрун дагы ээлеп алган болушу мүмкүн, ошону тергөө органдары аныктап, элге келтирген зыянды ага төлөтүп, кустурушу керек.

Ошондой эле, А. Байоглиев поликлиникада тыш дарыгери болуп иштесе, анда ал жана анын карындаштары ар жылы салык декларациясын милдеттү түрдө тапшырып, ал декларацияда мүлктөрүн жана кирешелерин ачыктап жазышы керек эле. Бирок, А. Байоглиевдин сөзү туура болсо 18 миң долларды кайсы декларацияда көрсөткөн (КР КЖК 242 бер. 2 бөл), кайдан ал акчаны таап, салык төлөгөнбү? Андан сырткары, Сураташ айылында курук 6 сотик жер тилкенин базар баасы 30 миң доллар, кичине үйлөр 80 миң доллар болсо, ага кайсы келесоо үйдү 18 миң долларга сатат? Факт жүзүндө алдамчы А. Байоглиев 4 миң доллар гана берип, 80 миң долларлык үйүмдү рейдерлик жол менен ээлеп алмакчы. Бул дагы салык төлөбөй, мамлекет жана карапайым эл эсебинен мыйзамсыз байыган Байоглиевдин алдамчылыгын жана рейдерлигин тастыктап турат.

КР Жарандык кодексинин 185 бер. ылайык Мыйзамдын талаптарына ылайык келбеген бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм болуп саналат. КР Жарандык кодексинин 187 бер. ылайык. Коомдук жана мамлекеттик таламдарга алдын ала карама-каршылык келтирүү максатында жасалган бүтүм эч нерсеге татыбас бүтүм болуп саналат.

А. Байоглиевдин рейдер-алдамчылыгы биздин үй-бүлөөгө өлүм жана чоң материалдык зыян келтирди. Бирок, укук коргоо органдары ушул күнгө чейин А. Байоглиевдин мыйзамсыз аракеттерине укуктук баа бербей, аны кылмыш жоопкерчилигине тартпай, камабай жатат (КР КЖК 358 бер.). Натыйжада кылмыш жоопкерчилигине тартылбай, камалбай, эркиндикте тайрандап жүргөн А. Байоглиев менин мүлкүмду рейдерлик жол менен ээлеп алмакчы.

А. Байоглиевдин мыйзамсыз аракеттеринде жеке мүлкүмдү рейдерлик жолу менен ээлеп алуу КР КЖК 226 бер. менен, Ишенимине кирип, алдамчылык, башкача айтканда алдоо же ишенимин кыянаттык менен пайдалануу жолу менен өзгөчө ири өлчөмдөгү башка бирөөнүн мүлкүн ээлеп алуу же мүлккө болгон укукка ээ болуу КР КЖК 209 бер. 4 бөл, 1 п. менен, Ишенип берилген мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө ыйгарып алуу же коротуу максатында жеке мүлкүмдү мыйзамсыз ээлеп алганы боюнча КР КЖК 210 бер. 4 бөл. 1 п. менен, Жарандык иш боюнча далилдерди бурмалоосу боюнча КР КЖК 361 бер. 1 бөл. менен, Күнөөлүүгө материалдык же башка жагынан көз каранды болгон адамга карата өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткиргени боюнча КР КЖК 128 бер. 2 бөл. менен, Декларация берүү милдеттүү болуп саналган учурларда кирешелер жөнүндө декларацияны бербөө жолу менен же болбосо бюджетке салыктарды жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү кошуп эсептөө же төлөө менен байланышкан башка документтерге кирешелер же чыгашалар жөнүндө же болбосо салык салынууга тийиш болгон мүлк жөнүндө бурмаланган маалыматтарды билип туруп киргизүү жолу менен бюджетке салык жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качууда, жана бюджетке салыкты жана (же) башка милдеттүү төлөмдөрдү өзгөчө ири өлчөмдө төлөбөөгө алып келсе КР КЖК 242 бер. 2 бөл. Башка адамдын эсебинен менчигине (пайдалануусуна) кылмыш жолу менен алынган жана мыйзамсыз деп таанылган, наркы иштеген акыркы эки жыл үчүн мыйзамдуу булактар менен тастыкталган анын расмий кирешелеринен ашкан мүлктү өзүнө ыйгарып алуусу КР КЖК 340 бер. 1 бөл. менен квалификацияланат жана мыйзамсыз аракеттерин курамында кылмыш белгилери бар.

Жогоркулардын негизинде Сизден суранам:

1. А. Байоглиевди КР КЖК 226 бер., 209 бер. 4 бөл, 1 п., 210 бер. 4 бөл. 1 п., 361 бер. 1 бөл., 128 бер. 2 бөл., 242 бер. 2 бөл., 340 бер. 1 бөл. менен кылмыш жоопкерчилигине тартып, тезинен камап, алдамчы-рейдер Байоглиевден менин жеке мүлкүмдү кайтарып, мага келтирген материалдык жана моралдык зыянды өндүрүп берүүнүздү.

2. Кылмыш ишти тергөөнү Башкы прокуратура жана КР УКМК борбордук аппаратынын тергөөчүлөрүнө тапшыруунузду. Себеби, Ош облусунун жана Кара-Суу районунун укук коргоо органдарына ишенбейм, акча алышып, кылмыш ишти мыйзамсыз жаап жатышат.

3. КР Саламаттык сактоо министрлиги стоматолог А. Байоглиевди кызматтык аттестациядан жана тестирлөөдөн өткөрүп, билим деңгээлин текшерип, лицензиясын жокко чыгаруу боюнча тапшырма берүүнүздү.

4. Рейдерлик менен сот аркылуу башкалардын мүлктөрун дагы ээлеп алган болушу мүмкүн, ошону аныктап, элге келтирген зыянды төлөтүүнү тергөө органдарына тапшырма берүүнүздү.

5. Жеке кабыл алуунузду.

 

Рейдер Байоглиевдин курманы, 86 жаштагы майып                           Х. Турсинова, 05.05.2023 ж.

 

Р.S. Эгерде мен менен, менин үй-бүлөөм менен, менин жеке мүлкүм менен бир нерсе болсо, күнөлүү катары рейдер-алдамчы А. Байоглиевди жана ал менен байланышы бар болушу мүмкүн сотторду эсептөөнүздү суранам.

https://www.youtube.com/watch?v=T9P1-6OctkY





Губернаторы России
Москва

Собянин рассказал о сезонном оформлении городских пространств





Москва

Фестивальный праздник «Музыка моего города» в Улан-Удэ включил в программу спектакль Театра кукол «Ульгэр»: Россия и Культура, Праздник и Дети


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: пейзажи Андрияки отображали красоту России



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Игорь Бутман

Игорь Бутман раскрыл, куда исчезла певица Ирина Отиева




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ПОДГОТОВИТЬСЯ К ЛЕТНЕМУ СЕЗОНУ? ЛЕГКО! ВМЕСТЕ С ПЛАТФОРМОЙ FITSTARS НА УМНЫХ ТЕЛЕВИЗОРАХ LG

Ярославское шоссе стало лидером сезонного спроса на спортивные площадки в коттеджных комплексах

В Москве пройдет заплыв «Кубок Чемпионов» от организаторов Swimcup. В старте, который пройдет в гребном канале «Москва», примут участие более 1000 пловцов


WTA

Азаренко вышла в четвертьфинал турнира WTA-1000 в Риме



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Ange Postecoglou in spectacular touchline bust-up with fan before slamming ‘fragile’ Tottenham after Man City loss



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России