Трикстер Эрлан: күч өлчөгүчтөгү видеом популярдуу болуп кеткенине таң калдым
Апта башында белгилүү делген Menwithhealt Instagram аккаунту кыргызстандык жигиттин күч өлчөгүч аспапта буту менен укмуштуудай соккуларды узатып жаткан видеосун жүктөгөн. Бишкектин чок ортосунда тартылган видео аз убакытта көрүүчүлөрдү топтоп, жылуу пикир жарата алды. Жигитке карата "Онг Бак" тасмасындай", "Жеки Чан го" деген билдирүүлөр көп түшкөн.