Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 24.02.2019

Орусияда оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциялары болду

Azattyk.org 

Москвада жана Орусиянын башка шаарларында оппозициялык саясатчы Борис Немцовду эскерүү акциялары өттү. Маркум 2015-жылы 27-февралда Кремлге жакын жерде киши колдуу болуп өлгөн. Башкалаада акыркы маалыматтарга караганда жөө жүрүшкө 10 миңдей киши катышты. Полиция азырынча өз сандарын айта элек. Акцияны бир катар оппозициялык уюмдар уюштурушкан. Жүрүштө «Орусия эркин болот», «Орусия Путинсиз» деген ураандар жаңырып турду. Ошондой эле саясий туткундарды бошотуу талаптары айтылып жатты. Жүрүштөн... Читать дальше...

Иран суу астындагы кемеден ракета учурду

Azattyk.org 

Иран Хормуз кысыгындагы деңиз аскерлеринин машыгуусу маалында суу астындагы кемеден канаттуу ракета учурду. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. 24-февраль күнкү сыноо Тегеран менен Вашингтон ортосундагы мамилелер курчуп турган кезге туура келүүдө. Буга чейин Иран АКШнын кас аракеттерине жооп кайтарып Перси булуңундагы мунай ташуучу негизги кысыкты тосмолоорун эскерткен. ИРНА агенттиги ирандык кеме канаттуу ракетаны ийгиликтүү учурганын кабарлады, бирок алыстыгы тууралуу айтылган жок. Читать дальше...

Ирандын Чабахар порту аркылуу Ооганстандан Индияга алгачкы жүк жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Ооганстан Ирандын стратегиялык Чабахар порту аркылуу Индияга алгачкы жүк жөнөттү. 2017-жылы ачылган Индия океанындагы порт негизинен Дели тарабынан каржыланып, Ооганстандын Пакистандан көз карандылыгын азайтмакчы. Чабахарды өнүктүрүү индиялык товарларды Ооганстанга жана Борбор Азиянын мунайга бай өлкөлөрүнө ташууну жеңилдетүүнү көздөйт. Ооган президенти Ашраф Гани 24-февралда Зарани шаарындагы салтанатта порт Ооганстандын “жүздөгөн айыл-кыштактарын жана миллиондогон оогандарды” дүйнө менен байланыштыраарын белгиледи. Читать дальше...



Тоо этегинде көк жылгаяк

Azattyk.org 

Кышкысын ар ким алына жараша эс алат. Кимдир бирөө лыжа тепсе, айрымдар чана, баллондордо жылгаяк тээп, кыш мезгилинин акыркы күндөрүн ойдогудай өткөрүп алууга умтулуп жатышат.

Футбол: Турсунали Рустамов "Худжанд" клубу менен келишим түздү

Azattyk.org 

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын жана Бишкектин "Алга" клубунун жарым коргоочусу Турсунали Рустамов Тажикстандын жогорку лигасында ойногон "Худжанд" клубунда карьерасын улантат. Бул тууралуу маалымат Кыргызстандын футбол федерациясынын расмий сайтында жарыяланды. Маалыматка караганда келишим бир жылга түзүлгөн. "Ташкентке Өзбекстандын "Андижан" клубу менен келишим түзүү үчүн баргам. Бирок ал жактан келишимдин шарты боюнча бир пикирге келе алган жокпуз. Ошол учурда Ташкентте... Читать дальше...

Москвада Немцовду эскерген марш өтүүдө

Azattyk.org 

Москванын борборунда оппозициячыл саясатчы, маркум Борис Немцовду эскерүү маршы башталды. Ага он миңден ашуун киши катышууда. Акция тууралуу шаар бийлигине кабар берилген. Катышуучулар Страстной бульварынан Академик Сахаров проспектисине чейин жөө басышат. Маршка байланыштуу шаардын бул бөлүгү жабылган. Иш-чарага ар кайсы саясий партиянын өкүлдөрү, укук коргоочулар, активисттер катышууда. Алардын арасында “Адам укуктары үчүн” кыймылынын башчысы Лев Пономарев, “Тилектештик” кыймылынын лидери Илья Яшин... Читать дальше...

Сууга чөкпөс, титандан бекем металл

Azattyk.org 

Космостогу туңгуч солярдык электростанция 2025-жылы ишке кирет. Титандан да бекем жана сууга чөкпөгөн “металл жыгач”. 28 тонналык дөө электроэкскаватор. Чачыңызды такай шампунь менен жуубасаңыз, жаратылышка ныпа.



Шайбеков: иске ууланган баланын абалы жакшы

Azattyk.org 

Бишкектеги Келечек жаңы конушунда бир туугандары менен иске ууланып, ооруканага түшкөн 1,5 жаштагы баланын абалы жакшы. Бул тууралуу шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбеков “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бала реанимация бөлүмүнөн чыгып, азыр палатага которулду. 11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, андан эки-үч жашар үч бала ууланган. Кырсык учурунда балдардын атасы жумушта болуп, ал эми кош бойлуу энеси бейтапканага кеткен. Читать дальше...

6-кабаттан секирген өспүрүмдүн абалы оор

Azattyk.org 

Бишкек шаарынын Туңгуч кичирайонунда алтынчы кабаттын терезесинен секирген өспүрүм кыздын абалы оор бойдон. Бишкек шаардык балдардын тез жардам ооруканасынын башкы дарыгери Данияр Шайбеков жабыркаган кыз азыр реанимация бөлүмүндө жатканын “Азаттыкка” билдирди. 25-февралда кыз дагы бир жолу текшерүүдөн өтүн, мындан кийинки дарылануусу белгилүү болот. 20-февралда күндүз саат 14:00 чамасында Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнө телефон чалышып, бир кыз өз жанын кыюуга аракет жасап жатканын кабарлашкан. Читать дальше...

Өзбекстан бир туугандын балдарына никелешүүгө тыюу салат

Azattyk.org 

Өзбекстан бир туугандын балдарынын баш кошуусуна тыюу салууну көздөп жатат. Буга байланыштуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги мыйзам долбоорун даярдаганын "Podrobno.uz" сайты жазып чыкты. Буга байланыштуу Үй-бүлө кодексинин 16-беренесине толуктоо киргизилет. Бүгүнкү күндө болочок жубайлардын бири психикалык жактан оорулуу болсо же башка никеси болсо күбөлүк берилбейт. Ошондой эле жакын туугандар, эже-карындаш, ага-ини, асырап алган балдары менен баш кошууга тыюу салынган. Эми бул тизмеге... Читать дальше...

Акыркы 20 жылда Ооганстанда эң көп жайкын тургун каза болду

Azattyk.org 

Ооганстанда 2018-жылы аскердик аракеттерден жана теракттан каза болгондордун саны акыркы 20 жылда катталган согушта каза болгондордон ашты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында айтылат. Өткөн жылы жалпысынан 3800 киши өлүп, 7100 адам жараат алган. Алардын басымдуу бөлүгү “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна же “Талибан” радикал кыймылына тиешеси бар жанкечтилердин жардырууларында мерт болгон. Маалыматка караганда, 2018-жылы Ооганстандын аймагында 65 теракт катталган. 500дөй жаран... Читать дальше...

Өкмөттүн өгөй айылы

Azattyk.org 

Нарын районундагы Жалгыз-Терек айылы өнүгүүдөн артта калгандай. Кулап калган маданият үйү, авариялык абалдагы медпункт жана тар бөлмөлүү балдар бакчасы айылдын башкы маселеси. Мындан тышкары айылда таза суу көйгөйү да курч турат.

Аба ырайы: күн жылуу болот

Azattyk.org 

25-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…6, күндүз +4…+9; Суусамырда түнкүсүн -30…-35, күндүз -11…-16; Таласта түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9; Ош, Баткен жана Жалал-Абадда түнкүсүн 0…-5, күндүз +5…+10; Ысык-Көлдө түнкүсүн -5…-10, күндүз -2…+3; Нарын облусунда түнкүсүн -20…-25, күндүз -7…-12; Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -5…-10 градус суук болот. Читать дальше...

Нью-Йоркто “Венесуэладан колуңду тарт!” аттуу марш өттү

Azattyk.org 

Нью-Йоркто ишемби күнү “Венесуэладан колуңду тарт!” жана “АКШнын Венесуэлага карата агрессиясына каршы!” аттуу марш өттү. Бул тууралуу “Эл аралык кыймыл борбору” (International Action Center, IAC) деп аталган эл аралык уюм билдирди. Аталган уюмду Кошмо Штаттардын мурдагы башкы прокурору Рэмси Кларк 1992-жылы түзгөн жана ал Вашингтондун аскердик интервенциясына каршы пикирин билдирип келет. Акция Уолл-стриттеги "Трамп билдингде" башталып, "Oculus" соода борборунда жыйынтыкталды. Нью-Йорктун полиция... Читать дальше...

Жарандык активист машинасынын талкаланышын бийликтен көрүп жатат

Azattyk.org 

Жарандык активист, соңку кезде мыйзамсыз миграцияга каршы митинг уюштургандардын бири Аманбол Бабакуловдун машинасын белгисиз бирөөлөр талкалап кетишти. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын “Азаттык” радиосуна билидиришинче, Таласта иске ууланып каза болгон эне менен кыздын өлүмүнө байланыштуу пикирин "Фейсбукка" жазган соң ага телефон чалып, эскерткендер болгон. - Түндө алтыларда машинамды эшиктин алдына койгом. Эртең менен чыгайын десем эле арткы айнегин чаап кетиптир. Ичинин баарын жулуп... Читать дальше...

​Молдовада парламенттик шайлоо өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн, 24-февралда молдовалыктар парламент депутаттарын шайлашат. Шайлоого 15 саясий партия жана 320 бир мандаттуу талапкер катышууда. Шайлоочулар төрт жылдык мөөнөткө 101 депутатты шайлашы керек. Парламенттик көпчүлүк келечектеги өкмөттүн курамын аныктайт. Буга чейин өткөрүлгөн социалдык сурамжылоо көрсөткөндөй, парламентке үч партия келиши мүмкүн. Алар: Социалисттик партия (20%), Мая Санду башында турган ACUM оппозициялык блогу (12%) жана олигарх Влад Плахотнюк башында турган Демократиялык партия (9%). Читать дальше...


Музыкальные новости
Диана Арбенина

Диана Арбенина и «Ночные Снайперы» станут хедлайнерами GARAGE FEST Игора Драйв





Rss.plus
Россия

Волга вошла в рейтинг самых живописных рек России




Наблюдатели ждут перемен // В Общественной палате обсудили предложения по совершенствованию системы контроля за ДЭГ

Станислав Кондрашов Telf AG: компания SSAB из Швеции разрабатывает экологически чистый мини-завод в Лулео

Экскурсию в соседний город организовали для пенсионеров из Лобни

Финны одобрили закон о беженцах на границе с Россией




Сауд Арабия биринчи жолу АКШга элчи кылып аялды дайындады

Azattyk.org 

Сауд Арабиянын АКШдагы элчиси болуп биринчи жолу аял киши дайындалды. Эми канбийке Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Сауд эми Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектейт. Аны бул кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка Сауд Арабиянын падышасы кол койду. Сауд Арабиянын АКШдагы буга чейинки элчиси, падышанын улуу баласы Халед бен Салман министр рангында, коопсуздук министринин орун басары болуп дайындалды. Ал АКШда элчи болуп 2017-жылдын апрелинен тартып иштеп жаткан. AFP жазганына караганда... Читать дальше...

Миграцияны азайткан үч жол

Azattyk.org 

Москвадан айылга кеткен сайын «желкемдин чукуру көрсүн» деп артыма үч жолу түкүрүп, жакшылыкка ырымдап кетем.

Кыргызстанда былтыр өрттөн 59 киши каза болгон

Azattyk.org 

Кыргызстанда өткөн жылы 2,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 59 киши каза болгон. Алардын ону балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл январь айында 191 өрт кырсыгы катталып, төрт киши каза болду. Өткөн жылы ушул убакытта тилсиз жоо 54,6 пайызга көп катталып, 421 болгон. Андан 21 киши жашоо менен кош айтышкан. Министрликтин маалыматына караганда, өрт өчүргүчтөр жыл башынан бери 11 адамдын өмүрүн сактап калды. Тилсиз... Читать дальше...

Ишкерлер жеңилдиктерди калыбына келтирүүнү өтүнүштү

Azattyk.org 

Ишкерлер "Бишкек" эркин экономикалык аймактагы жеңилдиктерди калыбына келтирүүнү өтүнүштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасына караштуу Бизнести жана ишкерчиликти өнүктүрүү боюнча кеңештин 23-февралдагы жыйынында айтылды. Америка соода палатасынын жетекчиси Зарина Чекирбаева "Бишкек" эркин экономикалык аймагындагы субьектилер үчүн берилген жеңилдиктердин мөөнөтү 2018-жылдын аягында токтотулганын билдирип, жеңилдиктерди кайра калыбына келтирүү керектигин кошумчалады. “Салыктардын көлөмү көбөйгөндүктөн... Читать дальше...

Индияда алкоголдук ичимдикке ууланып өлгөндөрдүн саны 133кө жетти

Azattyk.org 

Индиянын Ассам штатында сапатсыз алкоголдук ичимдиктен ууланып өлгөндөрдүн саны 133кө жетти. Ондогон адамдар ооруканада дарыланууда. Бул тууралуу жергиликтүү полицияга шилтеме кылып "The Quint" басылмасы жазды. Жабыркагандардын бардыгы чай плантациясынын жумушчулары. Алар колго, көмүскө жасалган ликёрдон ууланган. Штаттын бийлиги ликёр жасоого колдонулган ингредиентке тыюу салды. Февралдын башында Индиянын түндүгүндө Уттар-Прадеш жана Уттаракханд штаттарында сапатсыз спирт ичимдигине ууланган 110 киши каза болгон. Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» помогает Государственной Думе РФ оптимизировать налоговую сферу. «СВЯТОЙ кибер ЛЕНИН» удаляет налоги: перезагрузка.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Баста

Племя Гунны: рэпер из США в меланхолии, наш Баста — в музлитературе




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Полезные приложения для поклонников спортивной ходьбы

Искусство продвинутого анализа в спортивном прогнозировании

Никакой магии! В спортивном прогнозировании не бывает безусловных выигрышных стратегий


Новак Джокович

Новак Джокович низко оценил свою готовность к «Ролан Гаррос» и Олимпиаде-2024



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

«Биржа грузоперевозок ATI.SU» запустила сервис «Выгодные направления»



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России