Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2019

Новости за 11.02.2019

Өзбекстанда Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы иштен кетти

Azattyk.org 

Бир катар өзбек маалымат каражаттары Мамлекеттик коопсуздук кызматынын төрагасы Ихтиёр Абдуллаев 11-февралда иштен кеткенин жазып чыгышты. Коңшу өлкөнүн башкы чекисти ээлеген кызматынан ден соолугуна байланыштуу кеткени кабарланды.    Gazeta.uz интернет басылмасынын маалыматына караганда, 52 жаштагы Абдуллаев акыркы жылдары омурткасына эки татаал, ошондой эле көзүнө да операция жасатканын жазды. Мамлекеттик коопсуздук кызматынын башчысы болуп өлкөнүн мурдагы коргоо министри, генерал-лейтенант, 59 жаштагы Абдусалом Азизов дайындалды. Читать дальше...

Украинада облкеңештин башчысы активисттин өлүмүнө шектүү деп табылды

Azattyk.org 

Украинанын Херсон облусунун жергиликтүү кеңешинин төрагасы Владислав Мангер активист Катерина Гандзюктун өлүмүнө шектүү деп табылды. Бул тууралуу өлкөнүн баш прокурору Юрий Луценко билдирди. Айыптоодо «Гандзюктун токойлордун мыйзамсыз кыйылышына каршы ишмердигинен улам, активист менен пикири келишкен эмес", андыктан Мангер "киши өлтүрүүнү уюштурган" деп айтылат. Мунун алдында "Батькивщина" партиясы Мангерди өз катарынан чыгарган. Активисттин атасы облустук кеңештин төрагасы анын кызын өлтүргөндөр менен байланышта болгонун билдирген. Читать дальше...

Болгар бийлиги британ элчиси менен Гребевдин ишин талкуулады

Azattyk.org 

Софиядагы Британиянын элчиси Эмма Хопкинс Болгариянын бийлик жетекчилери менен ишкер Емельян Гебревдин ууландырылышын талкуулады. Ишкерди уулантууга «Скрипалдардын ишине» аралашкан деп шектелген дагы бир орус жараны аралашкан болушу мүмкүн.          «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматы билдиргендей, британ элчиси менен жолугушууга Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов, өлкөнүн башкы прокурору Мотир Цацаров жана ички иштер министри Младен Маринов катышты.    Элчи Хопкинс жолугушуунун... Читать дальше...



Кытай казагы дүйнө коомчулугунан жардам сурады

Azattyk.org 

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана эл аралык коомчулукка кайрылып, өзүн Кытайга кайтарбоону өтүнгөн шинжаңдык казак Галымбек Шагыман Таиландда экени кабарланууда.

Футбол чемпиондорун чыгарган айыл

Azattyk.org 

Жаш-карысы топ тепкен Баткендин Кара-Дөбө айылынан чыккан чемпиондор таржымалы. Мамлекеттин жүгүн көтөргөн тубаса көзү азиз Гүлназ Жүзбаеванын коомду шыктанткан жаратмандыгы.

АКШнын элчилиги кытайлык казактын тагдырына кооптонуусун билдирди

Azattyk.org 

Бээжиндеги АКШ элчилигинин өкүлү дүйшөмбүдө "Associated Press" агенттигине билдиргендй, элчилик Галымбек Шагымандын ишине байланыштуу Улуттар Уюмунун Качкындар комиссариаты жана башка "тиешелүү өкмөттөр” менен менен тыгыз байланышта болуп турат. Элчиликтин өкүлү "Associated Press" агенттигине “биз үчүнчү өлкөгө БУУнун Качкындар комиссариатынын жана башка эл аралык уюмдардын кызматкерлеринин бул адамга жолугуусуна мүмкүнчүлүк берүүгө үндөйбүз. Алар анын башкалка сураган арызын талкуулап, көмөк көрсөтүшөт” – деп айтты. Читать дальше...

Ташкент аэропортунда кармалган кытайлык казак Баңкокко жиберилди

Azattyk.org 

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, кытайлык казак Галымбек Шагыман Ташкент эл аралык аэропортуна келип, бирок транзиттик зонадан өтө албай, 9-февралда Баңкокко учуп кеткен. Мекеме билдиргендей, Шагыман буга чейин Ташкент аркылуу Алматыга учкан. Кытайлык казак өткөн аптада Ташкент аэропортунан Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевге жана эл аралык коомчулукка Интернет аркылуу видео кайрылуу жиберип, аны Кытайга кайтарбоону суранган. Ал жакта өлүм жазасына тартылышы мүмкүн экенин айткан. Читать дальше...



Астана: Беш кыздын өмүрүн кыйган өрттүн себеби аныкталды

Azattyk.org 

Казакстандын Өзгөчө кырдаалдар боюнча комитети Астанадагы беш кыздын өмүрүн кыйган өрттүн себебин аныктады. Мекеменин өкүлү Жасулан Актаев: "Үйдүн шыбы мордон чыккан ысыктан тосулган эмес. Мешти жакканда, мор ысып өрт чыккан. Үйдүн чатыры күйүп, анан кулап түшкөн», - деп билдирди. 4-февралга караган түнү Астананын кичи райондорунун биринде жеке менчик үйдөн чыккан өрттөн бир үй-бүлөнүн беш кызы каза болгон. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү өрт учурунда кыздардын ата-энеси иште болгонун маалымдашкан. Читать дальше...

Түркия Кытайдагы уйгурларды коргоду

Azattyk.org 

Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат. Түркия Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын таламын талашып, Кытайды айыптады. Москвада кыргызстандык мигрант келиндин тагдырын чагылдырган «Айка» кинотасмасынын бет ачаары өттү.

“Коопсуз шаарга” кадам ташталды

Azattyk.org 

“Коопсуз шаар” долбоору 12-февралда иштей баштайт. Аталган долбоордун биринчи баскычында Бишкектин негизги көчөлөрүнүн 10 кесилишине камералар орнотулду. Андан тышкары жол эрежесин бузууларды аныктоочу жылып жүргөн радарлар кызматка киришет. “Коопсуз шаар” долбоору кантип иштейт, камералар кандай жол эрежелерин бузууну каттайт, айыппулдар автоунаа ээлерине кантип жеткирилет жана бул долбоор боюнча айдоочулардын кабарбы?

Бээжин Анкаранын уйгурларды колдогон билдирүүсүнө жооп берди

Azattyk.org 

Расмий Бээжин Шинжаңдагы мусулман азчылыктарынын абалы боюнча Түркиянын билдирүүсүнө жооп кайтарды. Кытайдын тышкы иштер мекемеси түрк тышкы иштер министрлигинин басма сөз өкүлү Хами Аксойдун айткандарын "калпка негизделген айыптоо" деп мүнөздөдү.  Аксой ишемби күнү жарыялаган билдирүүсүндө Түркия Шинжаңдагы уйгурларга жана башка мусулмандарга кылган мамилеси үчүн Кытайды айыптап, муну "бүткүл адамзатты уяткарган" иш-аракет катары сыпаттай тургандыгы белгиленген.  Билдирүүдө "Кытай өзүм билемдик... Читать дальше...

"Ак шоола" сериалы сынга кабылды

Azattyk.org 

Былтыр күзүндө Кыргызстандын башкы телеканалы тартып, коомчулукка көргөзгөн “Ак шоола” тасмасы укук коргоочулардын сынына кабылууда. Анда күйөөсү ала качып алган келин жакындары ынандыргандан кийин тагдырына моюн сунуп жашап калат.

Иран ыңкылабынын 40 жылдыгы

Azattyk.org 

Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат. Карга карабастан Тегеранда жана башка шаарларда өкмөт уюштурган демонстрацияларга жүз миңдеген киши катышты.

Бурулайдын өлүмүнө байланыштуу сот 15-февралга жылдырылды

Azattyk.org 

Чүйдүн Аламүдүн райондук сотунда каралып жаткан Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча 11-февралга белгиленген процесс күбөлөрдүн келбей калганына байланыштуу 15-февралга жылдырылды. Бул тууралуу Бурулайдын атасы Турдаалы Кожоналиев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтуусунда, сотто Бурулайдын өлүмү боюнча Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлеринин иши каралып жаткан.  Буга чейин беш милиция кызматкерине Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренеси ("Шалаакылык") менен кылмыш иши козголгон. Алардын төртөө күнөөсүн жарым-жартылай моюнга алып... Читать дальше...

Окуучуну жулкулдаткан мугалим сөгүш алды

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Сузак районундагы Карамарт айылындагы орто мектептин физика жана математика сабактарынан берген 77 жаштагы мугалими 6-класстын окуучусуна кол көтөргөндүгү үчүн сөгүш алды. Бул тууралуу мектеп директору Жумакүл Абданбаева “Азаттыкка” маалымдады. Мектеп директорунун айтымында окуя 21-январь күнү болгон. Окуучу тентек кылганына байланыштуу мугалим аны жакалап сыртка алып чыккан. Учурда мугалимге окуучуларга кол көтөрбөө боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. 77 жаштагы агай - мектепте физика менен математикадан берген жалгыз мугалим.

Кыргызстандын экономикалык эркиндиги бир тепкичке начарлаган

Azattyk.org 

"The Heritage Foundation" уюму "Index of Economic Freedom 2019" - дүйнөдөгү экономикалык эркиндиктин жылдык рейтингин жарыялады.  Ага 180 өлкө кирип, Кыргызстан 79-орунду ээледи. Былтыр ал 78-орунда болчу. Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Казакстан 59-орунду ээлеп, Кыргызстан менен кошо экономикасы дээрлик эркин өлкөлөрдүн катарына кирген. Тажикстан 122-орунда, Өзбекстан 140-орунда. Булар экономикасы эркин эмес өлкөлөрдүн катарында деп бааланган. Ал эми Түркмөнстан 164-орунда "экономикасы репрессивдүү" өлкөлөргө киргизилген. Читать дальше...


Музыкальные новости
Анастасия Волочкова

Жена бывшего супруга Волочковой выписалась из роддома и рассекретила имя сына





Rss.plus
Александр Бастрыкин

Бастрыкин поручил возбудить уголовное дело об избиении 84-летней блокадницы




Синоптики пообещали москвичам отсутствие осадков и до +15 градусов во вторник

Baza: Поезд сошел с рельсов в Волгоградской области из-за атаки дрона

В Москве исполнят футуристическую оперу 1913 года с новонайденными эпизодами

Суд приговорил Бишимбаева к 24 годам тюрьмы по делу об убийстве супруги




Пентагондун башчысы Ооганстанга келди

Azattyk.org 

АКШнын коргоо министринин милдетин аткаруучу Патрик Шанахан Ооганстанга алдын-ала кабарланбаган сапар менен келди. Анын бул келиши Вашингтон талибдерге өкмөт менен тынчтык сүйлөшүүлөрүнө баруу боюнча басым кылып жаткан учурда болуп жатат.

Иран Ислам революциясынын 40 жылдыгын белгилеп жатат

Azattyk.org 

Тегеранда жана башка шаарларда өкмөт уюштурган демонстрацияларга кар жаап атканына карабай жүз миңдеген киши катышты. Баш калаанын "Азади" аянтында өткөн иш-чарада президент Хасан Роухани сөз сүйлөп, революциялык жана улутчул ырлар жаңырып турду. Бул жолку майрам АКШ менен алака чыңалып, Вашингтон Иранга экономикалык санкциясын кайра киргизген маалда өтүп жатат. Ошондон кийин Европадагы бир катар компаниялар Ирандагы ишин токтоткон болчу. Президент он миңдеген кишиге кайрылуусунда АКШ Иранга каршы “кутум” уюштурганын айыптады. Читать дальше...

Депутат Спорт сарайын сатууну сунуш кылды

Azattyk.org 

Парламент депутаты Кубанычбек Нурматов Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайын сатууну сунуш кылууда. Анын жүйөсү боюнча спорт сарайынын эскилиги жетип, ар кандай иш-чара өткөрүүгө шарты туура келбей калды. Депутаттын айтымында, борбордук футбол стадионунун ордуна жаңы спорт сарайы салынышы керек. Ал эми футболдук стадионду шаардын чекесине чыгарган оң.  - Азыр спорт сарайында ыр кече, спорттук иш-чара, жармаңке аралашып эле өтүп жатат. Жаңы спорт сарайын салып, азыркысын сатып же башка имарат кылыш керек, - деди ал. Читать дальше...

Жол кырсыгынан журналист каза тапты

Azattyk.org 

Бир катар маалымат каражаттарында иштеп келген журналист Жайнагүл Тазабекова 10-февралда жол кырсыгына кабылып каза болду. Анын жакындарынан алынган маалымат боюнча, түнкү саат эки чамасында журналист үй-бүлөсү менен түшкөн автоунаа Ак-Өргөө жаңы конушундагы Ахунбаев менен Кырк кыз көчөлөрүнүн кесилишинде мамыны сүзүп, натыйжада 28 жаштагы келин алган жаратынан ооруканага жетпей көз жумган. Өмүрлүк жолдошу менен алты айлык баласынын абалы канааттандырарлык деп айтылууда.  Жайнагүл Тазабекованын артында алты айлык кызы калды. Читать дальше...

Башкырстанда абанын булганышы 23 эсе чектен ашты

Azattyk.org 

Башкырстандын Сибай шаарында абадагы күкүрттүн кош кычкылынын деңгээли белгиленген нормадан 23 эсе ашты. Бул шаарга чукул жерде кен байыткан карьер күйүп жатат.  Тургундар булганыч аба менен дем алып, өздөрүн жаман сезип жатканын жазышууда. Сибай шаарынын башчысы Рустем Афзалов «аба өтө булганган» жерде жашагандарга убактылуу Башкыр мамлекеттик университетинин жатаканасына барып турууну сунуш кылды. Шаардын үстүн уюган зыяндуу газ былтыр ноябрь айынан бери каптап турат. «ВКонтакте» социалдык тармагында «Сибай,  дем ал» деген топ түзүлгөн. Читать дальше...



Москва

Патриотическую акцию «Синий платочек» провели в Нижнем Новгороде в день прибытия «Поезда Победы»


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин сообщил о планах создания отечественной платформы электромобиля



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Shaman

Shaman встретился с подростком, который заработал на его концерт мытьем машин




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Пензенские регбистки выиграли первенство России

Турнир по бильярдному спорту «Кубок Мэра Москвы» продлится до 18 мая в столице

Собянин рассказал о ходе строительства Троицкой линии метро


Новак Джокович

Открытый чемпионат Италии: Новак Джокович получил сильный удар после выхода в третий раунд после Корантена Муте | Теннисные новости



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Comedy Club

«Ждёт нового Мартиросяна». Гарик Мартиросян прокомментировал беременность Анны Хилькевич в Comedy Club на ТНТ



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России