Кыргызстандык эки балбан Ирандагы эл аралык мелдеште чемпион болду
Спортчулар эркин күрөш боюнча күч сынашып эки алтын, бир коло медалга жетишти.
Спортчулар эркин күрөш боюнча күч сынашып эки алтын, бир коло медалга жетишти.
Британ соту Молдованын мурдагы премьер-министри Владимир Филаттын уулунун 650 миң долларын конфискациялады. 22 жаштагы Лука Филат Батыш Лондондон кымбат баа үйдүн (пентхаус) ижарасына алдын ала төлөгөн 500 миң долларынын мыйзамдуу табылганын далилдей алган эмес. Экс-премьердин уулу ири суммага асем буюм-мүлктөрдү, анын ичинде 259 миң долларга Бентли автоунаасын сатып алгандан кийин жергиликтүү бийликтин көзүнө илинген. Британиянын кылмыштуулукка каршы күрөшкөн улуттук агенттиги (NCA) 2018-жылы майда иликтөө баштап... Читать дальше...
Ак үй бейшембиде Аялдарды өнүктүрүү үчүн глобалдык демилге башталганын билдирди. Бул долбоорду Кошмо Штаттардын президентинин кызы жана кеңешчиси Иванка Трамп жетектейт. Максаты буга чейинки программаларды координациялоо жана жаңы демилгелерди ишке салып, өнүгүп келаткан өлкөлөрдөгү аялдарга жумуш табуу, каржылык гранттарды берүү жана укуктук реформаларды жүргүзүүдө көмөктөшүү. - 2025-жылга чейин ушул демилгенин алкагында 50 миллион, балким андан көп аялга кол сунсак деп турабыз. - деди президент... Читать дальше...
Жогорку Кеңештеги депутат айымдар жакында асылууга, тийишүүгө жана ыдык көрсөтүүгө тузак сала турган мыйзам даярдоо чечимине келишти. Ал мыйзам кандай болот? Ыдык көрсөтүү деген өзү эмне, кыргыз коому ыдык көрсөтүүнү тааныйбы же аны кадимки мамиледен кантип ажыратабыз? "Азаттык +" бүгүн ушул маселени талкуулады.
2018-жылы Орусияга иштегени жөнөгөн тажикстандыктар андан мурдагы жылга салыштырмалуу 1% азайды. Бул тууралуу Тажикстандын эмгек, миграция жана жумуштуулук министри Эмин Сангинзода билдирди. Ал эми акыркы беш жылда жумуш издеп чет өлкөгө жөнөгөндөр 39,5% азайган. - 2018-жылы миграциялык карточканын негизинде 484 миң 176 эмгек мигранты чет өлкөгө чыккан. Алардын 86,7% эркектер, - деди министр. Четке жөнөгөндөрдүн дээрлик баары Орусияга барышкан. Орус бийлигинин маалыматына караганда, азыр анын аймагында 15 млн. Читать дальше...
Казакстанда абанын температурасы -40 градустан төмөндөп, баш калаа Астана баштаган бир катар региондордо мектептер жабылды. Франция Италиядагы элчисин чакыртып алды. Дүйнөдөгү эң бай адамдардын бири, “Амазон” компаниясынын кожоюну, миллиардер Жефф Безос америкалык National Enquirer басылмасынын опузалоосуна жана коркутуп-үркүтүүсүнө кабылганын жазып чыкты.
8-январда Актөбө, Алматы жана Кызылордо шаарларында ондогон адамдар социалдык маселелерин чечүүнү бийликтен талап кылышты. - "Ар бир балага айына 20 миң теңгеден жөлөкпул төлөнсүн. Башталгыч класста окуган балдар акысыз тамак жана коомдук транспорт менен камсыз болсун. Үч жана андан көп баласы барларга башпаанек берилсин. Кирешеси аз үй-бүлөлөрдүн алган насыялары кечирилсин. Эмгек жана социалдык коргоо министри Мадина Абылкасымова кызматтан кетсин" деген талаптарды койдук, - деди Актөбөнүн мэриясындагы... Читать дальше...
Оштогу "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясынын кызматкерлери соңку бир апта ичинде Алай районунда миңден ашык тургунду текшерип, дарылап келишти. Бул тууралуу “Азаттыкка” уюмдун жетекчиси Максатбек Жумабаев билдирди. Алар барган жерлеринде 20дай медициналык адистик боюнча бейтаптарды көрүп, кеңеш беришти. Оор абалдагыларды ооруканаларга алып келип дарылашты. Көз каранды эмес "Дени сак эл" дарыгерлер ассоциациясы 2017-жылдын март айында түзүлгөн. Уюмга Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы ооруканаларда иштеген дарыгерлер кирет. Читать дальше...
Франция менен Италиянын ортосунда элчини чакыртып алган мындай окуя Экинчи Дүйнөлүк согуштан бери биринчи жолу болуп отурат.
Кыргызстандын экс-депутаты Дамирбек Асылбек уулу баштаган он эки адамдын ишин Казакстандын Алматы шаарынын адистештирилген район аралык соту 2018-жылдын 19-октябрынан бери карап жатат. Соттун 6-февралдагы отурумунда адвокаттардын өтүнүчү боюнча видео жана аудио тасмалар көрсөтүлдү жана угузулду. Көрсөтүлгөн тасмалар кылмышка шектүүлөрдү кармоо жараянында жашыруун жаздырылып алынган жана аларды тергөө башкы далил деп эсептеген.
Бишкекте 8-февралда Жазык-аткаруу кодексиндеги, Кылмыш-жаза кодексиндеги жана Жазык–процессуалдык кодексиндеги кемчиликтерди жоюу боюнча ага өзгөртүүлөрдү киргизүүнү талкуулаган тегерек үстөл өттү. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты кабарлады. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков анда, күн мурун Жогорку Кеңеште биринчи окуудан өткөн бул кодекстерге өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоорун толуктап иштеп чыгуу зарыл экенин билдирди. Ал депутаттардан бир катар сунуштар келип түшкөнүн белгиледи. ... Читать дальше...
“Идея жана аракет” жоопкерчилиги чектелген коомунун алдында ИДАР медиа борбору иш баштады. Бул тууралуу “Азаттыкка” коомдун жетекчиси Тургунбай Алдакулов билдирди. - Медиа борбордо үч багытта иш жүрөт: журналисттик иликтөө, медиа мектеп жана коомчулук менен кызматташуу. Учурда Ош шаарындагы жогорку окуу жайларынын студенттеринин арасында стипендия үчүн конкурс жарыяладык. Ошондой эле гезит чыгаруу, социалдык баракчаларды ачуу иштери кызуу жүрүп жатат, - деди Тургунбай Алдакулов. Уюштуруучулардын айтымында... Читать дальше...
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевге карата кылмыш иши козголду. Ал УКМКнын 9-кызматын жетектеп турганда кызматтык батирлерди бөлүштүрүүдө мыйзамсыз иштерге барган деп шек саналууда.
Украинанын мурдагы президенти Виктор Януковичке Орусиянын президенти Владимир Путиндин чечими менен мамлекеттик күзөтчүлөр берилди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди. Ошол эле учурда ал Янукович эч кандай юридикалык статуска ээ эмес экенин да тактады. Мурдагы украин президенти азыр Орусиянын аймагында жашайт. Быйыл январда Киевдеги сот Януковичти "мамлекетке чыккынчылык кылды, агрессивдүү согушка көмөкчү болду" деп айыптап, 13 жылга сыртынан кескен. Орусиянын Башкы... Читать дальше...
Казакстандын Сайрам районунун Карабулак айылындагы мал базардын ээсине кылмыш иши козголду. Түркстан облустук полициясы анын базарында күрөң аюуну торго салып келип сатышканы белгилүү болгонун кабарлады. Облустук токой чарба жана жаныбарлар дүйнөсү инспекциясынын бөлүм башчысы Бакыт Мусалиев аюу Орусиядан кармалып келгенин билдирди. - Эки жашар, колго үйрөтүлгөн аюу экен. Базардын ээси аны сатыкка чыгарган. Полиция аюуну убактылуу зоопаркка жеткирди, – деди Мусалиев “Азаттыктын” казак кызматына. Читать дальше...
Жогорку сот "Элдик парламент" деп аталган коомдук кыймылдын лидери Бекболот Талгарбековду коюлган Кылмыш-жаза кодексинин 295-беренеси (“Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу”) боюнча актады. Бул тууралуу “Азаттыкка” анын адвокаты Тимур Жанаев билдирди. Анын айтымында, сот мындай чечимин кылмыштын курамы жок болгону менен негиздеди. Соттолуучуга карата коюлган экинчи, 299-берене (Улуттук, расалык, диний же аймак аралык кастыкты козутуу”) боюнча жаза ошол бойдон калды. Читать дальше...
Бишкек шаардык соту активист Аманбол Бабакуловго айыппул салуу боюнча Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бабакулов өзү кабарлады. Сот анын чечими боюнча жогорку инстанцияга кайрылышына да бөгөт койду. Бабакулов бул чечим менен макул эмес экенин, бирок айыпты аргасыз төлөй турганын айтты. Аманкул Бабакулов 17-январда Бишкек шаарында Кыргызстанда мыйзамсыз жүргөн кытайлык жарандарды өлкөдөн кетирүү талабы менен өткөн митинг учурунда кармалган. Бир сыйра сурактан кийин кайра бошотулган. Читать дальше...
Орусияда сот кыргызстандык Чыңгыз Анарбек уулунун жаза мөөнөтүн кыскартты. "Азаттыктын" кабарчысы анын өзү менен байланышып, ал-абалы тууралуу суроо узатты.
"Бийлик сырлары" берүүсүндө журналист Бермет Букашева Айгүл Текебаева менен маектешти.
Таиланддын падышасынын эжеси, 67 жаштагы Убол Ратан мартта өтө турган шайлоодо премьер-министрликке ат салышарын жарыялады. Муну менен ал "падышалык үй-бүлө өлкө саясатына кийлигишпеши керек" деген көп жылдардан берки салтты бузууда. Каныке мурдагы өкмөт башчы Таксин Чиннаватты колдогон партиядан көрсөтүлөрү маалым болду. Чиннават 2006-жылы бийликтен куулуп, Монтенегродон (Черногория) башпаанек алган. 24-мартка белгиленген шайлоодо кийинки нөөмөт үчүн азыркы өкмөт башчы Прают Чан-Оча да чыгат. Читать дальше...
Кыргызстандын аймагында 9-февралда жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок жана тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй жана Талас өрөөндөрүндө түнкүсүн -7…-12, күндүз 1…6, Жалал-Абад, Баткен, Ош облустарында түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -7...-12, күндүз -2…-7, Нарын аймагында түнкүсүн -18…-23, күндүз -3…-8, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -13…-18 градус болот. 9-февралда Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Читать дальше...
Мурдагы ички иштер министри Мелис Турганбаев Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын (ЖАМК) төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн аппараты билдирди. Турганбаев 2014-жылдан 2016-жылга чейин ички иштер министри болуп иштеген. Ал иштен өзү арыз жазып кеткенин айтып, кызматтан алынышында эч кандай саясат жок экенин белгилеген эле. 2016-жылы Мелис Турганбаевдин ордуна ички иштер министри болуп Кашкар Жунушалиев дайындалган. (ErN)
Орусиянын мурдагы тыңчысы Сергей Скрипаль менен анын кызын ууландырууга аралашкан деп болжолдонгон үчүнчү адам "Новичок" менен мурда башка бирөөнү да ууландырууга катышканы кабарланууда. Британ маалымат каражаттары атайын кызматтагы булактарына таянып, 7-февралда Солсберидеги ууландырууга үчүнчү адам аралашканын, аты-жөнү Сергей Федотов экенин жазып чыгышкан. Ал 2015-жылдын жазында болгар ишкери Емельян Гебревди "Новичок" менен ууландырууга тиешелүү экени кабарланууда. Гебревдин компаниясы Украинага курал жеткирип турган. Читать дальше...
Кыргыз улуттук жазуучулар союзунун төрагасы болуп келген Кыргыз эл акыны Акбар Рыскулов мөөнөтү бүткөнүнө байланыштуу өзүнүн кызмат орунун өткөрүп берип, ордуна Нурлан Калыбеков шайланды. Жыйында төрагалык орунга жазуучулар тарабынан төрт талапкер көрсөтүлдү. Алардын экөө өз талапкерлигин алып, таймаш эки талапкердин ортосунда өттү. Анын бири Кыргыз маданиянтына эмгек сиңирген ишмер, буга чейин Жазуучулар төрагасынын орун басары болуп келген Тынчтыкбек Нурмамбетов, экинчиси Жаштар сыйлыгынын лауреаты, акын Нурлан Калыбеков болду. Читать дальше...
Мурдагы саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 322-беренеси (“Билип туруп жасалма келишим түзүү”) боюнча жасалган кылмыштарга шектүү экендиги жөнүндө билдирме берилди. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирди. Мекеме ырастагандай, Батыралиев 2014-2018-жылдар аралыгында аталган министрликти жетектеп туруп, өзүнүн кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланган деп шек саналууда. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости