Британияда Молдованын экс-премьеринин уулунун акчасы конфискацияланды
Британ соту Молдованын мурдагы премьер-министри Владимир Филаттын уулунун 650 миң долларын конфискациялады.
22 жаштагы Лука Филат Батыш Лондондон кымбат баа үйдүн (пентхаус) ижарасына алдын ала төлөгөн 500 миң долларынын мыйзамдуу табылганын далилдей алган эмес.
Экс-премьердин уулу ири суммага асем буюм-мүлктөрдү, анын ичинде 259 миң долларга Бентли автоунаасын сатып алгандан кийин жергиликтүү бийликтин көзүнө илинген.
Британиянын кылмыштуулукка каршы күрөшкөн улуттук агенттиги (NCA) 2018-жылы майда иликтөө баштап, студенттин эсептерин убактылуу камакка алган. Аталган агенттиктин 7-февралдагы билдирүүсүндө Лука Филат байлыгын «атасынын мыйзамсыз ишмердигинен улам тапкан» делет.
Владимир Филат 2016-жылы камакка алынып, 9 жылга кесилген. Ага премьер кезинде молдовалык банктардан 1 млрд доллардын жоголушу себеп болгон. Ошол эле жылы уулу Лука окуу үчүн Британияга чыгып кеткен.
Өткөн жылдын башында Британияда антикоррупциялык жаңы мыйзам күчүнө кирген. Ал падышалыкта жашаган чет өлкөлүктөр кирешесин кантип тапканын текшерүүгө жол ачат. Биринчи болуп бул мыйзамдын кылтагына азербайжандык банкирдин аялы Замира Хажиева илинди. Ал он жылда бир эле дүкөндөн 21 миллион доллар короткону аныкталган.
Коррупцияга каршы күрөшкөн Британиядагы уюм - «Глобал Уитнесс» иликтөөчүлөр тобу жаңы чараны Британиядан баш калка тапкан мурдагы кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев жашайт делген хансарайды иликтөө үчүн колдонсо болорун билдирип келет.