Болгар бийлиги британ элчиси менен Гребевдин ишин талкуулады
Софиядагы Британиянын элчиси Эмма Хопкинс Болгариянын бийлик жетекчилери менен ишкер Емельян Гебревдин ууландырылышын талкуулады. Ишкерди уулантууга «Скрипалдардын ишине» аралашкан деп шектелген дагы бир орус жараны аралашкан болушу мүмкүн.
«Эркин Европа/Азаттык» радиосунун болгар кызматы билдиргендей, британ элчиси менен жолугушууга Болгариянын премьер-министри Бойко Борисов, өлкөнүн башкы прокурору Мотир Цацаров жана ички иштер министри Младен Маринов катышты.
Элчи Хопкинс жолугушуунун соңунда Британия бир нече айдан бери Гебревдин ууландырылышы боюнча Болгариянын атайын мекемелери менен кызматташып жатканын айтты.
Бул маалыматты башкы прокурор Цацаров дагы ырастап, британдарда иштин бардык материалдары бардыгын кошумчалады. Анын айтымында, Гебревдин үйүн иликтей баштаганда анын кофесинен жана тамак-ашынан зыяндуу курт-кумурскаларды жок кылууга колдонулган хлорпирифос заты аныкталган.
Мурдарак Гебревдин анализдеринен “Новичок” тобуна кирген уулуу заттын калдыгы табылганы кабарланган.
Болгар ишкери Емельян Гебрев 2015-жылы ууландырылган. Анын компаниясы Украинага курал-жарак жеткирүү менен алектенген. Өткөн аптада "Bellingcat" иликтөө тобу ишкерди уулантууга орусиялык жарандын тиешеси болушу мүмкүн экенин "Insider" басылмасына билдирген. Журналисттер шектүү делген киши Орусиянын аскердик чалгын кызматынын офицери Сергей Федотов экенин жазып чыгышкан.
Мурдараак орус маалымат каражаттары Федотов Боширов жана Петров менен бир учурда 2014-жылы Прагага, Скрипалдар ууландырылган учурда Британияга барганын жазышкан.
Былтыр мартта мурдагы орус тыңчысы Скрипаль кызы Юлия экөө Британиянын Солсбери шаарында ууландырылып, оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлер өмүрүн сактап калган соң алар бир нече айдан кийин ооруканадан чыгышкан.
Бул адегенде Москва менен Лондондун, андан соң Москва менен Батыш өлкөлөрүнүн ортосунда чоң дипломатиялык жаңжалга себеп болгон.