Шамалды-Сайдагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук толук берилбей жатат
Таш-Көмүр шаарына караштуу Шамалды-Сай шаарчасындагы көп кабаттуу үйлөргө жылуулук толук берилбей жатат. Бул тууралуу шаарчадагы №4, 6 көп кабаттуу үйдүн тургундары “Азаттыкка” билдиришти.
Алар муну айынан батирлерде кошумча электр тогу менен иштеген мештерди колдонууга аргасыз болуп жатышканын, карылары менен жаш балдары бар үй-бүлөлөргө оор болуп жатканын айтышты. Жергиликтүү тургундар от казандарга жагылуучу көмүр башкаларга сатылып жатат деген күмөн санашууда.
Таш-Көмүр шаардык жылуулук менен камсыздоо ишканасынын директору Нурлан Атабаев жылуулук бардык көп кабаттуу үйлөргө жеткирилип жатканын айтып, эски үйлөрдү жылытууда маселе бар экенин кошумчалады. Анын айтуусунда, сыртка ташылып жаткан көмүр боюнча текшерүү болуп, такталган эмес.
Таш-Көмүр шаарында бир да көп кабаттуу үй борбордук жылуулук системасына туташтырылган эмес. Анткени кезегинде мекеме толук иштебегендиктен жашоочулар андан бөлүнүп алышкан. Шамалды-Сай шаарчасында болсо 17 көп кабаттуу үй, 36 эки батирлүү коттеж жана эки бала бакча борбордук жылуулук системасына туташтырылган. Учурда шаарда жылуулук үчүн карыз 7,5 млн. сомдон ашат. (RsK)