Аба ырайы: Көпчүлүк аймактарда кар жаайт
19-февралда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында жаан, тоолуу райондорунда кар, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -2…-7, күндүз 2…7;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -20…-25, күндүз -6…-11;
Таласта түнкүсүн -3…-8, күндүз 2…7;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -4…+1, күндүз 3…8;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз 0…5;
Нарында түнкүсүн -14…-19, күндүз -4…-9;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -6…-11 градус суук болот.
19-февралда Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен кар жаайт, күндүз жаан-чачын болбойт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -2…-4°, күндүз 4…6° жылуу болот.