Орусияда оору жугузган курсанттарга операция жасалат
Орусиянын Ульяновск шаарындагы Суворов атындагы аскердик-кесиптик окуу жайынын эхинококкоз дартын жуктуруп алган курсанттарын операцияга даярдап жатышат. Бул тууралуу “Азаттык” радиосунун орус кызматына жабыркагандардын ата-энелери маалымдашты. Алардын айтымында, оору жуктуруп алган балдардын саны 50дөн ашат. Ал эми Коргоо министрлиги аларды 26 киши деп ырастап жатат.
Бул окуу жайынын курсанттары эхинококкоз илдетин жуктуруп алганы январь айынын соңунда медициналык кароодо аныкталган. Өспүрүмдөрдүн боорунда, көк боорунда, өпкөсүндө эт өсүп кеткен. Ата-энелеринин сөзүнө караганда, алардын айрымдарынын боорунда 23 ыйлаакча пайда болгон.
Орусиянын Тергөө комитети бул боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда курсанттар Москвадагы Вишневский атындагы аскердик госпиталда дарыланып жатышат. Өспүрүмдөр бул илдетти кайдан жугузуп алганы так белгисиз, тергөө бардык версияларды карап жатканы кабарланды.