Өзбек бийлиги Москвада мушташта эки жараны өлгөнүн билдирди (драфт)
Өзбекстандын тышкы иштер министрлиги Москвадагы эки өзбек жаранынын өлүмү боюнча билдирүү жасады. Анда 17-февралда Орусиянын баш калаасындагы өзбекстандык атуулдар аралашкан калайман мушташта 32 жана 35 жаштагы эки жараны каза болгону жазылган. Алардын бирөө окуя болгон жерде жан берсе, экинчиси ооруканада көз жумганы айтылат. Министрлик кырдаал Орусиядагы Өзбекстандын элчилигинин көзөмөлүндө экенин билдирди.
Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, калайман мушташ Москванын Волгоград проспектисиндеги автоунаа жуучу комплекстин жумушчуларынын чыранан улам башталган. Каза тапкан жарандар бир тууган ага-инилер экени кабарланды.