Казакстан теңгедеги орусча жазууну алып салат
Президент Нурсултан Назарбаев кол койгон “Улуттук валюта банкноттору менен тыйындарынын дизайнынын концепциясын бекитүү тууралуу” жарлыкта “теңгедеги жазуулар мамлекеттик тилде гана болуусу кажет” деп жазылган. Чет тилиндеги жазуулар бир гана инвестициялык жана коллекциялык тыйындарда болушу мүмкүн.
Учурда колдонууда жүргөн теңгеде орусча жазуу бар. Казакстандын Конституциясында орус тили мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында казак тили менен бирге колдонулат деп жазылган. Казакстанда мамлекеттик тил макамына казак тили гана ээ.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарова Казакстандын бул аракетине комментарий берди. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын жазганына караганда, Захарова Москвадагы брифинг учурунда бул чечимине “Казакстандын ички иши” деп баа берди. Ошол эле учурда Казакстанда орус тилдүү жарандар да жашап жатканын белгиледи.