24-февралда жаан-чачын болбойт
24-февралда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10;
Суусамырда түнкүсүн -29…-34, күндүз -7…-12;
Таласта түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 5…10;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…5;
Нарын облусунда түнкүсүн -21…-26, күндүз -3…-8;
Бийик тоолордо түнкүсүн -27…-32, күндүз -9…-14 градус суук болот.
24-февралда Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8, күндүз 6…8 градус болот.