Көкбөрү: Жогорку Кеңеш 2:0 эсебинде өкмөттү утту
23-февраль, Ата Мекенди коргоо күнүнө карата уюштурулган көкбөрү боюнча мелдеште Жогорку Кеңештин командасы 2:0 эсебинде өкмөттүн командасын утуп алды.
Улакты биринчи жолу команданын капитаны Канат Исаев, экинчисин Курманкул Зулушов эңип барып, тайказанга Урмат Саамаев салды. Өкмөт өкүлдөрүнөн куралган команданын капитаны вице-премьер-министр Замир Аскаров.
Ал эми өкмөттүн командасы журналисттердин командасын 1:0 эсебинде утуп 1-орун үчүн таймашка чыккан. 3-орун үчүн журналисттер менен Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин командасы ойноду. Жыйынтыгында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин командасы 2:4 эсебинде жеңишти колго алды. Оюн Бишкектеги “Ак-Кула” ат майданында өттү.(КЕ)