Жарандык активист машинасынын талкаланышын бийликтен көрүп жатат
Жарандык активист, соңку кезде мыйзамсыз миграцияга каршы митинг уюштургандардын бири Аманбол Бабакуловдун машинасын белгисиз бирөөлөр талкалап кетишти. Бул тууралуу ал "Фейсбуктагы" баракчасына жазды. Анын “Азаттык” радиосуна билидиришинче, Таласта иске ууланып каза болгон эне менен кыздын өлүмүнө байланыштуу пикирин "Фейсбукка" жазган соң ага телефон чалып, эскерткендер болгон.
- Түндө алтыларда машинамды эшиктин алдына койгом. Эртең менен чыгайын десем эле арткы айнегин чаап кетиптир. Ичинин баарын жулуп, ичинде документтеримди, капчыгымды алып кетиптир. Анда сыртка чыгуу үчүн чогулткан документтер бар эле. Таластагы окуяга байланыштуу пикиримди жазгандан кийин мага телефон чалып, "постуңду өчүрүп кой" деп эскертүү болгон. Кандайдыр бир шартта мен жазган посттор, видеолор баракчамда жоголуп кеткен.
Учурда бул боюнча милиция иш алып барууда.
20-февралда Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза тапкан. Маалыматтарга караганда, электр энергиясына карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн үйдүн тургундары жылынуу максатында мискейге от жагып, уктап калышкан. Бабакулов бул окуяга өкмөттү күнөөлөгөн. (КЕ)