Сауд Арабия биринчи жолу АКШга элчи кылып аялды дайындады
Сауд Арабиянын АКШдагы элчиси болуп биринчи жолу аял киши дайындалды. Эми канбийке Рима бинт Бандар бен Султан бен Абдель Азиз Аль Сауд эми Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүктү жетектейт. Аны бул кызматка дайындоо тууралуу жарлыкка Сауд Арабиянын падышасы кол койду.
Сауд Арабиянын АКШдагы буга чейинки элчиси, падышанын улуу баласы Халед бен Салман министр рангында, коопсуздук министринин орун басары болуп дайындалды. Ал АКШда элчи болуп 2017-жылдын апрелинен тартып иштеп жаткан.
AFP жазганына караганда, орун алмаштырууга Эр-Рияд менен Вашингтондун ортосундагы саудиялык журналист Жамал Хашогжинин өлүмүнө байланыштуу чыңалуу себеп болгон.
Жаңы дайындалган элчи Сауд Арабиянын Башкы спорттук башкармалыгына келгенге чейин жеке сектордо иштеген. Ал аялдардын спортко катышуусун колдоп, аялдардын укугуна байланыштуу башка маселелерди көтөрүп келген.