Кыргызстанда былтыр өрттөн 59 киши каза болгон
Кыргызстанда өткөн жылы 2,5 миңдей өрт кырсыгы катталып, анын кесепетинен 59 киши каза болгон. Алардын ону балдар. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, быйыл январь айында 191 өрт кырсыгы катталып, төрт киши каза болду. Өткөн жылы ушул убакытта тилсиз жоо 54,6 пайызга көп катталып, 421 болгон. Андан 21 киши жашоо менен кош айтышкан.
Министрликтин маалыматына караганда, өрт өчүргүчтөр жыл башынан бери 11 адамдын өмүрүн сактап калды. Тилсиз жоонун негизги себептери катары электр жабдыктарын туура эмес колдонуу, отко абайлабай мамиле кылуу көрсөтүлгөн. Өрт көбүнчө үйлөрдөн чыккан. Аймактар боюнча алып келгенде, өрттүн басымдуу бөлүгү Чүй облусунда жана Бишкек шаарында катталган.
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ата-энелерди жана үйдөгү чоң адамдарды балдарды кароосуз калтырбоого чакырууда.
20-февралда Талас районунун Кара-Суу айылында иске ууланып 7-класстын окуучусу апасы экөө каза тапты. Маалыматтарга караганда, электр энергиясына карызы үчүн жарыгы өчүрүлгөн үйдүн тургундары жылынуу максатында мискейге от жагып, уктап калышкан.
Буга чейин, 11-февралда Бишкектин четиндеги Келечек жаңы конушунда үйлөрдүн биринде өрт чыгып, андан эки-үч жашар үч бала ууланган. Кырсык учурунда балдардын атасы жумушта болуп, ал эми кош бойлуу энеси бейтапканага кеткен. Өрттү көрүп калган кошунасы балдарды өз автоунаасы менен ооруканага жеткирген. (КЕ)