Акыркы 20 жылда Ооганстанда эң көп жайкын тургун каза болду
Ооганстанда 2018-жылы аскердик аракеттерден жана теракттан каза болгондордун саны акыркы 20 жылда катталган согушта каза болгондордон ашты. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун маалыматында айтылат.
Өткөн жылы жалпысынан 3800 киши өлүп, 7100 адам жараат алган. Алардын басымдуу бөлүгү “Ислам мамлекети” террористтик уюмуна же “Талибан” радикал кыймылына тиешеси бар жанкечтилердин жардырууларында мерт болгон. Маалыматка караганда, 2018-жылы Ооганстандын аймагында 65 теракт катталган. 500дөй жаран АКШ жана анын союздаштары абадан жасаган чабуулдарында каза болгон.
Өткөн жылы бул өлкөдө кырдаал курчуп, борбордук өкмөт менен талибдер, “Ислам мамлекети” тобу да согушуп келет.
Бир нече күндөн кийин Катарда АКШнын өкмөт өкүлдөрү менен талибдер ортосунда Ооганстандагы атышууну токтотуу боюнча сүйлөшүүнүн кезектеги айлампасы өтөт. Буга чейинки сүйлөшүүлөрдө тынчтык планынын долбоору иштелип чыккан, бирок анын көп жагдайлары боюнча мунаса табыла элек.