Жээнбеков облус башчыларына: Ишкерлерди колдобой жатасыңар
Ишкерлердин демилгелерин жергиликтүү бийлик колго албай жатат. Бул тууралуу 28-февралда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков облустардын жетекчилери менен аймактарды өнүктүрүү маселесин талкуулаган жыйында айтты.
Президент аймактарды өнүктүрүү боюнча мамлекеттик саясатты колдоп берген өлкөнүн көпчүлүк ишкерлеринин позициясын ыраазычылык менен белгиледи. «Бирок бул демилгени жергиликтүү бийлик колго алган жоксуңар. Силердин аракетиңер, эмгегиңер, демилгеңер чечүүчү роль ойнойт», — деди мамлекет башчысы.
Жээнбеков жергиликтүү бийликтин өкүлдөрүнө кайрылып, бул багытта жумушту күчөтүүгө чакырды.
Кыргызстанда жети облус, 40 район, 31 шаар жана 453 айыл аймагы бар. (RK)