Өзбекстанда жасалма уруктандыруу менен балалуу болууга жол ачылды
Өзбекстандын Сенаты «Жарандардын тукум улоо саламаттыгын коргоо жөнүндө» мыйзамды кабыл алды. Аны менен коңшу өлкөдө жасалма уруктандыруу менен балалуу болууга мыйзамдуу түрдө уруксат берилди.
Сенаттын Илим жана билим берүү комитетинин төрагасы Зайниддин Низамходжаев: «Мыйзам Өзбекстанда да чет өлкөлөрдө кеңири жайылтылган алдыңкы технологияларды колдонуп, жасалма жол менен уруктандыруу аркылуу балалуу болуунун инновациялык ыкмаларына жол ачат», - деди.
Бирок мыйзамга «суррогат энелик» жөнүндө берене кирген эмес.
«Талкуунун жүрүшүндө мыйзамга суррогат энелик, эмбриондордун донору сыяктуу көмөкчү тукум улоо технологияларын киргизүүгө али эртелик кылат деген чечим кабыл алынды», - деп түшүндүрдү өзбек парламентинин басма сөз кызматы.
Коңшу өлкөдө мыйзам долбоору 2018-жылы июлда даярдалган.
Бүгүнкү күндө Өзбекстанда медициналык мекемелерде жасалма уруктандырууга жол берилбейт. Андыктан мындай ыкмага муктаж аялдар Түркияга, Орусияга, Израилге жана башка өлкөлөргө барышат.
Дүйнөдө балалуу боло албаган түгөйлөр 10-15% түзөт. Өзбекстанда төрөт курагындагы балалуу боло албаган аялдардын саны орто эсеп менен 5% экени айтылат.