Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2018

Новости за 24.01.2018

Швейцарияда АКШ президентине каршы акциялар өттү

Azattyk.org 

Швейцарияда бир нече миң киши кечээ АКШ президенти Доналд Трамптын Дүйнөлүк экономикалык форумга келишине каршы акцияларга чыгышты. Манифестациялар Давос, Цюрих, Женева, Лозанна жана Фрайбургда өттү. Америкалык президент форумда жума күнү сөз сүйлөмөкчү. Бийлик өкүлдөрү акциялар тынч өткөнүн маалымдашты. 48-жолу өткөрүлүп жаткан форумга быйыл 3 миңден көп киши, анын ичинде 70 чакты мамлекет жана өкмөт башчылар, эл аралык уюмдардын жана ири компаниялардын жетекчилери, эксперттер катышууда.

Бабановдун ордуна Дүйшалиев "Республика Ата-Журттан" депутат болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги “Республика Ата-Журт” фракциясына Өмүрбек Бабановдун ордуна Абдыбек Дүйшалиев депутат болду. Бүгүн бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын токтому чыкты. Партиянын шайлоо алдындагы тизмеси боюнча ал 73-орунда болчу. Абдыбек Дүйшалиев 56 жашта. Ал буга чейин Автотранспортторду каттоо департаментинин директору болуп иштеген. 19-январда БШК “Республика” партиясынын лидери Өмүрбек Бабановду Жогорку Кеңештин депутаттык мандатынан ажыраткан. Ага чейин Бабанов өз эрки менен мандатынан баш тартуу жөнүндө арыз жазган эле. Читать дальше...

Порнотасма чуусу: Окутуучу журналистти сотко берет

Azattyk.org 

Улуттук консерваториянын окутуучусу Марина Шипулина Nazarnews.kg сайтын сотко берет. Бул тууралуу ал бүгүн “Азаттык” радиосуна билдирди: - Биз азыр Nazarnews.kg сайтына чыккан маалымат боюнча бардык документтерди, скриндерди чогултуп жатабыз. Такталбаган маалыматты жарыялаганы үчүн аларды сөзсүз сотко беребиз. Бир нече күндөн бери интернетте порнографиялык мүнөздөгү сүрөт тарап, андагы аял Шипулина экени, бул үчүн аны ишинен убактылуу четтетишкени айтылып жатат. Кечээ Шипулина өзү Бишкете маалымат жыйын куруп... Читать дальше...



Кара-Суу: Савай айыл өкмөтүндөгү тирешүү

Azattyk.org 

Кара-Суу районунун Савай айылдык кеңешинин айрым депутаттары "айыл өкмөт башчысы жана бухгалтери" буга чейин кылмыш иши козголгон адамдар экенин билдирүүдө.

Төкөлдөштүктөр кандай жатышат?

Azattyk.org 

Бишкектин чок ортосунда жайгашкан Төкөлдөш конушундагы саман үйлөр убактылуу турак жай катары салынган. Андан бери жарым кылымдай убакыт өттү. Араң турган үйлөрдү кулатып, кайра салууга жергиликтүү тургундар ашыкпайт. Көбү өз үйүндө, бирок документтери жок мыйзамсыз жашап жүрүшөт.

Ооганстанда "Save the Children" эл аралык уюмуна кол салынды

Azattyk.org 

Ооганстандын Жалалабад шаарында "Save the Children" эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салуу болуп, кеминде 11 киши жабыркады. Бүгүн эртең менен жанкечти регионалдык кеңсенин жанында дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жиберген. Андан кийин имаратка куралчан адамдар кирип барып, коопсуздук кызматкерлери менен атыша кетишкен. "Талибандын" маалымат өкүлү чабуулга кыймылдын тиешеси жок экенин айтты. 20-январда талиб согушкерлери Кабулдагы кымбат мейманканага кол салышканда кеминде 30 киши, арасында 14 чет өлкөлүк жаран мерт болгон. Читать дальше...

Ооганстанда балдарды коргогон "Save the Children" эл аралык уюмуна кол салынды

Azattyk.org 

Ооганстандын Жалалабад шаарында "Save the Children" эл аралык гуманитардык уюмунун кеңсесине кол салуу болуп, кеминде 11 киши жабыркады. Бүгүн эртең менен жанкечти регионалдык кеңсенин жанында дүрмөттөлгөн машинасын жардырып жиберген. Андан кийин имаратка куралчан адамдар кирип барып, коопсуздук кызматкерлери менен атыша кетишкен. "Талибандын" маалымат өкүлү чабуулга кыймылдын тиешеси жок экенин айтты. 20-январда талиб согушкерлери Кабулдагы кымбат мейманканага кол салышканда кеминде 30 киши, арасында 14 чет өлкөлүк жаран мерт болгон. Читать дальше...

Жапон премьери Олимп оюндарынын ачылышына барууну көздөйт

Azattyk.org 

Түштүк Корея президентинин кеңсеси жапон өкмөт башчысынын Пхенчхаңдагы кышкы Олимпиадага катышуу ниетин кубаттады. Анын алдында премьер Синзо Абэ оюндардын ачылыш аземине барууну каалай турганын билдирген. Түштүк Кореянын аялдары Экинчи дүйнөлүк согуш маалында жапон аскерлеринен көргөн запкыдан улам ондогон жылдардан бери Сеул менен Токионун мамилелери чыңалган бойдон келатат. 2015-жылы тараптар жетишкен макулдашууга ылайык Жапония кечирим сурап, аман калган аялдарга жардам берген фондго 9 миллион доллар которгон. Читать дальше...



Жапон өкмөт башчысы Пхенчхангдагы оюндардын ачылышына барууну көздөйт

Azattyk.org 

Түштүк Корея президентинин кеңсеси жапон өкмөт башчысынын Пхенчхангдагы кышкы Олимпиадага катышуу ниетин кубаттады. Анын алдында премьер Синзо Абэ оюндардын ачылыш аземине барууну каалай турганын билдирген. Түштүк Кореянын аялдары Экинчи дйнөлүк согуш маалында жапон аскерлеринен көргөн запкыдан улам ондогон жылдардан бери Сеул менен Токионун мамилелери чыңалган бойдон келатат. 2015-жылы тараптар жетишкен макулдашууга ылайык Жапония кечирим сурап, аман калган аялдарга жардам берген фондго 9 миллион доллар которгон. Читать дальше...

Жерди трансформациялоону талап кылгандар кайра акцияга чыгышты

Azattyk.org 

Бишкекте Ак үйдүн алдында “Жерлерди трансформациялоо жөнүндө” мыйзамга байланыштуу нааразылык акциясы өтүп жатат. "Азаттык" радиосунун кабарчысы билдиргендей, акцияга Сокулук, Аламүдүн райондорундагы, Бишкек шаарынын чет-жакасындагы жаңы конуштардан элүүдөй киши чогулган. Алар бул мыйзам долбоорундагы айыл чарба багытындагы жерлерге курулган жаңы конуштарды кайра өкмөткө алуу тууралуу  пунктту алып салууну талап кылышууда. Акциянын  уюштуруучулардын бири, "Трансформация кыймылы" уюмунун координатору... Читать дальше...

Окуучуга мугалим кол көтөргөн видео Сочиде тартылганы айтылды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгынын өкүлдөрү "Азаттык" радиосуна билдиришкендей, окуучу кызды урушуп, бетке чапкан мугалим тууралуу видеонун чоо-жайы териштирилип жатат. Кызматтык иликтөөнүн баштапкы жыйынтыгы тасма Кыргызстанда эмес, Сочиде тартылганын көрсөттү.    23-январда Интернеттеги социалдык түйүндөрдө чөнтөк телефонго тартылган кыска видео тарап, катуу талкууга түшкөн. Анда арткы партада отурган окуучу кыз мугалим менен айтышып жатканын, ачууланган окутуучу аны бетке чаап, орой сөз менен урушканын көрүүгө болот. Читать дальше...

"Гараж 312" түнкү клубунун ээси жана үч кызматкери эки айга камалды

Azattyk.org 

Бишкектин Биринчи май райондук соту "Гараж 312" түнкү клубунун ээсин, эки барменди жана алып баруучуну эки айга камакка алууга санкция берди. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы "Азаттык" радиосуна билдиргендей, 21-январдагы операция маалында кармалган дагы эки кишинин баш коргоо чарасы азырынча аныктала элек.​ ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы 21-январга караган түнү Бишкектеги “Гараж 312” түнкү клубунда атайын операция жүргүзүп, алты адамды "баңгизаттарды... Читать дальше...

Аткаруу бийлигиндеги кызматкерлердин санын 10% кыскартуу каралууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат. Эсенгуловдун айтымында, штаттык санды 10 пайыздан кем эмес кыскартуу жагы каралууда: - Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу... Читать дальше...

Аткаруу бийлигиндеги кызматкерлердин 10% азайтуу каралууда

Azattyk.org 

Кыргызстанда аткаруу бийлигинин системасын реформалоо боюнча мекеме аралык комиссия түзүлдү. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов билдирди. Комиссия бир ай ичинде аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын чектүү штаттык санын жана башкаруу схемасын талдап, сунуштарды иштеп чыгат. Эсенгуловдун айтымында, штатты кеминде 10 пайызга азайтуу жагы каралууда: - Комиссия өкмөткө караштуу мамлекеттик органдардын түзүмүн жана штаттык санын оптималдаштыруу... Читать дальше...

Эки миллиондой сомду чегерип алган милиция кызматкерлери иштен алынды

Azattyk.org 

Ички иштер министрлигине караштуу атайын багыттагы “Шумкар”  полкунун Оштогу бөлүмүнүн жооптуу адамдары башкалардын акчасын өз эсептерине которуп алып жүргөнү аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.  Маалыматка караганда, аталган полктун Ош шаарындагы бөлүмүнүн жооптуу адамдары кызматкерлердин эмгек өргүүсүнө төлөнүп берилүүчү акчаны 2016-жылдын 1-январынан баштап 2017-жылдын 31-декабрына чейинки аралыкта өздөрү алып жүргөн.  Анын жалпы суммасы 1 миллион 827 миң 200 сомду түзгөн. Читать дальше...

Орусия: жарандыктан кол жууган кыргыз мигранттары

Azattyk.org 

Орусияда жарандык алган чет өлкөлүктөрдүн документтери кайрадан текшериле баштады. Натыйжада жарандыкты ортомчулар аркылуу алган кыргызстандык мигранттардын орус паспорттору мыйзамсыз болуп чыккан учурлар бар.

Сууктан улам мектептерди убактылуу жабуунун шарттары аталды

Azattyk.org 

Билим берүү жана илим министрлиги мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук берди. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлдөрү кабарлаганына караганда, суук түшкөнүнө байланыштуу бул тууралуу чукул телефонограмма бардык шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарына жөнөтүлдү. “Санитардык-эпидемиологиялык департаменттен тиешелүү жазма буйрук келсе министрлик окуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечим кабыл алат” деп айтылат мекеме тараткан билдирүүдө. Читать дальше...

Сууктан улам мектептерди убактылуу жабуу шарттары аталды

Azattyk.org 

Билим жана илим министрлиги мектеп жетекчилерине класстардагы абанын температурасын өлчөп, окуучулардын саламаттыгы жөнүндө улам маалымдап турууга буйрук берди. Мекеменин маалымат кызматынын өкүлдөрү кабарлаганына караганда, бул тууралуу чукул телефонограмма бардык шаардык жана райондук билим берүү башкармалыктарына аба ырайынын суукташына байланыштуу жөнөтүлдү. “Санитардык-эпидемиологиялык департаменттен тиешелүү жазма буйрук келсе министрлик окуу процессин убактылуу токтотуу тууралуу чечим... Читать дальше...


Музыкальные новости
Желдорреммаш

На Улан-Удэнском ЛВРЗ прошел конкурс «Лучший по профессии 2024»





Rss.plus
Россия

Юные туляки стали лучшими на первенстве России по карате спорта глухих




Врач дерматолог-косметолог Мадина Байрамукова: в чем отличие химических фильтров от физических

Кадыров заявил, что встретился с Путиным и доложил ему о ситуации в Чечне

Суд постановил! Экс-фигурант дела Давидыча должен выплатить блогеру 7 миллионов рублей?

РИА Новости: полиция изъяла компьютеры из офиса журнала "Компания"




Сот Салянова тууралуу ооруканадан маалымат талап кылат

Azattyk.org 

Бишкек шаардык сотунда Жогорку Кеңештеги оппозициялык "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Салянованын бүгүнкүгө белгиленген жараяны болгон жок. Депутаттын адвокаты Чынара Жакупбекова анын дале дарылануудан өтүп жатканын билдирди. Ишти караган судья Ирина Воронцова Салянованын абалы тууралуу ал жаткан ооруканадан маалымат алынарын айтты.    Сот Салянова жүрөк оорусуна байланыштуу ооруканада жаткандыктан ишти кароону токтотуу туруу боюнча адвокаттардын өтүнүчтөрүн четке кагып келүүдө.  - Мындай нерсе бизде тажрыйбада жок болчу. Читать дальше...

ИИМ: Мыйзамсыз миграция уюштурган чет элдик жаран кармалды

Azattyk.org 

Кыргызстанда мыйзамсыз миграция уюштурду деп шектелген чет элдик жаран кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, атайын рейд учурунда өлкөдө үч айдан бери мыйзамсыз жүргөн бахрейндик жаран аныкталган. Сурак учурунда ал Бишкекке былтыр октябрда учуп келгенин, Хизар аттуу адам аэропорттон тосуп алып, “жогорку окуу жайга өткөрөм, каттоого тургузуп, виза ачтырып берем” деп 2000 долларын жана паспортун алып койгонун, ошо бойдон дайынын таптырбай кеткенин айтып берген. Ыкчам иликтөө... Читать дальше...

Акчасы жок аймак кантип өнүгөт?

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков аймактарды өнүктүрүүгө арналган жыйында аймактык лобби күчөп, өнүгүүнүн балансы бузулду деп билдирди.

Тагдыры талашка түшкөн тарыхый тасмалар

Azattyk.org 

Кинематография департаменти “Кожомкул” тасмасын тартыш үчүн сценарийлерге сынак жарыялады. Жогорку Кеңеш былтыр июнь айында балбандын 130 жылдык мааракесине карата “Каба уулу Кожомкул” көркөм тасмасын тартууга 25 млн. сом бөлүү тууралуу токтом кабыл алган болчу. Анткен менен буга чейин “Шабдан баатыр”, “Тайлак баатыр”, “Алымбек датка” сыяктуу тарыхый инсандар тууралуу тасма тартуу иштери башталып, аз өтпөй ар кандай себептер менен токтоп калган.

Сапар Исаков: Бизде бийликтин демократиялык алмашуусу үчүн бардык шарттар түзүлгөн

Azattyk.org 

Кыргызстанда бийликтин демократиялык жол менен алмашып туруусу үчүн бардык зарыл шарттар түзүлгөн. Бул тууралуу өкмөт башчы Сапар Исаков Швейцариянын Давос шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк экономикалык форумда билдирди. Премьер-министр өлкөдөгү демократиялык институттарды өнүктүрүү багытында туруктуу аракеттер көрүлүп, ачык жана айкын саясат жүргүзүлүп жатканын, жарандар биометрикалык каттоого алынып, мамлекеттик бийликти демократиялык жол менен алмаштыруу үчүн зарыл шарттар түзүлгөнүн айтты. Мындан... Читать дальше...



Москва

Воскресшего Иисуса могут дополнительно установить в церквях, вместо черепа.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин исключил запрет для самокатчиков ездить по тротуарам в Москве



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Певица

Певица Кристина Агилера в боди вышла на сцену после похудения




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Чья компания сильнее всех?

ЦСКА и МФТИ заключил соглашение о сотрудничестве

Две бронзы выиграли забайкалки на международных соревнованиях по киокусинкай «Moscow Cup 2024»


Екатерина Александрова

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Станислав Кондрашов Telf AG: Китай стремиться к экологически чистому производству



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России