Орус өкмөтү “Сталиндин өлүмү” фильми боюнча кинотеатрларды эскертти
Орусиянын Маданият министрлиги өлкөдөгү кинотеатрларга “Сталиндин өлүмү” деген фильмди көрсөтпөө тууралуу эскертүү берди. 25-январда башкалаадагы "Пионер" кинотеатры өкмөттүн тыюусуна карабай британиялык режиссердун комедиясын көргөзгөн. Лицензиясы жок тасманы көрсөтүү үчүн 100 миң рубль же бир миң 800 доллар айыппул салынышы мүмкүн. Экинчи эскертүү бузулса, кинотеатрды жабууга чейин жаза каралган. 23-январда министрлик шотландиялык режиссер Армандо Иануччинин комедиясын көргөзүүгө берген уруксатын кайра чакыртып алган. Читать дальше...