Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 03.03.2018

Баткенде өрүк көчөттөрү кымбаттады

Azattyk.org 

Баткенде жазгы талаа жумуштары башталып, мөмөлүү бактардын көчөттөрү сатыкка чыкты. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл өрүк көчөттөрү үч эсе кымбат сатылууда. Былтыр даанасы 10 сомдон 50 сомго чейин болсо, азыр 100 сомдон 150 сомго чейин бааланып жатат. Багбандар тажикстандык кардарлардын көбөйгөнү баанын кымбатташына себеп болгонун айтып жатышат. Алма көчөттөрү сортуна жараша 80-100 сомдон, алмурут 150 сомго чейин, гилас (алча) 100 сомдон бааланууда. Баткен обулсунда 100дөн ашык мөмөлүү дарактардын көчөтүн даярдаган жайлар бар. Читать дальше...



Өкмөт башчынын сунушу менен Нурбек Абасканов кызматтан алынды

Azattyk.org 

Нурбек Абасканов Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койгону 3-мартта расмий кабарланды. Мындай чечим премьер-министри Сапар Исаковдун сунушунун негизинде кабыл алынды.  Абасканов "Кыргыз Республикасынын өкмөтү жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 24-берене, 2-бөлүгүнө ылайык иштен алынды. Аталган берене "Өкмөттүн мүчөлөрүн кызмат ордунан бошотууга жана отставкага кетирүүгө негиздер" деп аталат. Читать дальше...

Астана кара куурай өстүрөт

Azattyk.org 

Тажикстан Өзбекстанга электр энергиясын жөнөтө баштайт. Казакстан кара куурайды өндүрүшкө колдонуш үчүн өстүрүүгө камынууда. Түркмөнстанда аялдар 8-мартка карата президенттен акчалай белек алышат.

Казакстанда жол кырсыгында өзбекстандыктар набыт болушту

Azattyk.org 

Казакстандын Мангистау облусунда автоунаа күйүп, жети киши набыт болду. Каза болгондордун алтоо Өзбекстандын жарандары. Кырсык 1-мартта Актау-Бейнеу жолунда, Шетпе кыштагынын аймагында болгон. Shacman жүк унаасы менен Lada Largus жеңил автомашине сүзүшүп,  Lada күйүп кеткен. Андагы жети жүргүнчү ошол жерде каза болушкан. Маркумдардын алтоо Өзбекстандын Хорезм облусунун тургундары экенин "Азаттыктын" өзбек кызматы Казакстандагы маалымат булактарына таянып кабарлады. 18-январда Казакстандын Актөбө... Читать дальше...

Ташкент романтикалык жолугушуу үчүн эң арзан шаар деп табылды

Azattyk.org 

Баш кеңсеси Лондондо жайгашкан ECA International консалтинг агенттиги Ташкентти романтикалык жолугушуулар үчүн эң арзан шаар деп жарыялады.  Агенттик февралда дүйнөдөгү 26 ири шаарга байкоо салып, эсеп-кысап чыгарган. Изилдөөчүлөр романтикалык жолугушууга сарпталчу каражатты кино үчүн эки кишилик билет, ресторандагы кечки тамак, бардагы эки коктейл жана такси акысынын эсебинде санашкан.  Өзбекстандын баш калаасындагы чыгым жалпысынан 50 доллар болгон: такси - 2, кино - 7, коктейл - 7, ресторан - 34 доллар. Читать дальше...



Бакен Кыдыкеева атындагы театрга жаңы жетекчи дайындалды

Azattyk.org 

Бишкек шаарындагы Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрына Жолдошбек Аманкулов дайындалды.  Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, жаңы жетекчини министр Султан Жумагулов 2-мартта театр жамааты менен тааныштырды.   Жолдошбек Аманкулов эмгек келишимдин негизинде бир жылга дайындалды. Эгер бир жылдын ичинде өзүн мыкты көрсөтүп, ийгиликтерди багынтып иштеп кетсе, келишим кийинки жылга узартылат.  Буга чейин аталган театрды Эген Чалабаев башкарган. Читать дальше...

Карабатандагы өрт жети кишинин өмүрүн жалмады

Azattyk.org 

Казакстандын Атырау облусундагы жатаканада чыккан өрт жети кишинин өмүрүн алды. "Азаттыктын" казак кызматы жергиликтүү булактарга таянып билдиргендей, Карабатан кыштагындагы жатаканада эртең менен өрт тутанган. Кырсыкта алты адам жеринде набыт болуп, төртөө жараат алышкан. Алардын бири 3-мартта көз жумган.   Алдын ала маалыматтарга ылайык, өрт электр зымдагы кыска туташуудан чыккан. Ал кезде жатаканада 20дай адам болгон.

Навальный 3-мартка белгиленген курултай болбой калганын билдирди

Azattyk.org 

Орусиялык саясатчы, оппозиционер Алексей Навальный Прогресс партиясынын 3-мартка белгиленген курултайы болбой калганын билдирди. Буга жыйын үчүн имарат берчү тараптын келишимди күтүүсүз токтоткону негиз болгон.  Курултай Москвада, "Кабинет - Новая площадь" компаниясы ижарага берчү имаратта өтмөк. 2-мартта Юстиция министрлиги жыйын кай жерде жана кайсыл убакытта болорун так көрсөтүү боюнча саясатчыга билдирүү жөнөткөн. Ал тапта ижарага имарат берчү тарап келишим токтотулганын маалымдаган.  Алексей... Читать дальше...

БШК Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесин карайт

Azattyk.org 

Борбордук шайлоо комиссиясы 3-мартта Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянованы мандатынан ажыратуу маселесин карайт. Саат 14:00дөгү жыйын ачык болорун, ага журналисттер катыша аларын БШК төрайымынын орунбасары Абдыжапар Бекматов "Азаттык" радиосуна билдирди.  Оппозициядагы "Ата Мекен" фракциясынан депутат Аида Саляновага Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесине ылайык ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган") айып тагылган. "2010-жылы юстиция министринин милдетин аткарып турганда мурдагы президенттин... Читать дальше...

ӨКМ тоолуу жолдорго чыкпай турууну эскертти

Azattyk.org 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу тоолуу жолдорго чыкпай турууну эскертти. Аябай зарылчылык болсо айдоочулар автоунаалар ортосунда 500 метр аралыкты сактоого тийиш.  Мекеменин басма сөз кызматы билдиргендей, 3-марттан 9-мартка чейин тоолуу жолдордо карды атып түшүрүү иштери жүрөт. Бул үчүн 2-мартта өкмөт башчынын  буйругу чыккан.  Кыргызгидромет да эскертүү берип, ушул күндөрү өлкө аймагында жаан-чачын көбөйүп, туруксуз аба ырайы болорун билдирген. (SE)

Трамп Орусияга каршы санкциялардын мөөнөтүн узартты

Azattyk.org 

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияга каршы санкция мөөнөтүн 2-мартта бир жылга узартты. Ак үйдүн басма сөз кызматы билдиргендей,  Орусия Крымды аннексиялап алышы Украинанын мамлекеттик бүтүндүгүнө залакасын тийгизип, демократиялык жараяндарды одоно бузууну улантууда.   Москванын Украина чыгышындагы калабадагы ролуна байланыштуу 2014-жылдын 6-мартында кабыл алынган санкцияга ошол кездеги президент Барак Обама кол койгон эле. Экономикалык жана укуктук негиздеги санкция андан бери узартылып келатат. Читать дальше...

Мамлекеттик туунун кабыл алынганына 26 жыл толду

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик туусу кабыл алынганына 26 жыл толду. Бул датага байланыштуу президент Сооронбай Жээнбеков элди куттуктады.  Туу тууралуу мыйзам 1992-жылдын 3-мартында кабыл алынган. Анын авторлору - Эдил Айдарбеков, Бекбосун Жайчыбеков, Сабыр Иптаров, Жусуп Матаев жана Маматбек Сыдыков. Авторлордун белгилешинче, туунун кызыл түсү эрдиктин жана тайманбастыктын символу, ортосундагы күндүн элеси бейпилдик жана байлыкты чагылдырат. Ал эми күн нурунун ичиндеги түндүк - үй кутунун символу. Читать дальше...



Москва

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Мэр Москвы расширил финансовую поддержку бизнес-ангелов



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Луи Армстронг

Будет выпущен неизданный концертный альбом Луи Армстронга




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Новгородские студенты стали призёрами олимпиады по анатомии в Петербурге

Radio Monte Carlo Golf Cup откроет спортивную программу ПМЭФ 2024


Даниил Медведев

Даниил Медведев проиграл Рафаэлю Надалю тренировочный сет на «Ролан Гаррос»



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Українські новини

Виставку «Світ Велетнів» в парку Боздош (м.Ужгород) продовжено до 30.06.2024 року



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России