Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2018

Новости за 27.03.2018

Президент УКМКга жемкорлукка каршы күрөштү тездетүүнү тапшырды

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Абдил Сегизбаевге коррупцияга каршы күрөштү тездетүүнү дагы бир жолу тапшырды. Мамлекет башчы УКМКнын төрагасын 27-мартта кабыл алып, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынынын чечиминин аткарылышын талкуулады.  Президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдиргендей, Жээнбеков биринчи жыйынтыктар бар экенин, бирок коррупциялык иш-аракеттерди аныктоо жаатындагы жумуштарды ыкчамдатып, резонанс жараткан... Читать дальше...

“Манастын” Бээжинге жеткен канаты

Azattyk.org 

Былтыр Кытайдын эң эле атактуу жана абройлуу “Тяньцао” ("Асман тиреген көпүрө") театрында улуу кыргыз эпосу «Манастын» негизинде опера коюлду.

Ташкент ооган өкмөтү менен "Талибанга" арачы болгусу келет

Azattyk.org 

Өзбекстан ооган өкмөтү менен «Талибан» кыймылынын ортосунда тынчтык сүйлөшүүлөрүн уюштурууну сунуш кылды. Бул тууралуу өзбек президенти Шавкат Мирзиёев Ташкентте өтүп жаткан Ооганстан боюнча эл аралык конференцияда билдирди. «Биз бардык шарттарды түзүп, Өзбекстандын аймагында Кабул менен талибдердин ортосунда түз сүйлөшүүлөрдү уюштуруп берүүгө даярбыз», - деди Мирзиёев. «Талибан» кыймылынын өкүлдөрү Ташкентте өтүп жаткан конференцияга катышпай турганын билдирген. Ташкенттеги иш-чара 28-февралда... Читать дальше...



Базар-Коргондо эки окуучуну унаа сүзүп, бири каза болду

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда эки окуучуну унаа сүзүп, бири каза болду. Расмий маалыматка караганда, 26-март күнү 22 жаштагы айдоочу ВАЗ 2107 автоунаасынын рулун башкара албай, жол четинде бараткан эки окуучу кызды койдуруп кеткен. Окуя Бай-Мундуз айылында болгон.  Облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө бөлүмү билдиргендей, бири ооруканага жетпей каза тапкан. Экинчиси оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат. Окуяны тергөө тобу териштирүүдө.  Набыт болгон кыз да... Читать дальше...

Кемерово: өрттө 41 баланын өмүрү кыйылды

Azattyk.org 

Кемероводогу өрттө курман болгондордун жакындары 41 баланын өмүрү кыйылганын билдиришти. Бардыгы болуп жекшемби күнкү кырсыкта 64 киши кайтыш болгону расмий айтылды. Тек-жайы аныкталган 25 кишинин 13ү жеткинчектер. Өрттө бир нече киши жарадар болгон. Бүгүн эртең менен Кемероводо мурда пландалбаган митинг өтүп, чогулгандар соода борборундагы өрттөн канча киши өлгөнүн так айтууну бийликтен талап кылышты. Митингге Кемерово облусунун вице-губернатору Сергей Цивилев катышты.  Калаанын мэри демилгелүү... Читать дальше...

Музейлерден уурдалган буюмдар боюнча кылмыш иши убактылуу токтотулду

Azattyk.org 

Кыргызстанда музейлердеги экспонаттардын кем чыгышы боюнча козголгон кылмыш иши айыпкер табылбай жатканына байланыштуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу башкы прокурордун орун басары Нурлан Дүйшөнбиев бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча парламенттик талкууда билдирди:  - Улуттук тарых музейинин, Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинин жана Фрунзе атындагы үй-музейдин экспонаттарынын жетишпестиги боюнча укук коргоо кызматкерлери өз учурунда үч кылмыш ишин козгошкон. Азыр бул кылмыш... Читать дальше...

Ташкентте Могерини Борбор Азия менен кызматташууну талкуулады

Azattyk.org 

Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Федерика Могерини 26-мартта Ташкентте Казакстандын, Кыргызстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын тышкы иштер министрлери жана Түркмөнстандын тышкы иштер министринин орун басары менен жолукту. Бул тууралуу Евробиримдиктин Кыргызстандагы өкүлчүлүгү билдирди. Жолугушуу Ташкентте башталган Ооганстан боюнча эл аралык конференциянын алдында өттү. Могерини аймактагы өлкөлөрдүн министрлери менен кызматташуунун келечегин талкуулап, пикир алмашты. Евробиримдиктин... Читать дальше...

Музейлерде экспонтаттарды сактоого шарт жок

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагуловдун айтымында, жаӊы тарыхый-маданий мурас объектилерин табуу, эсепке алуу, коргоо сыяктуу негизги милдеттер каражаттын тартыштыгынан улам аткарылбай жатат. Бул тууралуу министр бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча парламенттик талкууда билдирди. - Тилекке каршы, каржынын тартыштыгынан улам 2015-2020-жылдар аралыгында тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар аксап турат. Бул... Читать дальше...



Кыргызстандык Москвага инвестор болду

Azattyk.org 

Адистердин баамында, Кыргызстан экономикасы начар өнүккөн, инвестицияга муктаж өлкөлөргө кирет. Бирок жакында ушул чакан өлкөдө иштеп жүрүп, Москвадагы кымбат баалуу эки чоң соода борборун сатып алып, жарым миллиард долларга жакын инвестиция салган кыргызстандык ишкер коомчулукту таң калтырды.

Министр Баткенге көмүлгөн мумиянын кайтарылышын колдойт

Azattyk.org 

Маданият, маалымат жана туризм министри Султан Жумагулов Баткенге көмүлгөн мумиянын кайра музейге кайтарылышын колдойт. Бул тууралуу ал бүгүн тарыхый-маданий мурастарды коргоо боюнча өткөн парламенттик талкууда айтты. - Мумия абдан татаал маселе болуп калды. Биз бул темада ар кандай деңгээлдеги бир катар талкууларды өткөрдүк. Ушул маалга карата эки пикир болуп атат. Алардын бир тарабы “эми көмүлгөн нерсени кайра казып кайтарыш керекпи, жергиликтүү калк кандай кабыл алат” десе, окумуштуулар баш болгон интеллигенция өкүлдөрү өкмөткө... Читать дальше...

20дан ашуун өлкө орус дипломаттарын чыгарат

Azattyk.org 

22 мамлекеттин бийлиги Англияда мурдагы орус тыңчысы Сергей Скрипалдын ууландырылышы боюнча Кремл Лондонго түшүндүрмө берүүдөн баш тарткандан кийин өз аймактарынан орусиялык дипломаттарды чыгарууну чечти. Британия 23 орус дипломатын өткөн аптада чыгарган. Евробиримдикке кирген 15 өлкө, АКШ, Канада, Норвегия, Албания, Македония жана Украина да Лондонго тилектештигин билдирди. Жалпысынан бул өлкөлөрдөн 140 орус дипломаты чыгарылат.  Исландия болсо Орусия менен жогорку деңгээлдеги бардык байланыштарын токтотоорун жарыялады. Читать дальше...

Косово сербиялык аткаминерди өз аймагынан күч менен чыгарды

Azattyk.org 

Белград Косоводо сербиялык аткаминердин бир күн мурда кармалып, өлкөдөн күч менен чыгарылышы боюнча нааразылык билдирип, Приштинаны айыптады.  26-мартта Митровица шаарынын администрациясына полиция кирип барып, Сербия өкмөтүнүн Косово боюнча иш башкармалыгынын жетекчиси Марко Журичти кармап, колуна кишен салып барып, өлкө аймагынан күч менен чыгарган. Мурдараак расмий Приштина Журичке анын улутчул билдирүүлөрүнөн улам өлкө аймагына кирүүгө тыюу салган эле. Сербиялык аткаминер буга карабай Митровицадагы жыйынга барган. Читать дальше...

Аба ырайы: 28-мартта жаан-чачын болот

Azattyk.org 

Синоптиктер шашылыш эскертүү берип, 29-мартка чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөрүн билдиришти. Өлкө аймагында жамгыр жаап, Чүй жана Талас облустарынын тоо этектерине, тоолуу райондорго кар жаайт. Айрым жерлерде нөшөр болот. Тоолуу жолдордо муз тоңот. Бишкек-Ош, Ала-Бука-Каныш-Кыя, Красная Горка-Ак-Таш жолдоруна кар көчкү түшүшү мүмкүн. 28-мартта түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан жаап, Чүй, Талас облустарынын тоо этектеринде, тоолуу райондорго кар жаайт. Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында... Читать дальше...

Кемерово: митингде бийликтин кетишин талап кылышты

Azattyk.org 

Кемеровонун соода борборунда жекшембиде болгон өрттүн курмандыктарынын саны расмий маалымат боюнча 64кө жетти. Алардын арасында 41 баланын өмүрү кыйылды. Бүгүн жүздөгөн шаардыктар облустук администрациянын алдына митингге чыгышты. Алар бийликтен кырсыкта канча киши өлгөнү тууралуу чындыкты айтууну талап кылышты. Көп кишилер өлгөндөрдүн саны көп болушу мүмкүн деп күмөн санашат. Нааразылыкка чыккандар куткаруучулардын ишин сындап, апаатты кылдат иликтөөнү талап кылышты.  Чогулгандар «Чындык!»,... Читать дальше...

Бишкекте Кемероводогу өрт курмандыктары эскерилип жатат

Azattyk.org 

Кыргызстандыктар Кемерово шаарындагы өрттөн курман болгондорду эскерип жатышат. 27-март күнү тургундар Орусиянын Бишкектеги элчилигинин жанына гүл жана жумшак оюнчуктарды коюп, каза болгондордун жакындарына көңүл айтышты.  Кемероводогу "Зимняя вишня" соода борборунда 25-март күнкү өрт расмий эсепте 64 адамдын өмүрүн кыйды. Алардын көбү балдар. Күбөлөр көз жумгандар андан көп экенин айтышууда.  Кырсыктын себеби аныктала элек. Мерт болгондор менен жараат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок экени расмий кабарланган. Читать дальше...

Сауд Арабиясы Иранды "хуситтерге курал берет" деп айыптады

Azattyk.org 

Сауд Арабиясы башында турган коалиция Иран "Йемендеги хусит козголоңчуларын курал-жарак менен жабдыйт" деген маалымат боюнча далилдерди көрсөттү. Шейшембиде коалициянын басма сөз катчысы Турки ал-Малки билдиргиндей, перс тилиндеги жазуулары бар ракеталар Йеменде табылган. Малки хуситтер Сана шаарынын аэропортун аскердик максатта колдонуп, гуманитардык жардамдын жетишине жолтоо кылып жатышканын кошумчалады.  Бир күн мурда Сауд Арабиясы Йемендеги хусит козголоңчулары учурган жети ракетаны абадан жок кылганы маалым болгон. Читать дальше...

"Tez Jet" компаниясынын дагы бир учагы Баткенге жетпей Бишкекке кайтты

Azattyk.org 

Аба ырайына байланыштуу Бишкек-Баткен каттамындагы учак 27-март күнү бараткан дарегине жетпей, кайра артка кайтты. "Tez Jet" компаниясынын 107-каттамдагы учагы саат 11:15те учуп, 12:13дө кайра келип конду. "Flightradar24.com" сайтынын маалыматына ылайык, учак Жалал-Абад аймагынан кайра тарткан.  "Tez Jet" компаниясынын өкүлү Бахтияр Үсөнов Баткенде жамгыр жаап, учакты кондурууга шарт начар болгондуктан "Манас" эл аралык аэропортуна кайтууга мажбур болгонун билдирди. Жүзгө жакын жүргүнчүнүн айрымдары билеттин акчасын алууда. Читать дальше...

Футбол: Бишкекте бүгүн Кыргызстан менен Индия беттешет

Azattyk.org 

Бүгүн, 27-мартта Бишкекте Дөлөн Өмүрзаков атындагы борбордук стадиондо Кыргызстан менен Индиянын футбол боюнча улуттук курама командалары беттешет. Мелдеш кечки саат сегизде башталат. Аны "КТРК-Спорт" каналы түз көрсөтөт.  Бул оюн - 2019-жылы Бириккен Араб Эмирлигинде өтө турган футбол боюнча Азия кубогуна тандоо оюндарынын 3-айлампасынын акыркы беттештеринин бири. Билеттер 22-марттан баштап 250-500 сомдон сатылууда. Эки команда былтыр 13-июнда Индияда беттешип, Кыргызстан 1:0 эсебинде утулган. Читать дальше...

Жалал-Абадда аксакалдар коомчулукка кайрылышты

Azattyk.org 

Республикалык аксакалдар кеңешинин Жалал-Абад облустук бөлүмүнүн  мүчөлөрү мурдагы депутат Мээрбек Мискенбаевдин жана Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Алмазбек Курманалиевдин сөздөрүнөн улам коомчулукка кайрылышты. Бул тууралуу аксакалдар кеңешинин облустук бөлүмүнүн төрагасы Эркин Бегимкулов 26-мартта “Азаттыкка” билдирди. "Маселени аксакалдар бир жумадан бери чогуу отуруп талкуулап, коомчулукка ушул кайрылуу менен чыгып жатабыз. Коопсуздук кеңешинин катчысы Алмазбек Курманалиев менен Жогорку... Читать дальше...


Музыкальные новости
Элджей

Концерт Элджея в Новосибирске требуют запретить





Rss.plus
#123ru.net

«ИМЕНЕМ ЗАКОНА»: «СВЯТОЙ ЛЕНИН» ОТМЕНЯЕТ НАЛОГИ С ЗАРПЛАТ НАРОДА!




Reuters: Польша и РФ договорились о транзите казахстанской нефти в Германию

Из Москвы-реки вытащили тело 23-летнего мужчины

Кассьерра стал лучшим бомбардиром РПЛ

Александр Мостовой: «Зенит» должен сказать спасибо Песьякову за чемпионство»




Аксыда Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгылары көчүрүлүп жатат

Azattyk.org 

Жалал-Абаддын Аксы районунда Өзбекстан аркылуу өткөн электр чубалгылары чек арадан көчүрүлүүдө.  Районду электр энергиясы менен камсыз кылган “Караван-Анашев” аба чубалгылары Кыргызстандын аймагына өткөрүлүп жатканын “Жалалабадэлектр” ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы “Азаттыкка” кабарлады.  Андан алынган маалыматка караганда,"Жалалабадэлектр" ишканасы жарыкты Өзбекстандын Наманган облусуна караштуу Хазретила айылы аркылуу Аксыга жеткирчү. 35 кВ аба чубалгыларынын Өзбекстандан өткөн аймагы 3 чакырым. Читать дальше...

Кыргызстанда медреседе окугандар эки эсе көбөйдү

Azattyk.org 

Соңку эки жылды Кыргызстанда медреседе окугандардын саны эки эсе арбыды. Муфтияттын Фатва бөлүмүнүн башчысы Равшан Эратовдун айтымында, учурда өлкөдө 8200 окуучу медреседе билим алат. Эки жыл мурун бул көрсөткүч төрт миңдин тегерегинде болчу.  Эратов мындай маалыматты бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери" аттуу жыйында билдирди. Кыргызстанда 104 медресе каттоодон өткөн. Андан тышкары диний билим берген орто жана жогорку онго жакын окуу жай бар. ... Читать дальше...

Польшада аткаминер "Орусиянын тыңчысы" деген шек менен кармалды

Azattyk.org 

Польшада "Орусиянын пайдасына тыңчылык кылып жүрөт" деген шектен улам өкмөттө иштеген аткаминер кармалды. Атайын кызматтар министрлигинин өкүлү Станислав Жарин мамлекеттик "TVP Info" каналына билдиргендей, Марек В. аттуу жаран "Северный поток -2" курулушун токтотуп коюу максатында Польша даярдаган жашыруун документтерди Орусияга маалымдаган деп айыпталууда. Ал 23-мартта кармалып, сот аны үч ай камакка алуу тууралуу чечим чыгарган. Польша Орусиянын газын деңиз аркылуу Германияга жеткирип берүүчү "Северный поток-2" түтүгүн курууга каршы. Читать дальше...

Университетте жаңжалдашкан окутуучулар боюнча комиссия түзүлдү

Azattyk.org 

Бишкекте Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин окутуучуларынын жаңжалын атайын комиссия иликтеп жатат. Аталган окуу жайдын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, комиссия ошол эле университеттин кызматкерлеринен куралды. 23-мартта кафедра башчы менен окутуучунун мушташканы тууралуу видео Интернетке чыккан. Жаңжал салган окутуучунун бири мас экени, аны менен милиция кызматкерлери сүйлөшүп жатканы тасмага жазылган. Окуя Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө каттоого алынган. Читать дальше...

Быйыл 23 медресеге эскертүү берилди

Azattyk.org 

Кыргызстанда "окутуу шарттары талапка жооп бербейт" деген 23 медресеге быйыл эскертүү берилди. Кемчиликтер жоюлбаса, алар толугу менен жабылат. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын башчысы Зайырбек Эргешов бүгүн Бишкекте өтүп жаткан "Ислам диний билим берүү системасын жакшыртуу маселелери" аттуу жыйында билдирди. Эргешовдун айтымында, буга чейин алты медресе жабылган. Кыргызстанда 104 медресе каттоодон өткөн. Андан тышкары диний билим берген орто жана жогорку онго жакын окуу жай бар. Читать дальше...



Москва

В ТРЦ «Нора» прошёл квиз для музыкальных энтузиастов


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В центре «Профессии будущего» обучают 75 востребованным специальностям



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Филипп Киркоров

Муза Киркорова сделала себе гигантскую грудь




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

ЦСКА обыграл "Урал" в заключительном матче РПЛ

"Спартак" и "Оренбург" сыграли вничью в заключительном матче РПЛ

Более двух тысяч спортсменов поучаствовало в параде на ВДНХ в Москве


Ролан Гаррос

Фалей уступила в квалификации открытого чемпионата Франции по теннису



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Новости 24 часа

Афиша театра кукол Бурятии "Ульгэр": Россия, Культура, Театр, Дети - Спектакль "Курочка ряба"



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России