Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Сентябрь
2018

Новости за 11.09.2018

Атайын долбоор: Сирияга баруу жихад эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандагы диний радикалдашуу жана Сириядагы согушка азгыруу темасын жаштар “Биздин атыбыздан эмес” долбоору алкагында чогулуп талкуулашты. «Биздин атыбыздан эмес» – Борбор Азиядагы биринчи антитеррордук долбоор. Анын максаты – «элдин атынан иш кылып жатабыз» деген экстремист-азгыруучулардын торуна адамдардын түшүп калышынын алдын алуу.

Түрк президенти Идлибде гуманитардык апаат болорун эскертти

Azattyk.org 

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Сириянын өкмөттүк күчтөрү согушкерлер ээлеп турган Идлиб провинциясында аскердик операция жүргүзсө, гуманитардык апаат башталарын эскертти. 11-сентябрда “Wall Street Journal” басылмасына чыккан интервьюсунда Эрдоган орусиялык жана сириялык аскердик учактар Идлибге чукул жерлерди бомбалап жатканын белгилеп, эл аралык коомчулукту чара көрүүгө үндөгөн. Түрк президенти болбосо “жалпы дүйнө анын азабын тартарын” эскертүүдө. Өткөн аптада Тегеранда Эрдоган Ирандын... Читать дальше...

12-сентябрдын аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

Кыргызгидрометеорология агенттиги билдиргендей, 12-сентябрда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана тоо кыркаларында мезгил-мезгили жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9, Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 6...11, күндүз 20...25, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 19...24, Баткен облусунда түнкүсүн 10...15, күндүз 25...30, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11...16... Читать дальше...



Баласы менен бийиктен бой таштаган аялга кылмыш иши козголду

Azattyk.org 

Ошто баласы менен төртүнчү кабаттан боюн таштаган аялдын үстүнөн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков "Азаттыкка" билдирди: - Окуя Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүүгө аракет жасоо" беренесине ылайык иликтенип жатат. Баланын абалы оор, кайра операция болот. Ымыркайдын келечек тагдырына кам көрүүнү Социалдык коргоо тармагынын кызматкерлери карап жатышат.  Айзат Чыртекова аттуу келин 6-сентябрда кечке жуук Ошто жети айлык ымыркайы менен кошо төртүнчү кабаттан бой таштаган. Читать дальше...

Кулматов боюнча райондук соттун чечими күчүндө калды

Azattyk.org 

Бишкек шаардык соту Кубанычбек Кулматовдун бөгөт чарасын карап, аны 28-сентябрга чейин камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди өзгөртодү. Отурум 11-сентябрда болду. . Бул тууралуу “Азаттыкка” Кулматовдун адвокаты Сергей Слесарев билдирди. Ал буга чейин райондук соттун чечимин “таптакыр орунсуз” деп баалаган. 25-июнда ушул эле Биринчи май райондук соту Кулматовду 28-августка чейин камакка алуу жөнүндө чечим чыгарган. Бөгөт чарасын үй камагына өзгөртүү өтүнүчү менен адвокаттар жогорку инстанцияга кайрылып... Читать дальше...

УКМК: Мамкаттоого караштуу ишкана бюджетке ири зыян келтирди

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы кызматы Мамлекеттик каттоо кызматында мыйзам бузуулар аныкталганын кабарлады.  Расмий маалыматка ылайык, Мамкаттоого караган, чарбалык эсептөөдөгү "Маалыматтык кызматтардын атайын борбору" быйыл апрелден июлга чейин автоунааларды каттоо жана кайра каттоодо эреже бузган. Жыйынтыгында бюджетке 5 миллион 841 миң 946 сом зыян келтирген.

Бааланбай жүрүп дүйнө салган талант

Azattyk.org 

Комузчу Руслан Жумабаев залкарлардын классикалык күүлөрүн чертүү менен катар комуз музыкасын жаңы мазмун, жаңы ыргактар менен байыткан ондогон күүлөрдү чыгарган. Ал 9-сентябрда 45 жашында дүйнө салды.



Кыргыз адабияты Чыңгызга муктаж

Azattyk.org 

Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары өткөн кылымдын элүүнчү жылдарынан тарта ааламды дүңгүрөтө баштагандан тартып, эл ичинде жаңы төрөлгөн бөбөктөргө Чыңгыз деген ат коюу өнөкөткө айланды.

Бачелет дүйнө көйгөйлөрүн козгоду

Azattyk.org 

Мьянмадагы рохинжа мусулмандарынын тагдыры, Европадагы мигранттардын көйгөйү, Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаал, Египеттеги өлүм жазасына тартылгандар. Мына ушул жана башка темаларга Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча жаңы жогорку комиссары Мишел Бачелет Кеңештин үч жумалык сессиясын ачып жатып сүйлөгөн сөзүндө кайрылды.

АКШ: судьялар кантип тандалат?

Azattyk.org 

Жакында АКШнын Жогорку сотунун тогуз судьясынын бири дайындалганы турат. Бул кызматка сунушталган судьянын талапкерлигинин айланасындагы эки партиянын тиреши дагы узакка созулчудай.

Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылат

Azattyk.org 

Кыргызстанда Ички аскерлер Улуттук гвардиянын курамынан чыгарылат. Тийиштүү жарлыкка президенти Сооронбай Жээнбеков 11-сентябрда кол койду.  "Жарлыктын негизги максаты — коомдук тартипти, инсандын жана коомдун коопсуздугун камсыз кылуунун мамлекеттик системасын жогорулатуу" - деп айтылат расмий кабарда. 2014-жылы аскердик реформалоонун алкагында Ички аскерлер Куралдуу күчтөрдүн түзүмүнө кирген Улуттук гвардиясынын курамына кошулган эле. Президенттин жарлыгында белгиленгендей, Ички аскерлердин... Читать дальше...

Бала сатуу бизнеси тыйыла элек

Azattyk.org 

Бишкекте бала сатуу фактысы боюнча төрөт үйлөрүнүн биринин кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Кармалган эки адамдын бири камакка алынды. Бул жыл башынан бери бала сатууга байланыштуу катталган бешинчи факты болуп калды. Бирок адистер мындай көрүнүш мындан да көп болушу мүмкүндүгүн эскертип, алдын алуу чараларын күчөтүүнү эскертип келишет.

Кыргызстанда микрокредит алгандар бир жылда жүз миңге көбөйдү

Azattyk.org 

Кыргызстанда микрокредит алгандардын саны бир жылда жүз миңге көбөйдү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2017-жылдын январь-июнь айларында 133 874 адам насыя алса, 2018-жылдын жарым жылында 220 481 адамга жеткен.  Микрокредит алгандардын эң көбү Ош облусунда - 50 392 киши. Андан соң Жалал-Абад облусу - 37 007 адам. Чүй облусунда 29 231 тургун насыя алган. Андан соң Бишкек шаары, Ысык-Көл, Нарын, Баткен облустары турат. Микрокредит алгандар Талас облусунда 6991 адамды түзөт.  ... Читать дальше...

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделүүдө

Azattyk.org 

Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделүүдө. Жогорку Кеңешке таандык бул демилгени 10-сентябрда парламенттин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо комитети жактырды. Эми жалпы жыйында каралат.  Орден маданият тармагында ийгиликке жеткен, гумандуулук идеяларын жайылтып, сактоо аракетин көргөн кыргызстандыктарга жана чет элдиктерге берилет.  Жазуучу Чыңгыз Айматов 2008-жылы жашоо менен кош айтышкан. Көзү тирүү болгондо быйыл 90 жашка чыкмак. Читать дальше...

Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделет

Azattyk.org 

Кыргызстанда улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов атындагы орден негизделүүдө. Жогорку Кеңешке таандык бул демилгени 10-сентябрда парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети жактырды. Маселе эми жалпы жыйында каралат.  Орден маданият тармагында ийгиликке жеткен, гумандуулук идеяларын жайылтып, сактоо аракетин көргөн кыргызстандыктарга жана чет элдиктерге берилет.  Залкар жазуучу Чыңгыз Айматов 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Көзү тирүү болгондо ал быйыл 90 жашка чыкмак. Читать дальше...

Москвада адамдарды машинеде тебелеткен адам эки айга камалды

Azattyk.org 

Москвада адамдарды автоунаа менен тебелетип кетти деп айыпталган теги кыргызстандык Бекжан Сарбишев эки айга камалды. Чечимди Кузьминский райондук соту 10-сентябрда чыгарды.  9-сентябрда Москванын Новочеркасский бульварында унаанын алдында калгандардын төртөөнүн абалы оор, алтоо салыштырмалуу дурус экени айтылган.  Жекшембинин таңында "Марьино" метросундагы "Аура" кафесинде көңүл ачып отурган кыргызстандыктардын ортосунда чыр чыгып, теги кыргызстандык, Орусиянын жараны 21 жаштагы Бекжан Сарбишев... Читать дальше...

БУУнун өкүлү: Иран менен Пакистанда ооган качкындарынын абалы оор

Azattyk.org 

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар иши боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди Ооганстанга, Пакистанга жана Иранга жасаган сапары тууралуу баяндап, качкындардын абалы оор экенин билдирди.  Женевада 10-сентябрдагы маалымат жыйынында сүйлөп жатып, Иран менен Пакистанга Ооганстандан барган бозгундардын жагдайы дурус эместигин, аларга көңүл буруу начардыгын белгиледи. Качкындар гуманитардык кризисте экенин кошумчалап, маселени тезирээк чечүү зарылдыгын айтты.  - Совет кошуундары Ооганстанга кирип... Читать дальше...

КСДП Атамбаевди коргоп айрым басылмалардын үстүнөн даттанды

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) айрым басылмаларда жарык көргөн макалаларга нааразы болуп, Жалпыга маалымдоо каражаттарынын үстүнөн түшкөн даттанууларды караган комиссияга арызданды. Аталган комиссиядан билдиришкендей, даттануу августтун аягында жөнөтүлгөн, азыр каралып жатат. Арызда "Майдан Пресс" басылмасында, "Kyrgyztoday.kg" жана "NazarNews.kg" сайттарында экс-президент, КСДПнын лидери Алмазбек Атамбаевдин дарегине такталбаган макалалар чыкканы айтылат. - Макалаларда... Читать дальше...

Иранда Шекспирдин чыгармасын койгон театр кызматкерлери жазаланды

Azattyk.org 

Иранда Уильям Шекспирдин "Жайкы түндөгү түш" пьесасын даярдаган театрдын эки кызматкери жазаланды. "Associated Press" кабарлагандай, Иран бийлиги спектакль Ислам Республикасынын мыйзамдарына каршы келе турганын билдирүүдө. Соттун чечими боюнча, коюучу режиссер Марьям Каземи менен менеджер Саид Ассади камакка алынган. Алар жекшембинин кечинде иштеп жаткан учурлары тартылган видео интернетке жайгаштырылгандан кийин кармалышкан. Өлкөнүн Маданият министрлиги билдиргендей, кармалгандар ар бири күрөөгө 24 миң доллардан берген соң коё берилген. Читать дальше...

Триполиде мунай компаниясына кол салуу болду

Azattyk.org 

Ливиянын баш калаасы - Триполи шаарында куралчан топ Улуттук мунай компаниясынын баш кеңсесине кол салды. 10-сентябрдагы расмий маалыматтарга караганда, эки тараптан экиден адам мерт болду. Күбөлөрдүн айтымында, кол салуу учурунда атышуудан тышкары жарылуу да болду. Анын алдында Триполи шаарында Ливиянын шайлоо комиссиясынын кеңсесин бутага алган кол салууда кеминде 11 кишинин өмүрү кыйылган. Жанкечти имаратка кирип барып бомбаны жардырып жибергенин, башка согушкерлер болсо ал жерге өрт койгонун... Читать дальше...

Акыйкатчы кызматына талапкер сунуштоо дагы бир апта созулушу ыктымал

Azattyk.org 

Эки айдан бери бош турган акыйкатчы кызматына талапкерлерди сунуштоо жараяны дагы бир жумадай созулушу ыктымал. Бирок азырынча парламенттин апталык күн тартибинде бул маселе жок. Бул тууралуу парламенттеги Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин мүчөсү, депутат Исхак Масалиев "Азаттык" радиосуна билдирди. Комитеттин дагы бир мүчөсү Асел Кодуранова бул маселе 11-сентябрда комитет жыйынында каралышы ыктымалдыгын “Азаттыкка” айткан эле. Читать дальше...



Москва

23 МАЯ РОССИЙСКАЯ МЕЖДУНАРОДНАЯ АКАДЕМИЯ ТУРИЗМА ОТМЕТИЛА СВОЙ 55-Й ДЕНЬ РОЖДЕНИЯ. ФОТОРЕПОРТАЖ


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

В школах Москвы прозвучали последние звонки — Собянин



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Концерт

Тариф – Большой Концерт.




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Radio Monte Carlo Golf Cup откроет спортивную программу ПМЭФ 2024

Финал командного чемпионата ФНТР по настольному теннису пройдет в Москве

Новгородские студенты стали призёрами олимпиады по анатомии в Петербурге


Екатерина Александрова

Екатерина Александрова уступила Линетт во втором круге турнира в Страсбурге



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Ролан Гаррос

Фалей уступила в квалификации открытого чемпионата Франции по теннису



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России