Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 14.03.2019

Малавиде суу ташкындын курмандыктары көбөйүп жатат

Azattyk.org 

Түштүк Африкадагы Малави республикасында суу каптоодон каза болгондордун саны 56 кишиге жетти. Суу ташкынга байланыштуу өлкөдө чукул кырдаал жарыяланды. Соңку бир жума ичинде 83 миңден ашык киши үйлөрүн таштап, коопсуз жерлерге көчүүгө аргасыз болушту. Нөшөрлөгөн жаан-чачындан дарыялар ташкындап, бүтүндөй айылдар суу астында калды. Электр энергия, суу системалары иштен чыкканы кабарланууда. Африканын түштүгүнө тропикалык циклон жакындап келаткандыктан, кырдаал мындан да оорлошот деп күтүлүүдө. Читать дальше...

Бишкек ЖЭБинде электр жабдуусунун иши үзгүлтүккө учурады

Azattyk.org 

Бишкектин Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) 14-мартта электр жабдыктарынын иши үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу «Электр станциялары» ишканасынын басма сөз кызматы кабарлады. «Релейлик коргонуудан улам электр жабдуусу (шиналардын биринчи системасы 110 кВ) өчүп калды. Учурда негизги жабдуунун режими жарым-жартылай калыбына келтирилди. Окуянын себептерин териштирүү жүрүп жатат» деп билдирди басма сөз кызматы. 2018-жылдын 26-январда Бишкек ЖЭБинде авария болуп, -20 градустан ашкан катуу суукта абоненттерге беш күн бою жылуулук берилген эмес. Читать дальше...

Казакстан: укук коргоочулар Билашты бошотууну талап кылышууда

Azattyk.org 

Казакстандык жана норвегиялык укук коргоочулар «Ата Журттун ыктыярчылары» уюмунун жетекчиси, активист Серикжан Билашты бошотууну талап кылышты.  13-мартта Норвегиянын Хелсинки комитети менен Казакстандын Адам укуктары боюнча бюросу биргелешкен билдирүү таратып, Серикжан Билаш жана ал жетектеген уюм Шинжаңдагы казактардын, улуттук азчылыктардын укуктары жапырт бузулуп жатканын коомчулукка биринчи болуп ачыкка чыгарганын, ал акыркы мезгилде бир нече ирет бийликтин кысымына алынганын кабарлашты. ... Читать дальше...



«Мекеним кыйналса, мен кыйналам...»

Azattyk.org 

Кыргызстандын Эл акыны, СССР доорунда Бүткүл союздук Ленин комсомолунун сыйлыгын алган атактуу акын Майрамкан Абылкасымованын жашы азыр сексенден ашып, кадырлуу карылыктын доорун сүрүп жаткан кези.

АКШнын отчетуна «саясий негизде» камакка алынгандар тууралуу маалымат кирди

Azattyk.org 

АКШнын Мамлекеттик департаментинин дүйнөдөгү адам укуктары боюнча 13-мартта жарыялаган отчетунда Кыргызстанда «саясий негизде» камакка алынгандар тууралуу да маалымат айтылган. Анда укук коргоочулар камактагы мурдагы депутаттар Өмүрбек Текебаев менен Садыр Жапаровду саясий негизде камакта жатат деп эсептешери белгиленет. Ошондой эле мурдагы эки премьер-министр Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевди камакка алуунун айрым саясий өңүтү бар деп санашаары жазылган.    Кыргызстандагы «Саясий туткундарды... Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды

Azattyk.org 

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында, Баткен облусунун Ак-Сай айылында кайрадан ок атылганы угулду. Бул тууралуу «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди. Анын айтымында, октор Тажикстандын Ворух анклавы тараптан атылып жатат. Атылган октон улам бир милиция кызматкери жабыр тартканы, ал ооруканага алынып кеткени кабарланды. Мамлекеттик чек ара кызматы болсо октор эскертүү катары атылганын, абал курчуп кеткенин ырастады. Мекеменин басма сөз кызматы жарадар болгон адам тууралуу маалымат такталып жатканын кошумчалады. Читать дальше...

Баткен: Өкмөт башчылары чек арадагы абалды талкуулашты

Azattyk.org 

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода менен телефон аркылуу сүйлөшүп, чек арадагы абалды талкуулады.  Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматы кабарлагандай, тараптар абалды турукташтырууга даярдыгын билдиришти. Сүйлөшүүдө окуяны биргелешип иликтөөнүн зарылдыгы тууралуу айтылды. 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Ага Ак-Сай-Тамдык жолунун курулушуна тажик тараптын нааразылык билдиргени себеп болгону айтылууда. Читать дальше...

Бишкек көк түтүндөн арыла элек

Azattyk.org 

Экологдор жаз келгенине карабай Бишкектеги абадагы ыштын көлөмү азая элек экенин айтышууда. Өлкөнүн экологиясын көзөмөлдөгөн мамлекеттик мекемелер мындай билдирүүлөрдү негизсиз деп эсептешет.



Жээнбеков: Элчилер элге жакын болсун

Azattyk.org 

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрдү. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасады.Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышты.

Сириядагы аба соккуларынан ондон ашык жай тургун өлгөнү кабарланды

Azattyk.org 

Сириянын Идлиб провинциясында Орусиянын аба соккуларынан кеминде 10 киши каза болгонун «Reuters» агенттиги козголоңчуларга, жергиликтүү тургундарга жана куткаруучуларга таянуу менен билдирди.  Лондондо жайгашкан Сириядагы адам укуктарына байкоо салуу борбору 13 киши аба чабуулунун курмандыгы болгонун, анын алтоо балдар экенин, 60ка жакын киши жарадар болгонун кабарлады.  Укук коргоочулар орусиялык учактар 24 саат ичинде бир нече жолу бомба таштаганын, бул акыркы айларда Орусия урган эң катуу сокку болгонун айтышты. Читать дальше...

Иранда газ түтүгү жарылып, эки кишинин өмүрү кыйылды  

Azattyk.org 

Ирандын Хузестан провинциясында газ түтүгү жарылып, кеминде эки кишинин өмүрүн алды. Өлкөнүн «Фарс» агенттигинин 14-марттагы маалыматында Перс булуңуна жакын жайгашкан Ахваз провинциясы менен Масшахр шаарынын ортосундагы газ түтүгү жарылганы айтылат.   Окуяда канча киши жабыркаганы азырынча белгисиз. Жарылууда автобус, жүк ташуучу машине жана жеңил автоунаа өрттөнгөнү кабарланды.  Ирандын инфраструктурасы эскиргени менен бийлик аны көп жылдан бери иштетип келет. Өлкөдө коопсуздук чаралары сакталбай турганы айтылып жүрөт. Читать дальше...

Бразилия: мектептеги ок атууда кеминде сегиз киши каза болду

Azattyk.org 

Каза болгондордун кеминде бешөө окуучу, экөө мектептин кызматкерлери. Дагы ондон ашык адам ар кандай жаракат алды. Окуя Бразилиянын Сузано шаарындагы «Raul Brasil» мектебинде болгонун жергиликтүү бийлик билдирди. Ок аткандар 17 жаштагы Гильермо Монтейро менен 25 жаштагы Энрико де Кастро экени айтылды. Маалыматка караганда, экөө тең мурда ушул мектепти бүтүргөн.  Бразилия полициясынын кызматкери Марсело Салестин айтымында, бычак, тапанча, балта жана жардыргыч зат куюлган бөтөлкөлөр менен куралданган... Читать дальше...

Чек ара кызматы: Тажикстан чатакта киши өлгөнүн расмий билдире элек

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз катчысы Салкын Абдыкариева Тажикстанда каза болгон адам тууралуу тажик чек ара мекемесинен расмий билдирүү келек элек экенин билдирди. Анын айтымында, тажик тарап аларга милиция кызматкерлери жабыр тартканы жөнүндө гана кабар берген. Мерт болгон адам жөнүндө маалымат келсе, ал боюнча иликтөө жүрөт. Тажикстандын Улуттук коопсуздук комитетинин Чек ара аскерлеринин башкы башкармалыгы «Азаттыктын» тажик кызматына маалымат берип, 43 жаштагы Хусейн... Читать дальше...

Отунбаев: АКШ менен жаңы келишим каралууда

Azattyk.org 

Кыргызстан менен АКШ кызматташтык тууралуу жаңы келишим боюнча макулдашуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчиси Болот Отунбаев билдирди.

«Супер-инфо» гезитинин жетекчиси Финполицияга чакырылды

Azattyk.org 

«Супер-инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматка (Финполиция) суракка чакырылды. Бул тууралуу гезитке караштуу Super.kg порталы жазды. Маалыматты Шатманова өзү «Азаттыкка» ырастап, буга «ЖМКны колдоо борборунун» сайтына 2012-жылы жайгаштырылып, ошол боюнча жаңыланбай калган жаңылыш маалымат негиз болгонун айтты. Ал кабардын мазмунун ырастаган жок. Шаиста Шатманова алар шартка байланыштуу Финполицияга дүйшөмбү күнү барууга макулдук беришкенин... Читать дальше...

15-мартка карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

15-мартта Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 0...5, күндүз 14...19, Таласта түнкүсүн -1...+4, күндүз 14...19, Ысык-Көлдө түнкүсүн 0...-5, күндүз 5...10, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда түнкүсүн 1...6, күндүз 14...19, Нарында түнкүсүн -6...-11, күндүз 3...8 градус болот. Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 0…2, күндүз 16…18 градус болот.

АКШнын ЖОЖдорунда паракорлук табылды

Azattyk.org 

АКШда чоң пара төлөп балдарын Йел, Стэнфорд өңдүү абройлуу университеттерге өткөргөн ата-энелер менен 25 миллион долларлык коррупциялык схемага катышкандарга айып коюлду.

Таласта тургундар Шыралжын кенин жабууну талап кылышууда

Azattyk.org 

Бакай-Ата районунун Май айылынын тургундары Шыралжын кенин жабууну талап кылып чыгышты. Бул тууралуу «Азаттыктын» Таластагы кабарчысы Альбина Сулайманова кабарлады. Жашоочулар мындай талабын Шыралжын кенинде адамдар жоголуп жатканы менен түшүндүрүштү.  Май айылынын 34 жаштагы Рамис Тотонов аттуу тургуну 31-январда иштен чыккан боюнча үйүнө кайтып келген эмес. Ал дагы эле табыла элек. Эки баланын атасы алтын чыккан жерде эки жарым жылдан бери иштеп жүргөн. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү милиция ырастап... Читать дальше...


Музыкальные новости
The Beatles

Звезда «Гладиатора 2» Пол Мескал может сыграть одного из участников The Beatles





Rss.plus
Леонид Якубович

Премьера спектакля «Люди А. Выбор» по пьесе Леонида Якубовича




Выставка древних надгробий в Новодевичьем монастыре

Почти 300 вылетов совершили вертолеты санавиации Подмосковья с января

Квитанции по ЖКХ пустые: от этих выплат полностью освободили пожилых людей с 1 июня

Российская медицина все больше опирается на отечественное




Жакынкы Чыгыштагы согуш 8 жыл ичинде 900 миллиард доллар зыя алып келди

Ca-irnews.com (kg) 

Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлү араб өлкөлөрүндөгү куралдуу чыр-чатактар олуттуу каржылык зыян алып келип, аймактагы кээ бир өлкөлөрдү экономикалык кыйроонун чегине жеткиргенин билдирди.

Ташиев: Бул бийлик чек ара маселесин чече албайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, саясатчы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу өз пикирин «Фейсбуктагы» баракчасына бөлүштү. Ал «Баткендеги талаш жер үчүн баарына даяр» экенин жазып, азыркы бийликти «жагдайды жөнгө сала албайт» деп айыптады. Ошого байланыштуу саясатчы өзү жаңжал чыккан аймакка жөнөгөнүн кабарлады. «Кээ бирөөлөр айтышы мүмкүн «пиар» деп, бирок мен эч качан пиар менен жашаган эмесмин. Мен үчүн Кыргызстанымдын ар бир метр жери ыйык жана маанилүү. Мен Баткенге жөнөп жатам... Читать дальше...

Нарындык жаштар йога менен машыкты

Azattyk.org 

Нарын шаарында Индиянын маданият күнү белгиленди. Ал Индиянын мамлекеттик ишмери Махатма Гандинин 150 жылдыгына арналды. Анын алкагында Индиядагы диний көп түрдүүлүк, байыркы маданияты менен искусствосу тууралуу кеңири маалымат берилип, жаштарга йога менен машыгуу уюштурулду. Дүйнө элине тараган йоганын философиясы, тарыхы жана сыры тоолуктар үчүн жаңылык болгону менен аны үйрөнүүгө кызыкчылык күчтүү экендиги байкалды.

Ишкерлер өкмөттөн жеңилдик күтөт

Azattyk.org 

Расмий маалыматтар боюнча учурда Кыргызстанда 480 миң адам орто жана чакан ишкерлик менен алектенет. Ишкерлер жыл өткөн сайын чакан бизнестен пайда көрүү оорлоп баратканын айтып, мамлекетке колдоо көрсөтпөгөнү үчүн нааразы.

Кыргызстан Майыптардын укуктары тууралуу конвенцияны ратификациялады

Azattyk.org 

Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясын ратификациялады. Бул тууралуу мыйзамга президент Сооронбай Жээнбеков кол койду. Конвенцияны БУУ 2006-жылдын 13-декабрында кабыл алган. Кыргызстан ага 2011-жылдын 21-сентябрында кошулган. Анын максаты - майыптарга адамдын бардык укуктарын жана негизги эркиндиктерин толук жана бирдей камсыз кылуу, коргоо жана колдоо, ошондой эле алардын ар-намысын сактоо. Расмий маалыматтарга караганда, Кыргызстанда 181 миңден ашуун майып адам каттоого алынган. Читать дальше...



Москва

Сотрудники Росгвардии задержали устроившего стрельбу с балкона мужчину в Подмосковье 


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: трасса из Солнцева до Варшавского шоссе откроется в 2026 году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Николай Цискаридзе

«Я без нее не могу жить»: Николай Цискаридзе назвал имя любимой женщины




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

При поддержке MR Group прошел полумарафон «ЗаБег.РФ»

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть

Бойцовская лига «Наше Дело» представит спортивную зону на Дне России


Новак Джокович

Новак Джокович и Хамад Меджедович сыграли в бочче на Ролан Гаррос | Виды спорта



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Елена Рыбакина

Рыбакина, Путинцева и Бублик стартуют на Ролан Гаррос. Кто в соперниках и чего ждать?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России