Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2019

Новости за 14.03.2019

Карамушкина УКМКга: Атамбаевдин тарапкерлерине куугунтукту токтоткула

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина экс-президент Алмазбек Атамбаевди колдогон активисттерге карата куугунтук болуп жатканын билдирип, бул үчүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетти (УКМК) айыптады. Бул тууралуу ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында айтып чыкты: - УКМКнын төрагасы Кадыркуловго расмий түрдө кайрылабыз. Өз кызматкерлеринин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзсүн. Партиянын активисттерине жана Алмазбек Атамбаевди колдогондорго карата куугунтукту токтотуш керек. Читать дальше...

Парламент чек арадагы абалды жабык талкуулай турган болду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин 14-марттагы жыйында өкмөттүн парламенттеги өкүлүнүн орун басары Алмазбек Абытов кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жабык кароону сунуш кылды. Төрага Дастан Жумабеков муну добушка коюп, жыйынга катышкан 75 депутаттын баары колдоду. Натыйжада жыйындан массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү чыгарылды. Маалыматты биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бере турган болду.  Эртең менен депутаттар жалпы жыйынында тийиштүү жетекчилерди чакырып, чек арадагы абал тууралуу маалыматын угууну сунушташкан. Читать дальше...

Баткен: Элчи жол салынып жаткан аймак Кыргызстанга таандык экенин айтты

Azattyk.org 

Баткенде чыр чыккан жерде жол курулуп жаткан аймак Кыргызстанга таандык. Бул тууралуу 14-мартта "Азаттык" радиосуна Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков билдирди. Элчи маселени дипломатиялык жол менен чечүүгө аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады. Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кырдаалды жөнгөрүү боюнча Чек ара кызматы, укук тартибин коргоо органдары жана жергиликтүү бийлик иштеп жатканын айтты. 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Читать дальше...



Чек ара кызматы: Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу

Azattyk.org 

Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Баткенде кыргыз-тажик чек арасындагы абал салыштырмалуу туруктуу экенин билдирди.   Мекеменин 14-марттагы расмий билдирүүсүндө  жаңжалдан Таш-Тумшук участогунда бир үй, Аudi үлгүсүндөгү бир автоунаа, КамАЗ үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаанын бир чиркегичи өрттөнгөнү кабарланды. Өрт өчүрүүчү топту Тажикстандын жарандары кое бербей койгону да айтылды. Чек ара кызматы 13-марттагы жаңжалда тажик жарандары Баткендин Ортобоз айылындагы бир сарайды өрттөп салганын... Читать дальше...

Баткен: чек арадагы кырдаал

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду.

Баткен жана Согди облус башчылары чек арадагы кырдаалды талкуулашты

Azattyk.org 

Кыргызстандын Баткен облусунун жетекчиси Абиш Халмурзаев менен Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджаббой Ахмадзода чек арадагы абалды телефон аркылуу талкуулашты. Бул тууралуу «Азаттыктын» облустагы кабарчысы Жеңиш Айдаровго Баткен облустук администрациясы билдирди. Тараптар элди тынчтандырып, жолдорду ачуу жана башка маселелер боюнча макулдашты. 13-марттын кечинде Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков тажикстандык кызматташы Сирожиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшүп... Читать дальше...

УКМК: Сирияда жалданып согушкан кыргызстандык кармалды

Azattyk.org 

Эл аралык террордук уюмга жалданып, Сириядагы куралдуу жаңжалдарга активдүү катышып келген кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүдө айтылгандай, кармалган жаран Ош облусунун тургуну, буга чейин издөөдө жүргөн. Ал 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, террордук уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшкөн. Ошондон кийин Сирия өкмөтүнө каршы «жихадга» катышуу максатында Түркияга жана андан нары Сирияга кеткен. Читать дальше...



Маматалиев: Чек арага жооптуулардын иши чабал болуп жатат

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында 13-мартта чыккан чыр коопсуздук иштерине жооптуу вице-премьер-министрдин жана ушул маселеге тиешеси бар жетекчилердин ишинин чабалдыгынан чыкты. Мурдагы вице-премьер-министр Абдырахман Маматалиев «Азаттык» радиосунун 14-марттагы түз эфиринде ушундай пикирин айтты. «Делимитация боюнча өкмөт аралык комиссиянын ортосунда сүйлөшүүлөр солгундап кеткендей. Комиссияны эки мамлекеттин вице-премьер-министрлери жетектешет. Акыркы убакта кандай иштер жүрүп жатканы, жолугушуулар жөнүндө маалымат чыга элек. Читать дальше...

Жээнбеков: Элчиликтердин эшиги жарандарыбызга күнү-түнү ачык болсун

Azattyk.org 

Чет мамлекеттердеги элчиликтер ошол жакта жашап жаткан кыргыз жарандарынын укуктарын коргоого көңүл бурушу керек. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков бүгүн Бишкекте өткөн жыйында ушундай талап койду.  Президент элчиликтер менен консулдуктар четтеги кыргызстандыктардын негизги таянычы болуп, алардын эшиги күнү-түнү ачык болушу керек экенин, жарандарга тезинен жардам көрсөтүү зарыл болорун белгиледи. Ошондой эле Жээнбеков четтеги журтташтардын шайлоо укуктарын камсыз кылуу зарыл экенин да айтты. Читать дальше...

Баткен: Милиция чек арадагы жолду кайтарууга алды

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасындагы Көк-Таш айылында жолдо чогулгандар көбөйүп бараткандыктан бир нече милиция кызматкери Ош-Исфана автожолун тосуп койду. Бул тууралуу «Азаттыктын» Баткендеги кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди. Тажик аймагы аркылуу өтө албай топтолуп калган автоунаалардын саны 100гө чукулдады.  Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда. Көк-Таш айылында Тажикстандын өрт өчүрүүчү автоунаасы турганын көрүүгө болот. 13-март күнү саат 15:30дар чамасында... Читать дальше...

Жээнбеков: АКШ менен кызматташтык тууралуу жаңы келишим даярдалууда

Azattyk.org 

Кыргызстан менен АКШ кызматташтык тууралуу жаңы келишим боюнча макулдашуу иштерин жүргүзүп жатат. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын элчилери менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, келишимди талкуулоодо эки тараптын кызыкчылыктары эске алынышы керек.  «Өлкөдөн мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттардын жакында эле кайтарылышы иштин алгылыктуу башаты деп эсептейм. Бул багытта иш үзгүлтүксүз негизде жүргүзүлүшү керек», - деди Жээнбеков. «Ала-Арча» мамлекеттик... Читать дальше...

Кыргызстан Парижде жана Римде өкүлчүлүк ачууну көздөп жатат

Azattyk.org 

«Париж жана Рим шаарында жашап, иштеп жаткан мекендештер көбөйүп жаткандыктан бул шаарларда дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү ачууну тапшырам» деди мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков. Бул тууралуу президент Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери менен жолугушууда билдирди. Ошондой эле президент Германияга, Францияга, Швейцарияга, Венгрияга жана Азербайжанга расмий сапар менен барары белгилүү болду. Жээнбековдун айтымында, бул өлкөлөр менен соода-экономикалык жана башка тармактарда кызматташтык маселелери талкууланат. Читать дальше...

Президент элчилерди чоң жыйынга чогултту

Azattyk.org 

«Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилери жана консулдуктарынын башчылары менен жыйын өткөрүүдө. Мамлекет башчысы Кыргызстандын тышкы саясатындагы негизги багыттар тууралуу кайрылуу жасайт.  Жыйынга 27 мамлекеттеги элчи жана ири шаарлардагы башкы консулдар менен бирге 34 дипломатиялык мекеменин башчылары катышууда. Президент Жээнбеков элчилерди 13-мартта кол койгон Кыргызстандын тышкы саясаты боюнча жаңы концепция менен тааныштырат. Читать дальше...

Баткен: Парламент чек арадагы абалды талкуулайт

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүн 14-мартта жалпы жыйынында тийиштүү жетекчилерди чакырып, чек арадагы абал тууралуу маалыматын укмай болду. Мындан тышкары кийинки жумада ушул эле маселени комитеттерде кароо чечими кабыл алынды. 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. “Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, жаңжалдан бир тажикстандык көз жумду. (RK)

Вице-премьер Разаков Баткенде чыр чыккан аймакка жөнөп кетти

Azattyk.org 

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Баткенге жөнөп кетти. Бул тууралуу парламенттин жыйынында айтылды. Депутаттар чек арада түзүлгөн кырдаал боюнча тийиштүү мекемелердин маалыматын угуу үчүн аларды саат 11ге чакыртышты. 13-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылынын тургундарынын ортосунда жаңжал чыккан. Чырды эки өлкөнүн чек арачылары келип токтотушкан. “Азаттыктын” тажик кызматынын жазганына караганда, жаңжалдан бир тажикстандык көз жумду. (RK)

Европарламент Түркияны катарына кошуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жылдырды

Azattyk.org 

Түркия Европарламенттин Анкара менен сүйлөшүүлөрүн белгисиз мөөнөткө жылдыруу тууралуу резолюциясын сындап, аны “бир тараптуу кадам“ деп атады. Адам укуктарынын жана мыйзамдын бузулуп жатканын жүйө келтирген Европарламенттин депутаттарынын 370и Түркияны биримдикке мүчө кылып киргизүү жараянын токтотуп туруу үчүн добуш берди. Ага 109 депутат каршы чыкса, 143 депутат арабөк калды. “Эмне үчүн айыпталганын билбестен 17 ай абакта отуруу Түркиянын бүгүнкү жүзүн чагылдырат”, - деди Нидерланддын Европарламенттеги өкүлү Кати Пири. Читать дальше...


Музыкальные новости
Вадим Самойлов

Вадим Самойлов рассказал про войну с братом





Rss.plus
Дмитрий Песков

Москва готова развивать сотрудничество с Ташкентом и Астаной по поставкам газа – Песков




Работу линий освещения восстановили на дорогах в 8 округах Подмосковья

Студенты Луховиц стали призерами чемпионата «Абилимпикс» в двух компетенциях

Самозанятые и ИП ждут снижения доходов летом

Более 7,6 тыс. ям заделали на дорогах Люберец с начала года




Кыргыз-тажик чек арасында 100гө жакын автоунаа топтолуп турат

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасына жакын жайгашкан Көк-Таш айылында Ош-Исфана жолунда бара жаткан 100гө чукул автоунаа, тажик аймагын кесип өтө албай, топтолуп турат. Бул тууралуу "Азаттыктын" Баткен облусундагы кабарчысы Жеңиш Айдаров кабарлады.  Жол жабылганына байланыштуу ушундай эле абал Төрт-Көчө айылында да сакталууда. Көк-Таш айылында Тажикстандын өрт өчүрүүчү автоунаасы турганын көрүүгө болот. Буга чейин чек арага топтолгон эл таркап кеткени кабарланган. Бирок жаңжал чыккан аймактарды чек ара... Читать дальше...

Бир нече өлкө «Боинг 737 MAX 8ге» тыюу салды

Azattyk.org 

Ондогон өлкөлөр “Боинг” компаниясынын «Боинг 737 MAX 8» үлгүсүндөгү лайнеринин учуусуна тыюу салды. Мындай чечимге алар 10-марттагы Эфиопиядагы авиа кырсыктан кийин келишкен. Бирок “Боинг” компаниясы учактын коопсуздугуна толук ишенерин айтып жатат.

"Кыргыз-түрк достугу ооруканасын" ачуу маселеси талкууланат

Azattyk.org 

Бүгүн, 14-мартта Жогорку Кеңеш "Кыргыз-түрк достугу ооруканасын" ачуу маселесин талкуулайт. 2018-жылдын 1-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргызстан менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы Бишкек мамлекеттик "кыргыз-түрк достугу ооруканасын" ачуу, биргелешип башкаруу жана өткөрүп берүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын медицина жана медициналык адистиктер чөйрөсүндө Түркияда билим алуусу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууга киргизилет.  Буга... Читать дальше...

КСДПнын курултайынын делегаттарын ИИМдин 10-бөлүмү текшерип жатканы кабарланууда

Azattyk.org 

Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) 6-апрелге белгиленген курултайынын делегаттарын ИИМдин 10-бөлүмүнүн кызматкерлери телефон чалып, текшере баштады. Бул тууралуу партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди. Жолдубаева ИИМ делегаттарга кысым көрсөтүү аркылуу КСДПнын курултайын үзгүлтүккө учуратууну көздөп жатканын айтты.  Буга чейин КСДПнын катчылыгы партиянын аймактардагы курултайларынын делегаттары тууралуу маалыматтарды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) чогултуп жатканын кабарлаган. Читать дальше...

Кыргыз-тажик чек арасында топтолгондор тарады

Azattyk.org 

Кыргыз-тажик чек арасында жаңжалдан кийин топтолгон кыргыз жарандары таркап кетишти. Бул тууралуу "Азаттыкка" облустагы кабарчысы Жеңиш Айдаров билдирди. Жаңжал чыккан участкалардагы абалды чек арачылар жана милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турат. Жеке булактар кабарлагандай жаңжал учурунда Кыргызстанда жана Тажикстанда калып кеткен бирден автоунаалар алмаштырылды. Автоунаалардагы тургундар жабыркаган эмес.  Кечээ, 13-мартта күндүз, саат 15:30дар чамасында Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын... Читать дальше...



Москва

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: В июне в Москве пройдет цикл мероприятий для собак и их владельцев



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Лоза

Юрий Лоза связал шансы Валиевой стать певицей с объемом вложений в раскрутку




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть

Бойцовская лига «Наше Дело» представит спортивную зону на Дне России

Марафон серий «Команды МАТЧ» на телеканале «СуперГерои» ко Дню защиты детей


Ролан Гаррос

Теннисист Рублев вышел во второй круг Открытого чемпионата Франции



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


News Every Day

Tesla under investigation over Fremont factory toxic emissions, and faces lawsuit over alleged health harms



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России