Ирак ТИМи: Америка Ирактын жерин пайдаланып, Иранга каршы аракет жасоого уруксаты жок
Ирак ТИМнин басма сөз катчысы Ирак Америкага өз жерин пайдаланууга берип, кошуна Иран Ислам Республикасына каршы аракет жасоого уруксат бербей турганын билдирди.
Ирак ТИМнин басма сөз катчысы Ирак Америкага өз жерин пайдаланууга берип, кошуна Иран Ислам Республикасына каршы аракет жасоого уруксат бербей турганын билдирди.
Индонезиядагы бир нече күн бою тынбай жааган нөшөрдөн улам жүргөн жер көчкүнүн айынан 80дей кишинин өмүрү кыйылды. 43 адам дайынсыз. Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар агенттигинин басма сөз катчысы Сутопо Пурво Нугрохо табигый кырсыктан Сентани району көбүрөөк жабыркаганын дүйшөмбүдө билдирди. 74 адам ар кандай жараат менен ооруканаларга жаткырылды. Өкмөттүн өкүлү курмандыктардын саны дагы көбөйүшү ыктымал экенин кошумчалады. Жыл сайын нөшөрлөгөн жаан-чачын жана суу ташкынынан улам 17 миң аралдан турган... Читать дальше...
Якутск шаарынын тургундары «мигранттардын бири жергиликтүү аялды зордуктаган» окуядан кийин нааразылыкка чыгышты. 17-марттын кечинде 200дөй адам борбордук аянтка чогулду. Якутиянын Тергөө комитети «Зордуктоо» жана «Адам уурдоо» беренелери менен кылмыш ишин козгоду. Мекеменин маалыматына караганда, жекшембинин таңында белгисиз үч адам аялды зордоп машинеге салган. Тергөөнүн версиясы боюнча 23 жаштагы шектүү адам «машинени гараж тарапка айдап барып, аялды зордуктаган». Тергөө комититети шектүүлөрдүн бири кармалып... Читать дальше...
Пентагон «АКШ жарандык согушка баткан Сирияда 1000дей аскерин калтырат» деген маалыматты четке какты. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн штаб башчыларынын бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд 17-мартта билдирди. «Февраль айында жарыяланган планда эч кандай өзгөрүү боло элек. Биз Сириядагы күчтөрдүү азайтуу боюнча президенттин буйругун аткарууну улантып жатабыз», - деди америкалык генерал. «Wall Street Journal» басылмасы Сириянын түндүк-чыгыш жагында күрттөр үчүн коопсуз... Читать дальше...
Өмүрүнүн акырына чейин эркинен ажыратылган укук коргоочу Азимжан Аскаров убактылуу кармоочу жайдан Сокулук районунун Жаңы-Жер айылында жайгашкан №19 абакка которулду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын (ЖАМК) басма сөз кызматынын өкүлү Элеонора Сабатарова №19 абак атайын өмүр бою кесилгендерге ылайыкташтырылып салынганын, Аскаров буга чейин ден соолугуна байланыштуу №47 абакта да кармалып турганын билдирди. Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров «Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган» деп соттолуп... Читать дальше...
Кыргызстан социал-демократиялык партиясы (КСДП) расмий түрдө оппозицияга өткөнүн жарыялады. Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева бул тууралуу буга чейин да айтылганын, эми алардын мындан аркы иш-аракеттери тууралуу айтып берди: «КСДП - эми расмий түрдө оппозициячыл партия. Ар кандай оппозициялык күчтөрдөй эле биз бийликтин туура эмес жүргүзгөн саясатына сын-пикир айтабыз. Алтернативалуу сунуштарды беребиз. Ошондой эле 2020-жылы оппозициячыл партия катары парламенттик шайлоого барабыз». Экс-президент... Читать дальше...
Босниялык сербдердин мурдагы лидери, БУУнун Эл аралык трибуналы 40 жылга эркинен ажыраткан Радован Каражичтин доо арызын караган Гаага сотунун чечими 20-мартта чыгары кабарланды. Сот прокурорлордун Каражичке геноцидге байланыштуу коюлган айыпты алып салган мурдагы өкүмдү жок кылып, аны өмүр бою эркинен ажыратууну суранган өтүнүчүн да карайт. 2016-жылы мурдагы Югославия боюнча БУУнун Эл аралык трибуналы босниялык сербдердин экс-лидери Радован Каражичти Сребреницадагы геноцид жана 1990-жылдары... Читать дальше...
Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча эки тараптуу сүйлөшүүнүн жыйынтыгы менен учурда жабык турган бардык жолдор ачылып, Аксай-Тамдык жолу курулмай болду. Тиешелүү чечим Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков жана Тажикстандан премьер-министринин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнөн кийин кабыл алынды. Бул тууралуу жеринен «Азаттыктын» кабарчысы Жеңиш Айдаров кабарлады. 13-14-мартта Кыргызстандын Ак-Сай жана Тажикстандын Мехнатабад айылдарынын тургундарынын ортосунда чатак чыккан. Читать дальше...
Айдарбек Орозалиев Чаткал районунун Кызыл-Токой айылында эмерек жасаган жалгыз уста. Ал төрт жылдан бери өз үйүн устаканага айландырып, элеттиктерди жыгачтан жана темирден жасалган эмеректер, буюмдар менен камсыздап келет. Анын колунан чыккан эмеректерди айылдын ар бир экинчи үйүнөн көрүүгө болот. Устанын колдо жасалган эмеректери шаардагы кымбат баалуу буюмдардан кем калбайт.
Крайстчерч шаарындагы “Аль-Нур” жана “Линвуд Масджид” мечиттериндеги террордук кол салууда курман болгондордун арасында пакистандык 9 мусулман болгон.
Кечээ, жекшемби күнү Жаңы Зеландиядагы террорчулукта курман болгон мусулмандарды эскерүү үчүн Крайстчерч шаарына Түркиядан делегация барды.
Токмок шаарында Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты мушташтан улам каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз өкүлү Назира Имангазиева билдирди: «Окуя Токмок шаарынын көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анын натыйжасында бир адам өлүп, бирөө ооруканага түшкөн. Азыр кылмышка шектүү катары бир киши кармалды. Учурда ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп жатат. Каза болгон жаран Чүй районундагы жергиликтүү кеңештин депутаты болгон. Ал депутаттыкка өзүн-өзү көрсөткөн». Читать дальше...
Эл аралык турнирге спортчулар дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн катышты.
«Кыргызгидромет» борбору кабарлагандай, 19-мартта өлкөдө түнкүсүн жаан жаабайт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4…9, күндүз +14…+19, Талас жергесинде түнкүсүн 2…7, күндүз +14…+19, Баткен облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз +15…+20, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 5…10, күндүз +15…+20, Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -4…+1, күндүз +10…+15, Нарын облусунда түнкүсүн -3…-8, күндүз +3…+8 градус болот. Читать дальше...
Бишкекте өтүп жаткан «Нооруз-2019» республикалык турниринин алкагында Оштун «Достук» командасы бүгүн алгачкы оюнун өткөрөт. Анын бүгүнкү атаандашы Чүй облусунун «Четинди» командасы болмокчу. Эки атаандаштын оюну Бишкек убактысы боюнча 14:30да башталат. Ошондой эле бүгүн «А» тайпасынын алкагында «Бакубат-Талас» жана «Төш-Булак» командаларынын ортосунда оюн өтмөкчү. Быйыл «Нооруз-2019» турнирине жогорку лигадан алты команда катышууда. Турнирдин былтыркы жеңүүчүсү Талас облусунун «Ынтымак» командасы кечээ алгачкы оюнун өткөрүп... Читать дальше...
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн 2019-жылы аткара турган мамлекеттик программалары менен долбоорлорун жарыялап, аларды аткарыш үчүн тиешелүү тармактык жетекчилердин жеке жоопкерчилигин талап кыларын белгиледи.
Бишкек шаарында 19-марттан тартып жылуулук берүү өчүрүлө баштайт. Бул тууралуу мэрия кабарлады. Тиешелүү чечим бүгүн, 18-мартта күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча түзүлгөн ыкчам штабдын Бишкек Жылуулук электр борборунда (ЖЭБ) өткөн жыйынында кабыл алынды. Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат. Тийиштүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов кол коет. Буга чейин айрым шаардыктар батирлер ысык болуп жатканын социалдык тармактарга жазып... Читать дальше...
Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди. Атайын кызмат тараткан маалыматка ылайык, 2019-жылдын 13-январында Өзбекстандын жарандары ижарага алган турак-жайдан өрт чыккан. Ал сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Февралдын башында Баткен шаардык ички иштер башкармалыгы «кылмыштын белгилери жок» деп ишти токтотуп, анын мыйзамдуулугун текшериш үчүн Баткен райондук прокуратурасына жөнөткөн. Ишти караган райондук прокурордун орун басары Өзбекстандын... Читать дальше...
Сербияда оппозициянын соңку жүрүштөрүнөн кийин президент Александр Вучич өлкөдө тартипти коргоого убада берди. 16-мартта Вучичтин бийликтен кетишин талап кылган оппозициячыл топ мамлекеттик телеканалды ээлеп алып, өздөрүнүн пикирин элге жеткирүүнү талап кылышкан.
Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматы Эл аралык кызыл чырым комитетинин өкүлдөрүнүн автоунаасына байланыштуу маалыматтарга жооп берди. Мекеменин маалыматына караганда, окуя 16-мартта болгон. Кызыл чырым комитетинин эн белгиси бар автоунаа Ак-Сай айылына жакын жайгашкан Дача тилкеси аркылуу өтүүгө аракет кылган. Бирок ал аймактагы жолду жергиликтүү тургундар тосуп тургандыктан жана Кызыл чырым комитетинин автоунаасынан тышкары аталган комитетке тиешеси бар-жогу билинбеген машинелер болгондуктан өткөрүлгөн эмес. Читать дальше...
18-мартка карата 196 946 салык төлөөчү бирдиктүү салык декларациясын тапшырды. Алардын арасында 43 860 юридикалык жак, 88 743 жеке ишкер, 27 382 жеке жак, 7 441 салык салынуучу кирешеси жок жеке жак, ошондой эле 30 294 мамлекеттик жана муниципалдык кызматкер бар. 1-апрелге чейин жеке жактар былтыр алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлк объектилери, экономикалык иши тууралуу жана башка маалыматтар боюнча салык органдарына отчет бериши керек. Аталган мөөнөткө чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер... Читать дальше...
Москванын Крымды каратып алганына туура беш жыл болду. Украина менен Батыш өлкөлөрү бул жарым аралдын аннексиясын "баскынчылык" катары мүнөздөсө, Москва крымдыктар "өз ыктыяры менен" тарыхый мекенине кайтканын билдирип келет.
Мамлекеттик каттоо кызматы 2019-жылдын 1-июлунан тартып 16 жашка чыга элек балдарга чет өлкөгө чыгыш үчүн маалымкат (справка) берүүнү токтотот. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Элиза Кыдырмышева кабарлады: «Азыр Казакстанга, Орусияга жана Өзбекстанга чыгыш үчүн жалпы жарандык паспорту жок эле туулгандыгы тууралуу күбөлүккө жарандыгын тастыктаган маалымкат берилип келет. Чет мамлекетке чыгыш үчүн күбөлүккө кошо ошол маалымкатты алуу жетиштүү болчу. Эми ушул жылдын 1-июлунан баштап биз аны токтотуп жатабыз». Читать дальше...
17-марттагы жардырууда дагы жети адам жаракат алганын Пакистандын полициясы кабарлады. Темир жолго коюлган бомба жүргүнчү ташыган поезд өтүп бараткан учурда алыстан жардырылган. Окуя Белужистан провинциясынын Мурад Жамали аймагында болгон. Жергиликтүү полиция Ирфан Баширдин маалыматы боюнча Jaffar Express поезди Равалпин шаарынан Кветтага карай бараткан. Азырынча жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. Белужистандагы сепаратисттер Ооганстан жана Иран менен чектешкен аймактардагы... Читать дальше...
Жаңы Зеландиядагы Крайсчерч шаарындагы 50 адамдын өмүрүн алган эки мечитке теракт тартылган тасманын оңдолгон варианттары да өчүрүлгөнүн компаниянын өкүлү Мия Гэрлик билдирди. 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттеринде жума намаз окулуп жатканда 28 жаштагы австралиялык Брентон Таррант мечитке кирип барып, андагы адамдарды аткылаганын "Фейсбуктагы" баракчасында түз эфирде көрсөткөн. Террактан кийинки алгачкы сааттарда тасманын 17 мүнөттүк толук версиясы башка соц тармактарга таркап кеткен. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости