Кыргызстандык Эржан Тургунбеков профессионал боксчулардын турнирине катышат
Тургунбеков боксчулардын дүйнөлүк рейтингинде 348-орунда турат (1531 спортчунун ичинен).
Тургунбеков боксчулардын дүйнөлүк рейтингинде 348-орунда турат (1531 спортчунун ичинен).
Сүрөт көргөзмөсү 18-мартта Бишкек шаарындагы "Ololo House" борборунда ачылат. Анда белгилүү фотограф Эльер Нематовдун Орусиядагы борбор азиялык мигранттардын жашоосун чагылдырган сүрөттөрү коюлат. Эльер Нематов - 2017-жылы күзүндө өткөн “Мигранттар көрүнбөгөн күч” деп аталган фотоконкурстун жеңүүчүлөрүнүн бири. (ZKo)
“Helpthechildren-SKD” фонду жана Иран ислам републикасынын Бишкектеги элчилиги Улуттук онкология жана гематология борборундагы балдар бөлүмүнө жардам көрсөтөт Алар 19-мартта Нооруз майрамын утурлай бөлүмгө компьютер жана принтер белек кылышат. Ошондой эле 104 миң сомдук кымбат-баалуу витаминдер алынды. Ар бир балага сүрөт тартуучу мольберт, бойок кагаздары менен тартууланат. Кыргызстанда 25 миңден ашуун адам рак оорулары менен каттоодо турат. Алардын 3 миңге чукулу 18ге чыга элек балдар жана өспүрүмдөр. Читать дальше...
Бишкек шаар мэриясы көп кабаттуу үйлөргө жана мекемелерге жылуулук берүүнү токтотуу маселесин 18-мартта карайт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, аба ырайы беш күн катары менен 8 градустан төмөн болбосо, жылуулук берүү токтотулат. Айрым шаардыктар батирлерде ысык болуп жатканын социалдык тармактарга жазып, мэриядан жылуулук берүүнү токтотууну суранышууда. Быйылкы кышкы мезгилдеги жылуулук өткөн жылдын октябрь айында бериле баштаган. (ZKo)
Кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан улам коопсуз жайга чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын тургундарына гуманитардык жардам берилип жатат. "Балдар укугун коргоо лигасы" коомдук фондунун жетекчиси Назгүл Турдубекованын "Азаттыкка" билдиргени боюнча, уюм ар бир үй-бүлөгө муктаж буюмдарын, кийим-кече жана азык-түлүк алып беришкен. "Биз баласы бар үй-бүлөлөргө гигиеналык каражаттарды, балдарга бут кийим жана башка кийимдерин алып бердик. Мындан тышкары балдардын, энелердин жана кош бойлуу аялдардын медициналык... Читать дальше...
17-марттагы сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралуу журналисттерге маалымат берилген жок. Ага чейинки сүйлөшүүлөрдө кыргыз-тажик чек арасында болгон окуяны эки өлкөнүн өкүлдөрүнөн турган тергөө топтору иликтеши керек деген чечимге келишкен эле. 15-марттан бери жүрүп жаткан сүйлөшүүгө Кыргызстан тараптан вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, ал эми Тажикстандан премьер-министрдин орун басары Азим Иброгим баш болгон эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрү катышууда. Анда чырдын чыгышына себеп болгон Аксай-Тамдык жолунун... Читать дальше...
Пакистан Жаңы Зеландиядагы теракттан кийин 18-мартты аза күтүү күнү деп жарыялады. 15-мартта Жаңы Зеландиянын Крайстчерч шаарындагы «Аль-Нур» жана «Линвуд» мечиттерине куралдуу кол салуудан Пакистандын тогуз жараны набыт болгон. «Жалпы эл кайгырып жатат», - деп билдирди тышкы иштер министри Шах Махмуд Куреши 17-мартта. Пакистан бийлиги мечитте өлгөн 50 жаштагы Миан Наим Рашидди өзгөчө белгилөөдө. Ал ошол күнү 22 жаштагы уулу менен автоматчандарды токтотууга аракет кылып жатып өлгөн. Пакистандын... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости