«Кыргызмунайгаз» «Газпромго» өткөнү калды
Кыргыз өкмөтү орусиялык «Газпром» ишканасына «Кыргызмунайгаз» компаниясын сатуунун шарттарын караган Жол картасына кол койду.
Кыргыз өкмөтү орусиялык «Газпром» ишканасына «Кыргызмунайгаз» компаниясын сатуунун шарттарын караган Жол картасына кол койду.
Бүгүн Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүү башталып, бирок соттолуучу Айбек Калиевдин адвокаттары келбей калгандыгына байланыштуу сот 10-апрелге жылдырылды. Бишкек ЖЭБин жаңылоодогу коррупция боюнча кылмыш ишин кароо Бишкектин Свердлов райондук сотунда 18-февралда башталган. Соттук жыйын жабык өткөн. Адвокаттардын «отурум ачык болсун» деген өтүнүчү четке кагылган. Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча сегиз адамга айып коюлган. Читать дальше...
Асылбек Жээнбеков Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) катарынан чыкты. Бул тууралуу ал бүгүн Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында расмий билдирди. Жээнбеков аталган партияда «бир адамдын диктатурасы орноп калды» деп, «Кыргызстандагы алдыңкы партиялардын бири, өзүм жан-дилим менен аралашып, калыптандырган уюмдун учурдагы абалы жүрөгүмдү оорутуп, зээнимди кейитип турат. КСДПнын тегерегинде жүрүп жаткан окуялар мамлекеттин жаркын келечегине кедергисин тийгизбеши абзел» деген оюн кошумчалады. Читать дальше...
Узартылган тилкеге 1-апрель күнү алгачкы учак келип конгон. Мындан ары Ош аэропортуна «Boeing 767-300», «Boeing 737-800», «Airbus A320» сыяктуу ири учактар консо болот. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы маалымдады. Тилкелер аэропортту реконструкциялоо иштеринин 3-баскычынын алкагында жүргүзүлгөн. Тилкенин узундугу 400 метрге узартылып, натыйжада учуп-конуу тилесинин жалпы узундугу 3212 метрди түздү. Ош эл аралык аба майданы - Кыргызстандагы экинчи чоң аэропорт, анын имараты 1974-жылы курулган. Читать дальше...
Алжирдин президенти Абделазиз Бутефлика бир нече жумага созулган каршылык акцияларынан кийин шейшембиде кызматын тапшырды. Бул тууралуу өлкөнүн мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди. Бутефликанын кызматтан кетиши тууралуу маалымат Алжир армиясынын башкы штабынын башчысы Ахмед Гаед Салах аны кызматтан четтетүү боюнча токтоосуз түрдө чара көрүүгө чакыргандан кийин пайда болду. Аскер кызматкерлерин «Бутефлика бийликтен мөөнөтү бүткөн соң, 28-апрелде кетет» деген билдирүү ынандырган эмес. Алар... Читать дальше...
Өзбекстанда издөөгө алынган жана Европа сотунун коргоосундагы качкын 1-апрелде өз каалоосу менен мекенине кайтып келди. Аны Карши шаарындагы аэропортто милиция кызматкерлери камакка алышты. Навои шаарынын тургуну Аброр Хидиров диний экстремисттик уюмду түзүү жана мамлекеттик чек арадан мыйзамыз өтүү боюнча айыпталып, эл аралык издөөгө алынган. Ал Москванын Сахарово айлындагы Депортация борборунда жүрүп, мекенине кайтарын, өкмөттүн жаңы убадаларына жана адилеттүү сот жараянына ишеним артарын билдирген. Читать дальше...
Кытайдын Сычуан провинциясындагы тоолуу аймакта жуманын акырында чыккан токойдогу өрт менен күрөшкөн 26 өрт өчүргүч каза болду.
Касым-Жомарт Токаев Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу боюнча 3-апрелде Москвага барат. Бул анын президенттик кызматындагы чет мамлекеттеги алгачкы расмий сапары. Жолугушууда эки тараптын мамилеси, кызматташтыгы, Евразия аймагындагы интеграциялык долбоорлорду өнүктүрүү ж.б. маселелер тууралуу кеп болору кабарланууда. 19-мартта Казакстандын мурдагы президенти Нурсултан Назарбаев күтүүсүз жерден кызматтан кетерин жарыялап, анын ордуна мыйзам боюнча парламент төрагасы Касым-Жомарт Токаев келген. Читать дальше...
Ооган аткаминеринин маалыматы боюнча, 2-апрель күнү Балх провинциясынын түндүгүндө көзөмөл бекетине кол салуудан кеминде сегиз адам өлдү. «Азаттыктын» ооган кызматы кабарлаганы боюнча Шолгар районундагы кагылыштан да беш киши жарадар болгон. Азырынча кол салуу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек. Шолгарда талибдер аймактагы көзөмөл бекеттерине кол салып турушат. Аткаминердин айтуусунда, атышуудан талибдер да өз адамдарынан айрылган. Талибдер 17 жылдык согуштан кийин тынчтык келишимине келүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканына карабай... Читать дальше...
Мамдепартаменттин өкүлү маалымдагандай, 3-апрелде өтчү жолугушууда «Орусиянын бардык коркунучтары», анын ичинде Украинага жана Грузияга карата баскынчы аракеттеринен тартып, АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишүүсүнө чейин талкууга алынмакчы. НАТОго кирген өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлери Вашингтонго уюмдун 70 жылдыгын белгилөө максатында топтолушууда. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен 2-апрелдеги сүйлөшүүдө АКШнын президенти Дональд Трамп «НАТО үчүн аз акча бөлүнүп жатат» деп сындады. Читать дальше...
3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу соттук ишти кароону улантат. Буга чейинки отурумдарда «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев көрсөтмө берген. Ал бул ишке орун басарлары жооп бериши керек экенин айткан. Прокурор экс-директор Кыдырбаевдин көрсөтмөсү буга чейинкилерден айырмаланып жатканын белгилеп, «ал жоопкерчиликтен качып жатат» деп билдирген. 2018-жылы январь айындагы Бишкек ЖЭБиндеги... Читать дальше...
3-апрелде Свердлов райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук териштирүүнү баштайт. Буга чейин соттук жыйын жабык өткөн. Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) басма сөз катчысы Кундуз Жолдубаеванын «Азаттыкка» билдиргени боюнча, отурум ачык өтүүгө тийиш. - Буга чейин жабык өтүп келди. Эми отурум ачык болушу керек. Бирок биздин шекшигенибиз - судьялар сот залынын чакандыгын шылтоо кылып, көп кишилерди, маалымат каражаттарынын өкүлдөрүн киргизбей коюшу ыктымал... Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости