Орусия: Иран Сирияда мыйзамдуу түрдө жүрөт
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Сирия аймагындагы ирандык күчтөр Дамасктын чакыруусу менен мыйзамдуу түрдө жүргөнүн баса белгиледи.
Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Сирия аймагындагы ирандык күчтөр Дамасктын чакыруусу менен мыйзамдуу түрдө жүргөнүн баса белгиледи.
Абройлуу «World Press Photo» сыйлыгын быйыл АКШнын чек арачылары энесин тинтип жатканда ыйлап турган гондурастык кичинекей кыздын сүрөтү утту. 11-апрелде Амстердамда өткөн аземде жюри «Getty Images» агенттигинин фотографы, америкалык Жон Мур АКШ менен Мексиканын чек арасынан тарткан сүрөт «психологиялык зомбулукту чагылдырганын» белгиледи. Чек арадан мыйзамсыз өткөн гондурастык Сандра Санчес менен кызы Янеланын сүрөтү Кошмо Штаттардын мигрант балдарды ата-энелеринен бөлүү саясатына карата сынды ого бетер күчөттү. Читать дальше...
Судандын Коргоо министри ант берүү менен өлкөнүн өтмө аскердик кеңешинин президенти катары өз кызматын баштады.
Быйыл сентябрь айында манасчы Жусуп Мамайдын эстелигинин ачылыш салтанаты болот. Бул тууралуу бүгүн 12-апрелде парламентте маалымат берип жатып вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова билдирди. Депутат Улукбек Ормонов: «Былтыр Жусуп Мамайдын 100 жылдыгы деп өзүбүздүн жаш жигиттер акча чогултуп, эстелигин бүтүргөн эле. Өкмөттүн иш-чаралар планына киргизилген. Жер бөлүнгөн. Ачылышы качан болот?» деген суроо койду. Өкмөттүн маалыматына караганда, эстеликтин ачылышы Кытайдан «Манас» операсын кытай... Читать дальше...
Хоккей федерациясынын вице-президенти Мурат Жакыпов өлкөдө хоккей өнүгүп жатканын айтты.
Словакияда мурдагы аскер Мирослав Марчек журналист Ян Куциак менен анын сүйлөшкөн кызы Мартина Кушнированы өлтүргөнүн моюнга алды. Бул тууралуу иликтөөчү журналист иштеген aktuality.sk порталы кабарлады. Журналист менен ашыгын былтыр 25-февралда Братиславадан 65 чакырым алыс жердеги үйүнөн атып кетишкен. Куциак ал кезде Словакиянын премьер-министри Роберт Фицого жакын адамдардын италиялык мафия менен байланыштарын иликтеп жаткан. Аягына чыкпай калган макаласы журналист өлгөндөн кийин жарык көргөн. Читать дальше...
Мындай талап башкы көзөмөл органы курултайдын «саясий туткундардын ишин кайра кароо» боюнча талабына жооп бербегени үчүн коюлууда. Бул тууралуу 12-апрелде саясатчы Азимбек Бекназаров басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, элдик курултай башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдон саясий туткундар Өмүрбек Текебаевдун, Садыр Жапаровдун, Бектур Асановдун жана башкалардын ишин жаңы жагдайлар боюнча кайра кароону суранган. «Бирок эч кандай жыйынтык болгон эмес, ошондуктан биз анын кызматтан кетишин талап кылабыз», - деди Бекназаров. Читать дальше...
Москва шаарынын райондук соту америкалык ишкер Майкл Калвинин үй камагын 14-июлга чейин узартты. Адвокаттары аны тилкат менен же күрөөгө бошотууну өтүнүшкөн. Бейшембиде сот Калвини тергөө абагынан үй камагына которууга макул болгон. «Baring Vostok» инвестициялык фондунун жетекчиси көз боемочулук боюнча айыпталууда. Орусиялык бир нече белгилүү ишкерлер, бизнес-акыйкатчы Борис Титов, Сбербанктын төрагасы Герман Греф, «Яндекстин» негиздөөчүсү Аркадий Волож, Роснанонун башчысы Анатолий Чубайс Калвини кое берүүгө чакырышкан. Читать дальше...
Орусия Кыргызстандын Түндүк-Түштүк темир жол долбоорун ишке ашырууга кызыгып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-апрелде парламенттеги башкаруучу коалициянын жыйынында депутаттардын суроосуна жооп берип жатып «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Канатбек Абдыкеримов айтты: - Орусия ошондой эле «Түндүк-Түштүк» темир жол долбоорубузга да кызыгып жатат. Аракет кылып жатабыз. Кудай буюрса, ишке ашырабыз. Жакында орус президенти Владимир Путин Бишкекке келгенде «Орус темир жолу» жана... Читать дальше...
Биринчи май райондук соту Бишкек шаарынын мэриясынын бул тууралуу арызын канааттандырып, Өмүрбек Бабановду тосуп алууга арналып, Эски аянтта өткөрүлө турган митингге тыюу салган чечим чыгарды. Бул тууралуу «Республика» партиясынын штаб мүчөсү Канат Мидин уулу «Азаттыкка» билдирди. Ал сот чечимине каршы Бишкек шаардык сотуна кайрылышарын кошумчалады. Партиянын штабынын маалыматы боюнча, 12-апрелде Каракол шаарынын мэриясы да Бабановдун тарапкерлерине 13-апрелде борбордук аянтта митинг өткөрүүгө уруксат берген эмес. Читать дальше...
Ооганстанда талибдер көзөмөлдөгөн аймактарда Эл аралык кызыл чырым комитетинин жана Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун ишмердигине тыюу салынды. «Талибан» кыймылынын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид ал эл аралык уюмдар иш алып барган жерлерде «шектүү» аракеттер байкалганын билдирди. «Алар өздөрүнө алган милдеттерди аткарбай, эмдөө учурунда өздөрүн шектүү алып жүрүшөт» деген кыймылдын өкүлү «калган уюмдар эркин иштей беришет» деп кошумчалады. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму балдардын шал оорусу жоюлмак турсун... Читать дальше...
12-апрелде Бабановдун өкүлү Ислам Карганбаев басма сөз жыйынында «Кыргызстан» коммерциялык банкынын рейдерлик жол менен басылып алынганы тууралуу козголуп жаткан маселелер Өмүрбек Бабановду каралоо максатында атайын жүргүзүлүп жатканын билдирди. Анын айтымында, азыркы бийлик мындай сценарий менен Өмүрбек Бабановду өлкөгө кайра келтирбөөгө аракеттенип жатат. - Өмүрбек Бабановдун келээри белгилүү болгондон кийин күч органдары жанданып, Бабановдун жакындарын, алардын ичинен жээни Жаныбек Мырзабаевди суракка чакырып, 5 саат суракка ала баштады. Читать дальше...
Кыргызстанда жарандарга паспорт жасоодо мамлекеттин бюджетине зыян келтирилген. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Идирис Кадыркулов билдирди. Атайын кызматтын башчысы учурда тергөө жүрүп жатканын, купуя сыр болгондуктан тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн кенен маалымат бере албаcын айтты: - Кылмыш иши «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» деген негизде кызмат адамдарына карата козголгон. Суммасын айта албайбыз, мамлекеттик бюджетке зыян келтирилген. Читать дальше...
Кыргызстандык сүрөтчүлөр тобу Стамбул шаарынын тарыхый, кооз жерлерин кыдырып сүрөткө тартып жүрүшөт. Бир айдан кийин алар сүрөттөрдүн көргөзмөсүн уюштуруп, андан түшкөн каражатты башка өлкөлөрдөгү кооз жерлерди тартууга жумшашат.
Жалал-Абад шаарында курулуп жаткан көп кабаттуу алты үйдүн курулушу мыйзамсыз башталгандыгы аныкталып, тийиштүү тараптар аны токтотуу боюнча сотко кайрылганы жатат.
Эквадордун полициясы чуулгандуу «WikiLeaks» сайтынын негиздөөчүсү Жулиан Ассанждын санаалашын кармады. Ички иштер министри Мария Паула Ромо тергөө сырына таянып анын атын атаган жок. Ал эми «Associated Press» Эквадор өкмөтүндөгү булактарга таянып маалымдагандай, сөз швециялык программист Ола Бини тууралуу жүрүп жатат. Аны баш калаа Китонун аэропортунан Токиого учуп кетмекчи болгондо токтотушкан. Эквадордун бийлиги «Бини өлкөдөгү кырдаалдын туруктуулугун бузууну көздөгөн жана мурдагы тышкы иштер министри... Читать дальше...
Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери компьютердин зыяны үчүн маянасына кошумча 7,3 млн. сом алышкан. Эсеп палатасы 2017-жылга карата Мамлекеттик каттоо кызматындагы бюджеттик чыгымдардын, кирешелердин жана башка каражаттардын пайдаланылышын текшерген. Анын алкагында бул тармакта эмгек акыны негизсиз төлөө фактылары, эмгек акы төлөөдө мыйзам бузулган учурлар аныкталган. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 7,3 млн. сомду түзгөн. Анын ичинен эмгек акыны негизсиз төлөөгө 1,8 млн. сом сарпталса, эмгек акыны төлөөдөгү мыйзам бузуу 5,5 млн.
Украинадагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасынан кийин өткөрүлгөн биринчи эркин сурамжылоонун жыйынтыгы чоң саясатта тажрыйбасы жок Владимир Зеленский азыркы мамлекет башчы Петро Порошенкодон кыйла алдыда экенин көрсөттү.
БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышып жаткан «Талибандын» делегациясынан санкцияларды убактылуу алып салды. Бул тууралуу кыймылдын басма сөз катчысы Забихулла Мужахид билдирди. Талибдердин өкүлү 11-апрелде «Азаттык» радиосунун Пакистан кызматына маалымдагандай, Катардагы сүйлөшүүгө катышып жаткандардын аты-жөнү «кара тизмеден» алынганын Коопсуздук кеңеши кабардар кылды. Айрым маалымат каражаттары «Талибандагы» адамдарга таянып «Коопсуздук кеңеши туруктуу 5 мүчө менен консультациядан... Читать дальше...
13-апрелде Кыргызстанда жаан-чачын болбойт. Бийик тоолуу райондордо жолдорго муз тоңот, кар көчкү коркунучу бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 4...9, күндүз 18...23, Талас жергесинде түнкүсүн 3...8, күндүз 16...21, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн 5...10, күндуз 19...24, Ысык-Көл дубанында түнкүсун 2...7, күндүз 14...19, Нарын аймагында түнкүсүн 2...7, күндүз 15...20, Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12... Читать дальше...
Бул тууралуу шаар мэриясы «Республика» партиясынын жетекчилигине жиберген катта айтылган. Анда Талас шаардык администрациясынын алдындагы аянтка медициналык жана башка муниципалдык мекемелер, мектептер жайгашканына байланыштуу ал жерде Бабановду тосуп алууга арнап митинг өткөрүүгө тыюу салынары жазылган. Ошондой эле аянтта жайыт пайдалануучуларга эл аралык уюмдар тарабынан техника берилишине арналган иш-чара өтөрү белгиленип, аянт 13-апрель күнү бош болбосу кабарланган. Бул катты «Республика» партиясынын... Читать дальше...
2019-жылдын алгачкы эки айынын жыйынтыгы менен Кыргызстандын сыртка экспорту азайганы байкалды. Былтыр жыл ичинде да бул көрсөткүч дээрлик өскөн эмес эле.
Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борборго былтыр 123 арыз келип түшкөн. Анын ичинен 113ү милиция кызматкерлерине, жетөө УКМК кызматкерлерине, калган үчөө Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына (ЖАМК), прокуратурага жана дарыгерлерге байланыштуу. Бул маалымат 12-апрелде Бишкекте пробация тууралуу форумда айтылды. Кыйноого каршы күрөш боюнча улуттук борбордун маалыматы боюнча, арыздардын басымдуу бөлүгү Бишкектен түшкөн. Ошондой эле арыздардын көпчүлүгү борбордун кызматкерлери жабык жайларга барган учурда алынган... Читать дальше...
Ооганстанда тынчтык орнотууга аркеттер көрүлүп жаткан учурда дагы өлкө элинин 42 пайызы Талибан менен тынчтыкка келүү мүмкүн эмес деп эсептешерин сурамжылоолор көрсөттү.
Курбанбай Искандаров кызматынан мамлекеттик этика талаптарын бузганы үчүн алынды. Бул тууралуу бүгүн парламентте маалымат берип жатып премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди: - Мен аны мамлекеттик кызматкердин этикасын бузгандыгы үчүн алдым. Разаковдун күнөөсү тастыкталса ага да чара көрүлөт. Бирок ошондой нерсени мага айтпай, башка жерде таратып жүргөнү мамлекеттик кызматкердин этикасына жатпайт. Таратып жүргөнүн ушул жердеги кызматташтар айтты го, «бизге алып келип берди» деп. Өзү бергенин мойнуна алды. Читать дальше...
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости