Бекешев: Майыптардын укуктары боюнча конвенциянын алкагында иш жүрбөй жатат
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев быйыл ратификацияланган Майыптардын укуктары боюнча конвенция боюнча өкмөттүн планы жок экенин айтып, өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды: - Азыр биз Майыптардын укуктарын коргоо жөнүндө эл аралык конвенцияны ратификация кылдык. Азыр аны аткаруу боюнча маселе чыгып жатат. Өкмөттүн алдында жумушчу топ түзүш керек. Буйрук өкмөттүн аппаратында жатат. Ошону бат-баттан бүтүрүп, келгиле, жумушту баштайлы. Конвенция күчүнө кирди, бизде болсо бир да план же иш аткарылбай жатат. Читать дальше...