Түштүк Кореянын президенти Борбор Азияны кыдырууда
Түштүк Кореянын президенти мамлекеттик сапар менен Борбор Азияны кыдырууда. Мун Чжэ Индин 21-апрелде Казакстандын баш калаасы Нур-Султанга келди. Анын бул сапарында экономикалык, инновациялык долбоорлорго өзгөчө басым жасалды. Акордонун маалыматына караганда, корей тарап «Санарип Казакстан 2018-2022» программасына катышууга кызыкчылыгы бар экенин, экономиканын бардык тармагын санариптештирүү тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр экенин билдирди. Ошондой эле Нур-Султанда эл аралык IT борбор түзүү маселеси талкууланды. Читать дальше...