Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө толук тыюу салынды
Кызыл-Омпол кени боюнча «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясына берилген лицензия кайтарып алынып, кенди иштетүүгө толук тыюу салынды. Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов Тоң районунун тургундары менен жолугушкан учурда айтты. - Мен расмий түрдө айтып жатам, уран кенин иштетүү жабылды. Алардын (ред: компаниянын) колунда уран кенин иштетмек турсун, чалгындоо жүргүзгөнгө да акысы жок. Лицензияны кайтарып алдык. Лицензия жок болгондон кийин кандай иш жүрсө да ал мыйзамсыз, - деди Боронов. Читать дальше...