Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Апрель
2019

Новости за 26.04.2019

УКМК: эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсү кармалды

Azattyk.org 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы Кыргызстандын жараны, эл аралык террористтик уюмдун согушкери (А.А.И.) кармалганын билдирди. Ал 23-апрелде колго түшкөн. Маалыматка караганда, шектүү 2014-жылы Сирияга барып «куралчан жихадга» кошулуу максатында араб инструкторлорунан атайын диверсиялык-террористтик даярдыктан өтүп, андан ары согуш аракеттерине катышкан. Кийин «куралчан жихад» жана жашыруун террористтик уюм түзүү максатында Кыргызстанга келген. «Бул факты... Читать дальше...



Жээнбеков: Кыргызстан-Украина ортосундагы мамиле өнүгөт деп ишенем

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Украинанын президенти болуп шайланган Владимир Зеленскийди куттуктады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады. “Сизди Украинанын президенти кызматына шайланышыңыз менен чын ниеттен куттуктайм. Кыргызстан менен Украинанын ортосундагы достуктун, өз ара түшүнүшүүнүн жана кызматташуунун салттуу мамилелери мындан ары да эки элибиздин кызыкчылыгында өнүгө берет деп ишенем,- деп айтылат мамлекет башчысынын куттуктоо телеграммасында.  Украинада... Читать дальше...

Сириядагы согушка катышкан кыргызстандыктар боюнча бир жылда 110 иш ачылган

Azattyk.org 

2018-жылы Сириядагы согуш жүрүп жаткан аймактарга кеткен кыргызстандыктар боюнча укук коргоо органдары 110 кылмыш ишин ачкан. Чогултулган далил материалдардын негизинде 111 кишиге айып тагылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады. 110 кылмыш ишинин 55и сотко өткөрүлгөн, ал эми 41 адам кесилген. Айыпталгандардын ичинен 76% Ош, 12% Жалал-Абад аймагынын тургундары жана алардын 94% эркек, 6% аялдар болгон. Ошондой эле айыпталгандардын 60% 30 жашка чейинкилер экени айтылат. Көзөмөл орган... Читать дальше...

Шри-Ланкада өлгөндөрдүн саны 100 кишиге аз болуп чыкты

Azattyk.org 

Шри-Ланка бийлиги Пасха майрамындагы теракттардан каза болгондордун саны болжол менен жүз кишиге аз болуп чыкканын жарыялады. Бул тууралуу Би-би-си Саламаттыкты сактоо министрлигине таянып кабарлады. Буга чейин жекшембиде болгон жардыруулардын курмандыктары 359га жеткени айтылган. Учурда каза тапкандардын саны 253түн тегерегинде деп эсептелди.  21-апрелде христиандар Пасха майрамын белгилеп жатканда Шри-Ланканын баш калаасы Коломбодо жана анын тегерегиндеги шаарчалардагы чиркөө жана мейманканалар... Читать дальше...

Бүгүн Бишкекте уран казууга каршы акция өтөт

Azattyk.org 

Бүгүн 26-апрелде Бишкектин Ала-Тоо аянтында айрым жарандар Кыргызстан аймагында уран кенин казууга таптакыр тыюу салуу талабы менен акцияга чыгышат. Алар кыргыз өкмөтүнөн өлкөнүн бардык аймактарынан уран казууга канча лизенция берилгени боюнча маалымат берүүнү талап кылышат. Уюштуруучулардын бири Назикбек Кыдырмышев мындай деди: -  Бул маселе жалаң эле Ысык-Көлгө тиешелүү эмес. Эртең Ысык-Ата, Кочкордон казып Кара-Балтадан иштете бериши мүмкүн. Биз уран казууну жана кайра иштетүүнү толук токтотууну талап кылабыз. Читать дальше...

Зеленский: БШК жыйынтыкты жарыялоону атайылап создуктурууда

Azattyk.org 

Украинадагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен шоумен Владимир Зеленский өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясын (БШК) добуш берүүнүн жыйынтыктарын жарыялоону атайылап создуктурууда деп айыптады. Анын айтымында, БШК атайылап эле Жогорку Рада жаңы президенттин инаугурациясын 27-майга чейин белгилөөгө жетишпей калсын деп убакытты созууда. Эгер шайланган президенттин ант берүү аземи андан кийинки күндөргө жарыяланса, анда Зеленский парламентти таркатуу тууралуу жарлык чыгара албай калат.  Украин мыйзамдарына ылайык... Читать дальше...



Казакстанда кесилген кыргызстандыктардын жакындары өкүмгө макул эмес

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы депутаты Дамирбек Асылбек уулу жана аны менен кошо кармалган кыргызстандыктар Уланбек Мурадиловдун, Чыңгыз Абакировдун жакындары Казакстандын Алматы шаарынын райондук соту чыгарган өкүмгө макул эмес. Алар сот ишти акыйкат эмес карады деп эсептешет. 26-апрелде соттолгондордун жакындары Бишкекте маалымат жыйын курарын билдиришти. 24-апрелде Алматы шаарынын райондук соту аткезчиликке байланыштуу айыпталган Дамирбек Асылбек уулун эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жалпысынан 10 жылга кести. Читать дальше...

Путин эки күндүк сапар менен Пекинге барды

Azattyk.org 

Орусия президенти Владимир Путин Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын менен жолугушуусунан кийин эки күндүк сапарга Кытайга келди. Ал Ким Чен Ын менен болгон сүйлөшүүсү боюнча Кытай лидерине жана АКШ бийлигине кенен маалымат берүүгө даяр экенин билдирди. 26-апрелде Түндүк Кореянын мамлекеттик медиасы Ким Чен Ын Путинди Пхеньянга чакырганын жана ага орус лидери макул болгонун кабарлады. Бирок так датасы айтылган жок.   Путин Түндүк Корея лидери менен жолугушуусун “маңыздуу талкуу болду" деп баалады. Читать дальше...

Депутаттар кол топтоо механизмин мыйзамдаштырууну сунуштоодо

Azattyk.org 

Парламенттеги бир катар депутаттар "Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндөгү" мыйзамга петиция жана онлайн түрүндө кол чогултууну киргизүү долбоорун сунуштап жатышат. Бүгүн 26-апрелде Бишкекте мыйзамга өзгөртүү киргизүү долбоорун жана петициянын механизмдерин иштеп чыгуу боюнча коомдук талкуу өтөт. Демилгечилердин бири, депутат Дастан Бекешов мыйзам долбоорунун өзөгүн мындайча түшүндүрдү. - Мисалы, бир маселе боюнча беш миң кол топтолсо парламенттеги комитет карашы керек. Ал эми 10... Читать дальше...

Жээнбековдун Пекин сапары уланууда

Azattyk.org 

Кыргызстандын мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Пекин шаарында жумуш сапары менен жүрөт. Жээнбеков Бишкектен 25-апрелде учуп кеткен. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Мамлекет башчысы “Бир алкак - бир жол” эл аралык форумуна жана “Дүйнөлүк бак өстүрүү 2019” көргөзмөсүнө катышат.   Форумдун алкагында Кытай лидери Си Цзиньпин менен жолугат. Ошондой эле Жээнбеков экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча бир катар компания жетекчилери жана илимий чөйрөнүн өкүлдөрү менен жолугушуусу пландалган. Читать дальше...

“Дарак ыры” мусулман киносунун фестивалына катышууда

Azattyk.org 

Кыргызстандык режиссер Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” тасмасы Казан шаарында өтүп жаткан мусулман кинолорунун фестивалына катышууда. Бул тууралуу уюштуруучулар маалымдашты. Фестивалдын ачылышы Татар мамлекеттик акедемиялык театрында болуп өттү. Шорт-листке 21 өлкөдөн 55 тасма илинди.  Буга чейин «Дарак ыры» тасмасы Орусиянын Самара шаарында өткөн «Балдарга - кино» аттуу эл аралык фестивалда баш байгени утуп алган. «Дарак ыры» мюзиклинин бет ачары Бишкекте 2018-жылы өткөн. Чыгарма буга чейин АКШда, Орусияда, Иранда көрсөтүлгөн. Читать дальше...

Кыргызстанда уюлдук байланыш акысы арзандайт

Azattyk.org 

Кыргызстан аймагындагы бардык уюлдук операторлордун сыртка чалуулары элүү тыйынга төмөндөйт. Башкача айтканда, жакында байланыш операторлордун бири-бирине чалуулары арзандайт. Бул тууралуу Монополияга каршы күрөшүү агенттигинин статс-катчысы Айбек Мамыралиев Бишкекте өткөн маалымат жыйында кабарлады. Мамыралиевдин айтымында, мурда операторлордун бири-бири менен байланышы мүнөтүнө төрт сомду түзсө, эми июнь айынан тарта 3 сом 50 тыйын болот. Ошондой эле келерки жылы 2 сомго түшүрүү пландалып жатат.

Мэрия таштандыны кайра иштетүүчү ишканага тендер жарыялады

Azattyk.org 

Бишкек мэриясы таштандынын бардык түрүн кайра иштетүүчү ишканага тендер жарыялаганын маалымдады. Тендер эки баскыч менен өткөрүлүп, алгач техникалык гана сунуштар кабыл алынат. Экинчи баскычта сунуштар талкууланып, буйрутма берген тараптын пикири эске алынышы керек. Тендердин алгачкы туруна катышуу үчүн сунуштар 7-июнга чейин берилиши зарыл. Андан кийин сунуштар менен кошо 150 миң евро каражаты кепилдик катары төлөнүшү керек.  Бул долбоор жалпы 22 млн еврого бааланып жатат. Каражатты Европа өнүктүрүү... Читать дальше...



Москва

"СВЯТОЙ ЛЕНИН" раскрыл загадку В.В. Жириновского и В.Г. Мессинга. СЕНСАЦИОННЫЕ ДАННЫЕ!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: На городском вокзале Зеленоград — Крюково появился еще один переход



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Виктор Пинчук

Фотовыставка «Древнейшие пирамиды мира» пройдёт в Крыму




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В новой Москве соревновались нештатные формирования

Работники Пожарно-спасательного центра показали свою слаженность в боевом развертывании

Студент из Волоколамска стал бронзовым призером чемпионата «Абилимпикс»


Дарья Касаткина

Касаткина о романе Синнера и Калинской: рада, больше ничего не хочу говорить



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Студенты Уральского железнодорожного техникума из Красноуфимска на церемонии в Москве



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России