Илмияновдун иши сотко жөнөтүлдү
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы кеңешчиси, камактагы Икрамжан Илмияновго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары сотко жиберилди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Илмиянов алдамчылык менен 150 миң доллар акча каражатын мыйзамсыз ээлеп алган факты тергелип бүткөнүн 3-июлда билдирди. 10-июндагы тергөөнүн жыйынтыгына ылайык, Илмиянов Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүмү («Өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык») боюнча кылмыш жасагандыгы тууралуу маалымдалып, тергөө аягына чыккандыгы жарыяланды. Читать дальше...