Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 09.07.2019

Финпол "Азаттыктын" иликтөөсү тууралуу: 646 миллион доллар өлкөдөн чыгарылганы чын

Azattyk.org 

Экономикалык кылмыштарга каршы кызмат (Финпол) “Азаттыктын” иликтөөсү боюнча текшерүүнүн алгачкы жыйынтыгын жарыялады. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта 2010-2018-жылдары Saimaiti Aierken, «Абдыраз» жана «Wufuli Bumailiyamu» компанияларынын банктык эсептери аркылуу жалпысынан 646 миллион 879 миң 649 доллар чет өлкөлөргө жөнөтүлгөнү айтылат. Акча кездеме, мотор майы, тетик жана башка товарларды сатып алуу тууралуу контракттардын негизинде которулган. Быйыл май айынын соңунда «Азаттык»... Читать дальше...

Жээнбеков Батукаевди бошоткон судьяны иштен алды

Azattyk.org 

Кримтөбөл Азиз Батукаевди бошотуу жөнүндө чечим чыгарган судья Жапар Эрматов кызматынан убактылуу четтетилди. Мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековдун бул тууралуу жарлыгында“Судьялар кеңешине караштуу Тартип комиссиясынын сунушу жана Башкы прокурорго жазык жообуна тартуу жөнүндө макулдук берилгенине байланыштуу Нарын облусунун район аралык сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүп жаткан Жапар Эрматов жергиликтүү соттун судьясынын кызмат ордунан убактылуу четтетилгени” айтылат. Эрматов 24-июнда... Читать дальше...

Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылды

Azattyk.org 

Кеминде Чоң Чүй каналына түшүп кеткен адамдын сөөгү табылып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, 4-июлда Самансур айылында каналга 48 жаштагы адам түшүп кеткен. Жалпысынан 22 куткаруучу тартылып, маркумдун сөөгү 8-июлда табылды.



Оштун жана Жалал-Абаддын айрым айылдарында жер титиреди

Azattyk.org 

9-июлга караган түнү Ош жана Жалал-Абад облустарынын аймагында очогунда күчү төрт баллга жеткен жер титирөө катталды. Сейсмология институтунун маалыматына караганда, саат 01:51де жердин титиреши Оштун Өзгөн районундагы жана Жалал-Абаддын Сузак районундагы айрым айылдарда, Көк-Жаңгак шаарында сезилген. Жер титирөөдөн эч ким жабыркаган жок.

АКШ: Иранга карата басым улантылат

Azattyk.org 

АКШ Ирандын уран байытууну күчөткөнүнө жооп иретинде ага басым улана турганын билдирди.  Кошмо Штаттардын вице-президенти Майк Пенс 8-июлда "Вашингтон Ирандын өзөктүк куралдуу болушуна эч качан жол бербейт" деп айтты.  Уран байытуунун деңгээли 2015-жылдагы өзөктүк келишимде белгиленген 3,67% чектен 7-июлдан тартып ашырыла турганын Ирандын Атом энергетикасы боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Бехруз Камалванди кабарлаган. 2015-жылы Иран менен дүйнөнүн алты державасы - АКШ, Британия, Франция... Читать дальше...

Үч киши каза болгон жол кырсыгында Абжалиевдин уулунун аты аталууда

Azattyk.org 

Маркумдардын жакындары Жогорку Кеңештеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Темирлан Токобеков кырсыктаган «BMW X7» машинесин башкарып баратканын, бирок учурда кылмышты жашыруу, милиция кызматкерлери тарабынан автоунаадагы видеолорду өчүрүп, окуяны бурмалоо аракети көрүлүп жатканын айтып «Азаттыкка» кайрылышты. Алар кырсыкка өлгөн балдарды күнөөлүү кылып коюу далалаты болуп жатканын билдиришүүдө. Ысык-Көл облустук милициясынан алынган маалымат боюнча... Читать дальше...

«Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү романынын бет ачары болот

Azattyk.org 

Бишкекте бүгүн, 9-июлда «Манас» эпосунун кара сөз түрүндөгү эки томдуу романынын бет ачары болот. Китеп залкар манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантынын негизинде жазылган. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, аны депутат Азизбек Турсунбаевдин кеңешчиси Төлөнбай Жолдошов жазып чыккан. Биринчи томдо Манастын төрөлүшүнөн тартып, эр жетип, Ала-Тоону баскынчылардан бошоткону, кыргыз элин кайрадан туулуп-өскөн жерине алып келгени баяндалат. Экинчи томдо Алооке кандын Манаска багынганынан баштап... Читать дальше...

Дарыгер: Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус

Azattyk.org 

"Мыйзамдагы ууру" атыккан Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн эрте түрмөдөн бошотулушу боюнча сурак берген парламенттеги "Республика-Ата Журт" фракциясынын депутаты Зарылбек Рысалиевдин абалы дурус. Бул тууралуу Рысалиев дарыланып жаткан Бишкектин четиндеги Таш-Дөбө кыштагындагы (Воронцовка) Кыргыз улуттук курортология институтунун жетекчисинин орун басары Махмуд Султанмуратов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында, Рысалиевдин абалы жакшырып калды, бирок дагы дарыланышы керек. Батукаев бошотулган учурда... Читать дальше...



Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтты

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Тергөө кызматына суракка барбай турганын айтууда. ИИМдин Тергөө кызматынын чакыруусуна ылайык, Атамбаев мекемеге бүгүн, 9-июлда эртең менен күбө катары суракка келүүгө тийиш. Милиция кызматкерлери чакырууну ага 8-июлдун кечинде Бишкектин четиндеги Кой-Таш айылындагы үйүнө жеткирип беришкен. Чакыруу келгенден кийин Атамбаев өз үйүнүн алдында турган тарапкерлерине чыгып, журналисттердин суроолоруна жооп берди. Анда ал суракка баруу ниети жоктугун билдирди. ИИМдин... Читать дальше...

Зеленский Путинди сүйлөшүүгө чакырды

Azattyk.org 

Украина президенти Владимир Зеленский Орусия менен телекөпүрө форматында берүү уюштурганы жаткан «News One» телеканалынын аракетине комментарий берип жатып, украиналыктарды манипуляцияга алдырбоого чакырды. Ал Путинге кайрылып, Крым кимдики экенин талкуулап алууну сунуштады: - Сүйлөшүү  компаниясына сизди, мени, АКШ, Британия, Франциянын президенттерин Германиянын канцлерин кошууну сунуштайм. Менимче, Лукашенко бизди Минскте кабыл алат деп ишенем,- деди ал. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий... Читать дальше...

Сооронбай Жээнбековдун Швейцарияга үч күндүк расмий иш сапары башталат

Azattyk.org 

Бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков Швейцарияга үч күндүк расмий иш сапар менен барат.  Президенттик аппараттын маалыматына караганда, Жээнбеков Швейцариянын президенти Ули Маурердин чакыруусу менен бармакчы. Анын расмий иш сапары 9-июлда башталып, 11-июлга чейин уланат. Сапардын жүрүшүндө Швейцариянын президенти Ули Маурер, Федералдык жыйындын Улуттук кеңешинин төрагасы Марина Кароббио Гушетти жана Швейцариянын Улуттук банкынын төрагасы Томас Йордан менен жолугушуулары белгиленген. Эки тараптуу сүйлөшүүлөрдө экономика... Читать дальше...

Шаардык сот Дамир Мусакеевдин ишин кароону 16-июлда улантат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Дамир Мусакеевдин иши боюнча сот отуруму 16-июлга жылды. Мындай чечимди Бишкек шаардык соту дүйшөмбү күнкү жараянда чыгарганын Мусакеевдин адвокаты Темирлан Кожоакматов «Азаттыкка» билдирди. 8-июлда шаардык сот актоочу тараптын Мусакеев боюнча Свердлов райондук соту чыгарган өкүмгө каршы доо арызын карады.   Бишкектин Свердлов райондук соту быйыл 24-майда Мусакеевди Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгын (мурдагы... Читать дальше...

Грузия: Путинди сөккөн журналист эки айга иштен четтетилди

Azattyk.org 

Грузияда Орусия президенти Владимир Путинди сөккөн журналист Георгий Габуния эки айга иштен четтетилди. "Рустави-2" телеканалынын журналисти Габуния 7-июлдагы түз эфирде орус тилинде Владимир Путинге кайрылып, жаман сөздөрдү айткан. Аны убактылуу кызматынан четтетүү тууралуу чечимди телеканалдын жетекчилиги кабыл алды. 8-июлга караган түнү өздөрүн Тбилиси шаарынын тургундары деп атаган ондогон адам телеканалдын имаратынын алдында топтолуп, Георгий Габунияны «эки өлкөнүн ортосундагы кастыкты козгоду» деп айыпташты. Читать дальше...



Москва

Сотрудники Росгвардии задержали устроившего стрельбу с балкона мужчину в Подмосковье 


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: трасса из Солнцева до Варшавского шоссе откроется в 2026 году



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Визбор

Вечер бардовской песни, посвященный Юрию Визбору, пройдет 19 июня в Обручевском




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

При поддержке MR Group прошел полумарафон «ЗаБег.РФ»

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть

САРАТОВСКИЕ СОТРУДНИКИ РОСГВАРДИИ ЗАНЯЛИ ПРИЗОВЫЕ МЕСТА НА ЧЕМПИОНАТЕ ПО СПОРТИВНОМУ ОРИЕНТИРОВАНИЮ


Уимблдон

Надаль пропустит Уимблдон из-за желания сыграть на Олимпиаде



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Как происходит процесс взвешивания автомобиля?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России