Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Июль
2019

Новости за 11.07.2019

Украина: Зеленский аткаминерди жыйындан кууп чыкты

Azattyk.org 

Украинанын президенти Владимир Зеленский 10-июлда Борисполдо жыйын өткөрүп жатканда шаардык кеңештин катчысын залдан кууп чыкты. Президент Ярослав Годунок «адамга оор жаракат келтирип, каракчылык кылган» деген айып коюлганы тууралуу маалыматты Итернеттен таап алгандан кийин, аткаминерге: «Бул жактан чыгып кет, каракчы» деп кайрылды. Шаардык оорукананын начар абалы, шарты тууралуу талкуу болуп жатканда Годунок баса-баса сүйлөп Зеленскийдин көңүлүн өзүнө бурдурган эле. Аткаминер өзү жыйындагы окуяны... Читать дальше...

Москва: Крым татарларынын таламын талашкандар камалды

Azattyk.org 

Орусиянын борбору Москва шаарындагы Кызыл аянтка 10-июлда крым татарларын куугунтуктоону токтотууну талап кылып чыккан жети активистти полиция кармап кетти. Калгандары качып кеткенге үлгүрдү. Жалпысынан акцияга жарым аралдан келген 20дай киши чыккан.  Алар Крым татарлары террорчулукка катышы бар деген шек менен кармалып жатканына нааразылык билдиришкен.  Өткөн айда Ростов-на-Дону шаарынын аскердик соту «Хизб ут-Тахрир» диний-экстремисттик уюмунун белдүү мүчөсү деп саналган беш Крым татарын эркинен ажыраткан. Читать дальше...

Пакистанда поезд кырсыгында 10дон ашык адам мерт болду

Azattyk.org 

Пакистанда 11-июлда эл ташып бараткан поезд жолдо жүк жүктөлүп турган вагонду сүзүп алып, кеминде 11 адам ажал тапты, дагы ондогон адам жабыркады.  Полициянын өкүлү Хафиз Бути өлгөндөрдүн саны мындан да көп болушу мүмкүн экенин, жабыркагандардын арасында үчөөнүн абалы өтө оор экенин билдирди. Анын айтымында, кырсыктаган поездде камалып, чыга албай калган жүргүнчүлөр да бар. Полициянын жетекчиси Умер Саламат кырсыктаган поезд Лахор шаарынын Белужистан провинциясын көздөй жол тартып баратканын айтты. Читать дальше...



Кыргызстандык акын Казакстанда Абай медалы менен сыйланды

Azattyk.org 

Кыргызстандык акын Перизат Алмаз кызы Казакстандын Абай медалы менен сыйланды. Сыйлык «Казак-Кыргыз адабий-маданий алакаларын жүргүзүп, Абайды Манастын тилинде сүйлөткөндүгү үчүн» деп берилген. Бул тууралуу Кыргыз улуттук жазуучулар бирикемсинин катчысы Чолпон Орозалиева кабарлады. Маалыматка ылайык, бул медаль кыргызстандык акынга Казакстандын борбору Нур-Султанда өтүп жаткан «Евразия борборлорунун жазуучулары» эл аралык форумунда тапшырылды. «Дүйнөлүк адабият: стереотиптерди жоюу» деп аталган эл аралык форумга Испания... Читать дальше...

Иран мунай ташыган британ кемесин кармаганга аракет кылды

Azattyk.org 

Иран Перс булуңунда мунай ташып бараткан Британиянын танкерин беш кеме менен кубалап, колго түшүргөнгө аракет кылды. Бул тууралуу АКШнын бийлик өкүлдөрүнө шилтеме кылып «Reuters» маалымат агенттиги жазды. Ага ылайык, ирандыктар «British Heritage» танкерине өздөрүнүн аймагындагы жээкке токтоо тууралуу буйрук беришкен, бирок британ күзөт кемеси жардамга келип, абага америкалык тик учак көтөрүлгөндөн кийин гана иран кемелери артка чегинген. Британия бул окуя тууралуу азырынча комментарий бере элек.... Читать дальше...

ИИМ: Атамбаевди суракка чакыруу мыйзам чегинде жүргүзүлөт

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди суракка чакыруу процесси мыйзамда кандай көрсөтүлсө ошонун чегинде жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. «Ким качан жана канча жолу чакырыла турганы жаңы Жазык-процессуалдык кодексте так жазылган. Чакыруу процесси мыйзамда кандай көрсөтүлсө ошонун чегинде жүргүзүлөт», - деп жазылган мекеменин басма сөз кызматынын маалыматында. Бүгүн, 11-июлда мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барбай койгон. Читать дальше...

25 миң сом уурдаганы үчүн беш жыл кесим

Azattyk.org 

Токмок шаарынын соту дарыканадан 25 миң сом уурдаган жаранды 70 миң сом айып пулга жыгып, 5 жылга эркинен ажарытты. Айыпталуучу Замир Кожоканов кылмышка ооруп жаткан кызына дары алууга акчасы жок үчүн барганын айтып, күнөөсүн мойнуна алып, милицияга өзү барган. Замирдин жакындары жана юристтер сот жеңилдетүүчү жагдайларды эске албай, катаал чечим чыгарды деп эсептешет. Бул окуя социалдык тармактарда кызуу талкууга түшүп, колдонуучулардын көбү соттон ишти кайра карап чыгып, жазасын жеңилдетүүнү суранып жатышат.



12-июлда абанын температурасы 38 градуска жетет

Azattyk.org 

12-июлда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38; Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38; Ысык-Көлдө түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30; Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30; Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -1…+4, күндүз 11…16 градус болот. Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22°, күндүз 36…38° болот.

Меркел саламаттыгы тууралуу кооптонууну четке какты

Azattyk.org 

Германиянын канцлери Ангела Маркел соңку төрт жуманын ичинде жолугушууларда үчүнчү жолу калтырап-титиреген абалына байланыштуу кооптонгон пикирлерди негизсиз деп атады. Ал «ыйгарым укуктарын өтө жакшы аткара алаарын» айтты. Меркел 10-июлда Финляндиянын премьер-министри Антти Ринне менен жолушканда да калтырап-титиреди. Жолугушуудан  кийинки басма сөз жыйынында: «Менде баары жайында. Мен Украинанын президенти Владимир Зеленский менен жолугушуу маалында эмне себептен ошондой абалда болгонумду иликтеп жатканымды жакында айткам», - деди Меркел. Читать дальше...

Шыкмаматов «Ата Мекен» - системалуу оппозиция

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясы 2016-жылдан тартып системдүү оппозиция. Бул тууралуу фракциянын лидери, депутат Алмамбет Шыкмаматов «Азаттыктагы» маегинде билдирди. Ал Кыргызстандагы оппозиция жана алардын орду туурасында пикирин айтты:  - Биз сот реформасын, өкмөттүн кадр саясатынын, экономиканы алдыга жылдыра турган концепциясынын, инвестиция тартуу боюнча реалдуу ишинин жоктугун сындап, жер байлыгы боюнча мамлекеттин жүргүзүп жаткан саясаты туура эмес экенин айтып келебиз. Ошону менен биз ашынган радикалдардан айырмабыз ушул. Читать дальше...

Кара жанын карч урган аялдар

Azattyk.org 

Ат-Башыда кыш заводу ачылды. Жумуштун оордугуна карабай аялдар да кыш кынап, үй бүлөнү багып, балдарды чоңойтуунун аракетинде. Ушул тапта ишканада отузга чукул киши эмгектенип жатат.

Грекия: катуу шамалда чет өлкөлүк туристтер ажал тапты

Azattyk.org 

Грекиянын түндүк-чыгышындагы Халкидики жарым аралында катуу шамалда кеминде алты чет өлкөлүк турист өлдү.  «Reuters» маалымат агенттиги алардын экөө Орусиянын жарандары экенин кабарлады. Ага ылайык, эки жашар уулу менен жүргөн кишини бак басып калган. Грек жалпыга маалымдоо каражаттары ажал тапкандардын арасында Чехиянын жана Румыниянын жарандары да бар экенин жазышты.  Шамалдан жүздөн ашуун адам жабыркады. Жергиликтүү бийлик жарым аралда чукул кырдаал жарыялады.  Шамалдын алдында Грекияда күн катуу ысып... Читать дальше...

Аун: Американын Хезболланын өкүлдөрүнө каршы санкциялары Ливанды сыйлабагандык болуп саналат

Ca-irnews.com (kg) 

Ливандын президенти Мишель Наим Аун АКШнын Ливан парламентиндеги Хезболланын өкүлдөрүн санкциялардын тизмегине киргизүүсү бул өлкөнү сыйлабагандык болуп саналарын айтып, Вашингтонду бул чечимден баш тартууга чакырды.

Музейдеги баалуу эки сүрөт жасалма экени аныкталды

Azattyk.org 

Бишкектеги Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейиндеги баалуу эки сүрөттүн жасалма экени аныкталды. Бул тууралуу музейде жоголгон сүрөттөрдүн жана мурдагы директор Юристанбек Шыгаевдин тегерегинде түзүлгөн эксперттик комиссия музейдин фондунда турган 250 сүрөттү текшерип чыккандан кийин белгилүү болгон. Сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы, комиссия жетекчиси Таалай Усубалиевдин «Азаттыкка» билдиргени боюнча, дагы бир сүрөт шек жаратып жатат.  - Комиссия 250дөй ишти текшерди, - деди ал. Читать дальше...

Жээнбеков кыргыз-швейцария биргелешкен ишканасын түзүүгө чакырды

Azattyk.org 

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков 10-июлда Швейцариянын Берн шаарында ири бизнес өкүлдөрү менен жолугушуп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашырып, өндүрүм экспорттоону кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мамлекет башчы өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык байланыштар колдо бар мүмкүнчүлүктөргө шайкеш келбегенин жана Кыргызстан «ВСП+» макамынын базасында Швейцария менен кызматташууга кызыгаарын айтты. Ал Кыргызстан Швейцариянын рыногуна экологиялык таза жана сапаттуу айыл чарба өндүрүмүн... Читать дальше...

Көркөм котормонун өрүшү кеңейди

Azattyk.org 

«РухЭш» сайты өткөргөн котормолор конкурсу акыркы убакта бул жанрдын алкагы кеңейгенин көрсөттү. Адистердин айтымында, кийинки кезде англис, француз, немис, чех, түрк, орус, казак, өзбек, итальян тилинен кыргызчаланган чыгармалар көбөйдү.

Орусия: АКШга Ирандын мунайына санкция салуусуна ким укук берди?

Ca-irnews.com (kg) 

Орусиянын Венедагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү МАГАТЭнин башкаруучулар кеңешинин жыйынында сүйлөп жатып, Ирандын өзөктүк программасы боюнча келишим бир гана өзөктүк маселелерди чечүүгө эмес, ошондой эле Тегеран менен соода-экономикалык мамилелерди нормалдаштырууга багытталганын эскертти.


Музыкальные новости
Виктор Пинчук

Фотовыставка «Древнейшие пирамиды мира» пройдёт в Крыму





Rss.plus
Россия

Лидер движения «Всеармянский фронт» Аршак Карапетян 24 мая 2024 года встретился с членами Координационного совета российско-армянских организаций России и политологами




В Москве умерла автор программ на советском ТВ Майя Яковлева

Бесплатным мороженым угостят детей в парках Подмосковья 1 июня

Mash: Артем Дзюба планирует уехать за границу

Еще 12 контейнерных площадок модернизируют в Лобне




Атамбаев экинчи жолу да ИИМге суракка барган жок

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев экинчи жолу Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматына суракка барган жок. Бул тууралуу «Азаттык» радиосуна адвокат Сергей Слесарев билдирди: - Мен азыр ИИМге кайрадан кат даярдап жатам. Алар кол тийбестиги бар кишини суракка чакыруу менен алар кайрадан мыйзамды бузуп жатышат. Дагы бир жолу кошумча нормативдик актылар аркылуу биздики туура экенин түшүндүрүп кат жөнөтөм. Жактоочу 10-июлда ИИМде болуп келгенин, өз позициясын оозеки түрдө түшүндүргөнүн, ошого карабай чакыруу келгенин айтты. Читать дальше...

«Хан-Теңириде» кылмыш кылган адамга издөө жарыяланды

Azattyk.org 

Ысык-Көлдөгү «Хан-Теңири» лагеринде эки кишини өлтүрүп, бир адамды барымтага алганы кабарланган адамга мамлекеттик издөө жарыяланды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. 4-июлда Ак-Суу районундагы «Хан-Теңири» альплагеринде бир киши эки адамды атып өлтүрүп, үчүнчүсүнө бычак сайып, бир аялды барымтага алып качып кеткени кабарланган. Ошол эле күнү ал барымтадагы аялды бошоткон. Бычак тийген адамга медициналык жардам көрсөтүлгөн. Кылмыш үчүн ошол эле лагерде... Читать дальше...

Ошто көмүскө сойкукана уюштуруу фактысы аныкталды

Azattyk.org 

Ош шаарындагы кичирайондордун биринде сойкулук уюштурган көмүскө жай аныкталды. Аны уюштуруучулар укалоо (массаж) салону катары көрсөтүп келишкен. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы тараткан маалыматка караганда, жергиликтүү тургундар күмөн ойлорду жараткан мекемени текшерүүнү суранып ички иштер органдарына арыз менен кайрылышкан. Топтолгон материалдар Кылмыштар менен жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Жазык кодексинин 167-беренесинин 1-бөлүмү («Сойкулукка жана бузукулукка көмөктөшүү») боюнча сотко чейинки иликтөө башталды. Читать дальше...

ЖЭБ боюнча сот: күбөлөрдүн көрсөтмөсү

Azattyk.org 

Ушул күндөрү Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) оңдоп-түзөөгө байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча териштирүү жүрүп жатат.

Америка: Азырынча Зарифке санкция салбайбыз

Ca-irnews.com (kg) 

АКШ бийлигинин жогорку даражалуу бир аткаминери Вашингтон Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зарифти санкциялардын тизмегине азырынча киргизбей тургандыгын билдирди.



Москва

В исторических парках покажут любимые мультфильмы от СТС Kids ко Дню защиты детей


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин: На юге Москвы в этом году благоустроят четыре зеленые зоны



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Юрий Башмет

В Красноярском крае завершился IV Музыкальный фестиваль под художественным руководством Юрия Башмета




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В преддверии Международного дня защиты детей подмосковные росгвардейцы провели спортивное мероприятие для школьников

Работники Пожарно-спасательного центра показали свою слаженность в боевом развертывании

ЦСКА разорвал дистанцию // Армейцы увеличили преимущество в финальной серии Единой лиги ВТБ


Сюзанн Ленглен

Последний танец Надаля и юбка Сюзанн Ленглен: 6 важных фактов о «Ролан Гаррос»-2024



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Сергей Лазарев

Сергей Лазарев рекомендовал Казань для отпуска выходного дня



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России