УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды
Коргоо кеңешинин мурдагы катчысы, УКМКнын мурдагы төрагасы Бусурманкул Табалдиевге издөө жарыяланды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматынын өкүлү Карима Аманкулова кабарлады. - ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренеси («Коррупция») боюнча сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат. Бул ишке байланыштуу Бусурманкул Табалдиевдин кайда экени аныкталбагандыктан издөө жарыяланды, - деди Аманкулова. Читать дальше...