Атайын прокурор Конгрессте сүйлөдү
АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер 24-июлда Конгресстин өкүлдөр палатасында Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу көрсөтмө берди.
АКШнын мурдагы атайын прокурору Роберт Мюллер 24-июлда Конгресстин өкүлдөр палатасында Орусиянын АКШдагы президенттик шайлоого кийлигишкени тууралуу көрсөтмө берди.
Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы чырдан улам коопсуз аймакка чыгарылган Баткен районунун Ак-Сай айылынын 600дөй тургуну бүгүн, 25-июлда кайра үйлөрүнө жеткириле баштады. Алардын көбү балдар менен аялдар. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады. Ак-Сайдын тургундары кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардан кийин Баткен шаарындагы кесиптик лицейдин, эки орто мектептин жана медресенин имаратына жайгаштырылган. Өкмөттүн Баткен облусундагы... Читать дальше...
“Балдардын укугун коргоо боюнча дүйнөлүк кыймыл” үстүбүздөгү жылдын башынан бери Палестинанын Газа тилкесинде жана Батыш Шерияда 16 бала шейит болгонун маалымдады.
Түркиянын борбору Анкара шаарында Беларус элчилигинин кеңешчиси Александр Поганшевди белгисиз киши атып кетти. Дипломат оор абалда ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазды. Кылмышка шектүү өзүнө өзү кол салганы кабарланды. Жергиликтүү басылмалардын маалымдашынча, кол салган киши Поганшевдин коңшусу болгон жана алардын ортосунда пикир келишпестик орун алган. Беларустун Тышкы иштер министрлиги дипломатка кол салган адам психикалык жактан ооруганын билдирди.
Москванын Симонов соту оппозициялык саясатчы Алексей Навальныйды 30 күнгө камакка алуу чечимин чыгарды. Ага коомдук иш-чараны өткөрүү тартибин кайталап бузган деген айып коюлду. Орусиянын Москва шаарында оппозициячыл саясатчы, коррупцияга каршы блогдору, иликтөөлөрү менен белгилүү Алексей Навальныйды 24-июлда үйүнүн оозунан полиция кармап кеткен. Навальный "Инстаграмдагы" баракчасына полициянын атайын даярдыктагы аскерлери үйүнүн жанында автобуста аңдып отурганын, жубайына гүл сатып алуу үчүн сыртка чыкканда кармап кеткенин жазды. Читать дальше...
Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров тынымсыз сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында жол каттамдары калыбына келтирилгенин “Азаттыкка” маалымдады. Мадумаров эки өлкөнүн президенттеринин жолугушуусу белгиленип жатканын айтты. “Эртең эки президенттин жолугушуусу белгиленип жатат. Анда эки тарап чек ара маселесин карап, бир чечимге келет деген ойдобуз”, - деди Мадумаров Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы 26-июлда Эмомали Рахмон менен Сооронбай Жээнбеков Ак-Сай-Ворух жолунда жолугуп... Читать дальше...
Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев 1-сентябрдан тартып мугалимдердин айлыгы, ал эми 1-октябрдан тартып пенсия көтөрүлө турганын билдирди. Абылгазиев өкмөттүн кезектеги жыйынында сүйлөп жатып, мамлекеттик кызматкерлердин айлыгын көтөрүү өкмөттүн жоопкерчилиги экенин белгиледи. Премьер-министрдин маалыматында, 2008-жылдан бери көтөрүлбөй келе жаткан Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин айлыгы 30% жогорулады. Мамлекеттик кадр кызматынын жана спорт машыктыруучуларынын эмгек акысы 50% жогорулаган. Читать дальше...
Медалдар кайра иштетилген мобилдик телефондор менен электрондук түзүлүштөрдөн жасалган.
Нарын облусундагы Жумгал районунда үч тонна жапайы өскөн кара куурай жок кылынды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Кара куурайды жок кылуу иши 15-20-июлда да уланып, Кичи-Арал, Арал жана Туюк Арал аймактарындагы бир жарым гектардай аянт чабылган. Кабак айылындагы Киндик аймагындагы кара куурайды жок кылуу ишине жергиликтүү бийлик, милиция катышты. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунда өтүп, беш тонна кара куурай жок кылынганын жергиликтүү бийликтен кабарлашты. Ушу тапта өлкөнүн... Читать дальше...
Мамлекеттик статистикалык комитеттин 2019-жылдын биринчи кварталында чыгарган маалыматына ылайык, өлкө боюнча туризм тармагында кызмат көрсөткөн 112 миң субъект катталган. Алалдын көпчүлүгү Бишкек шаарында, (18.7%) Ош шаарында, (19,1%) жана Чүй облусунда (14,9%) жайгашкан. Буга чейин Мамлекеттик туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатканын «Азаттыкка» курган маегинде билдирген. Анын айтымында, былтыр Кыргызстанга 7 млн. жакын турист келген. Читать дальше...
24-июлда Жогорку сот милицияда кыйноонун айынан каза болгон Турдубек Акматовго байланыштуу Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Кыйноого каршы коалиция" уюмунан маалымдашты. 2018-жылдын 16-октябрында Биринчи май райондук соту "Турдубек Акматов милициянын кыйноосунан кийин каза болгон" деген чечим чыгарып, өкмөттү маркумдун жакындарына 200 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген. Бирок Финансы министрлиги Биринчи май райондук сотунун чечимине макул болбой... Читать дальше...
23-24-июлда Ош шаарында “Жашстан2: Жаштар тынчтыктын жана туруктуулуктун өзөгү” долбоорунун алкагында семинар болуп өттү. Ага облустун Араван, Кара-Суу райондорунан жана Ош шаарынан 14-28 жаштагы жигердүү жаштар катышты. Иш-чарада ар бир айыл-кыштактан келген жигердүү жаштар түрдүү көйгөлөрдүн алдын алуу жана чечүү багытында тажрыйбалуу устаттардан сабак алышты. Семинардын уюштуруучуларынын бири “Жаш ниет” коомдук уюмунун жетекчиси Нургүл Караеванын “Азаттыкка” билдиргени боюнча, бул жактан сабак алган жаштар өз айылына барып... Читать дальше...
Кыргызстандын экс-башкы прокурору, учурда камакта жактан Аида Салянованын бир тууган иниси Улан Саляновду өлүмү боюнча сот иши 30-августка чейин токтотулду. Бул тууралуу адвокат Рабига Сыдыкова маалымдады. Соттук териштирүүнүн токтотулганына ишти караган судьянын эмгек өргүүсүнө чыгып кеткени себеп болгон. Буга чейин Ички иштер министрлиги Улан Саляновду өлтүрүү ишинде саясий өңүт болушу мүмкүн деген божомол каралып жатканын билдирген. 42 жаштагы Улан Саляновду 2017-жылы 6-ноябрда Бишкектин... Читать дальше...
Эл аралык каржы уюмдары, анын ичинде Дүйнөлүк банк Тажикстандагы Рогун ГЭСинин курулушун каржылабай калышы мүмкүн. Бул тууралуу өлкөнүн Улуттук банкы билдирди. Улуттук банктын төрага орун басары Жамолиддин Нуралиев адатта эл аралык каржы уюмдары жаңы башталып жаткан долбоорлорду каржылай турганын айтып, Рогун ГЭСинин курулушу дээрлик аяктап калганын билдирди. Ал быйыл апрелде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү менен болгон жолугушуусун эске салды. Анда каржы уюму аталган долбоорду каржылоого ниети жок экенин билдирген. Читать дальше...
Ысык-Ата райондук соту Кант шаарынан 12 жаштагы Данил аттуу бала уурдады деп айыпталган эки жаранды жети жарым жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облусттук сотунан маалымдашты. 2019-жылы 11-апрелде эртең менен Кант шаарынан уурдалган 12 жаштагы Данил аттуу бала аман-эсен куткарылган. Бала кечки саат 21:30дарда Бишкектин жогору жагындагы Панорама аймагынан табылган. Жалпысынан бул кылмышка шектүү эки адам камакка алынган. Милициянын айтымында, бала эртең менен мектепке баратканда жолдон аны жеңил машинеге күчтөп салып кетишкен. Читать дальше...
Ысык-Көл районунун Темир айыл аймагынын башчысы Бакыт Байгазаков Орусиянын Санкт-Петербург шаарында өткөн кармаш уруш боюнча дүйнөлүк чемпионатта коло медалды жеңип алды. Байгазаков Кыргызстандын курама командасы менен барган. Чемпионатка 37 мамлекеттен спорт чеберлери катышты. 48 жаштагы Бакыт Байгазаков Темир айыл өкмөтүн эки жылдан бери башкарат. Милициянын ардагери. Ага облус бийлик өкүлдөрү ардак грамота жана акчалай сыйлык тапшырды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости