Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 08.08.2019

Жогорку Кеңеш Кой-Таштагы окуя боюнча комиссия түзүүнү колдоду

Azattyk.org 

Жогорку Кеңеш бүгүнкү кезексиз жыйынында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди күбө катары суракка алып келүү жана аны кармоо операциясы учурунда өкмөт жетишерлик даярдык көргөн эмес деп тапты. Бул тууралуу бүгүн парламент кабыл алган токтомдо белгиленген. Эл өкүлдөрү Кой-Таштагы окуяны терең иликтеп чыгыш үчүн курамына мамлекеттик жана коомдук ишмерлерден турган комиссия түзүү тууралуу сунушту колдоду. Ошондой эле атайын бөлүктүн каза болгон аскеринин үй-бүлөсүнө, жараат алгандарга жардам көрсөтүү пункту да бар. Читать дальше...

Роза Отунбаева: Атамбаевдин тагдыры күч органдарынын колунда

Azattyk.org 

Кыргызстандын мурдагы президенти Роза Отунбаева өлкөдөгү акыркы кырдаал, андан чыгуунун жолдору, президент жана өкмөттүн ишмердиги боюнча “Азаттыкка” маек курду. Аны менен кабарчыбыз Бакыт Асанов маектешти.

Баткенде балдар укуктары боюнча адистер окуудан өтүп жатышат

Azattyk.org 

6-июлдан бери Баткен жана Лейлек районунун үй-бүлө жана балдарды коргоо башкармалык өкүлдөрү, укук коргоочулар, соцпедагогдор жана социалдык кызматкерлер, мигранттардын балдарынын мыйзамдык кызыкчылыктарын коргоого тиешелүү адистер үчүн окутуу уюштурулду. Иш-чарада миграцияга кетип жаткан ата-энелердин балдарын расмий камкордукка алуунун жол-жоболору, балдардын укуктары жана мыйзамдык кызыкчылыктары боюнча кенен түшүнүк берилди. Суроо-жооптор болуп, атайын адис суроолорго жооп берип, улуттук механизмдер... Читать дальше...



Көк-Жарда жаалданган топ милициянын тосмосун жарып өттү (видео)

Azattyk.org 

Көк-Жар айылынын тушунда милиция кызматкерлери тизилип турган тосмону жаалданган топ жарып өттү. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, 200-300дөй адам таш ыргытып, милиционерлер качып кетүүгө аргасыз болушту. Окуя Бишкектен Кой-Ташты көздөй бара турган жолдо, Кой-Ташка 8дей чакырым алыс жерде болду. (TSh)

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев кармалды (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев атайын операциянын экинчи күнүндө колго түштү. Аны бүгүн, 8-августта саат 19:00дөр чамасында күч органдары үйүнөн кармап алып кетти. Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев кармалганын анын штабы да ырастады. "Азаттык" радиосуна келип түшкөн видеолордон Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн ички иштер министри Курсан Асанов баштаган күч органдары алып чыгып кетип баратканын көрүүгө болот. Маалыматтарда Атамбаев сүйлөшүүлөрдөн кийин колго түшүп берүүгө макул болгон. Читать дальше...

Кой-Ташка кошумча «Тез жардам» бригадалары жөнөтүлдү

Azattyk.org 

Кой-Таш айылына Чүй облусунун «Тез жардам» кызматынан алты бригада жөнөтүлдү, аларга кошумча Бишкектен дагы беш бригада кетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, Кой-Ташка Чукул медицина борборунун башчысы Искендер Шаяхметов да кетти. 7-августта Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Атамбаевди Кой-Таштагы үйүнөн кармап кетүү аракетинен майнап чыккан жок. Бир жоокер курман болуп, күч органдарынан... Читать дальше...

Милиция Бишкектен Кой-Ташка кетчү жолду бууп турат

Azattyk.org 

Бишкектен Кой-Таш айылына  барчу автожол убактылуу жабылды. «Азаттыктын» кабарчылары жеринен маалымдаганына караганда, жол Көк-Жар айылынын тушунан тосулду. Ал жерде жолду колуна калкан алган жана башка атайын каражат кийген милиционерлер тосуп турушат. Учурда ал жерде үйүнө өтө албай турган жүргүнчүлөр топтолуп, нааразылыгын билдирүүдө.  Милиция бул убактылуу чара экенин айтууда. (TSh)



Кой-Таштагы окуяда жабыркагандардын саны 80 кишиге жетти

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурунда жабыркаган жарандардын саны 80ге жетти. Бул тууралуу «Азаттыкка» Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, 7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, «Тез жардам» линиясы менен ооруканага түшкөндөрдүн саны 53. Дарыгерлер 21 кишиге жеринде жардам көрсөтүшкөн. Мунун алдында барымтадагы атайын кызматтын алты аскери коё берилген. Алардын саламаттыгын дарыгерлер текшерип жатат. Ушул тапта... Читать дальше...

Бишкекте бир нече соода борбору жабылды

Azattyk.org 

Айрым соодагерлер товарларын чыгарып кетишүүдө. Буга чейин ЦУМ, ГУМ, "Беренголд", "Алтын" өңдүү соода борборлору саат төрткө чейин гана иштей турганын маалымдашкан.

Атамбаевдин Кой-Таштагы үйү курчоого алынды

Azattyk.org 

Милиция мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүн толугу менен курчоого алып, тарапташтарын үйдүн сыртына сүрүп чыгарды. «Азаттыктын» кабарчысы окуя болгон жерден кабарлап, үйдүн короосунда дээрлик киши калбаганын билдирүүдө. Айланасында топтошкон адамдар жок. Милиция короону көзөмөлгө алууда жана ал жакта дарыгерлер жүрөт. Үйдүн дарбазасын чопкутталган машине сүзүп кирди. Үй тараптан айрымдардын кыйкырган үнү угулууда. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы бүгүн саат 16ларда башталган. Читать дальше...

Кой-Таш менен телефон жана Интернет байланышы үзгүлтүккө учуроодо

Azattyk.org 

Кой-Ташта бүгүн мобилдик Интернет байланышы дээрлик жок болуп жатат. Саат кечки төрттөн кийин телефон байланышы да үзгүлтүккө учуроодо.  Бир аз мурдараак «Азаттыктын» кабарчылары Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө күч түзүмдөрү кулак тундуруучу жана көздөн жаш агызуучу каражаттарды колдоно баштаганын, чогулуп тургандар аларга каршылык көрсөтүп жатканын маалымдашкан. Андан бери алар менен байланышуу мүмкүн болбой жатат.  7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу... Читать дальше...

Жээнбеков менен Атамбаев бири-бирин айыптады

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө чогулгандар арасынан анын өзүндө гана курал бар экенин айтты. Ал эми президент Сооронбай Жээнбеков мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эми суракка кылмышка шектүү катары чакырыларын айтты.

Венесуэла: Мадуро оппозиция менен сүйлөшүүдөн баш тартты

Azattyk.org 

Венесуэланын президенти Николас Мадуро АКШнын санкцияларына байланыштуу өзүнүн өкмөтүнө оппозиция менен сүйлөшүү өткөрүүгө тыюу салды. Баштапкы макулдашууга ылайык, жолугушуу 8-9-август күндөрү Барбадосто өтмөк.  АКШнын президенти Дональд Трамп 5-августта Венесуэла өкмөтүнүн активдеринин баарын токтотуп койгон жана бул өлкөнүн бийлиги менен кандайдыр бир иш жүргүзүүгө тыюу салган.  Бийлик менен оппозициянын алгачкы сүйлөшүүсү май айында Норвегиянын жардамы менен Осло шаарында өткөн.  Жыл башынан... Читать дальше...

Кой-Ташта кулак тундуруучу, жаш агызуучу каражат колдонула баштады

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кайрадан абал өзгөрдү. «Азаттыктын» кабарчысы жеринен маалымдаганына караганда, кулак тундуруучу, көздөн жаш агызуучу каражаттар колдонулууда. Короодо чогулуп турган Атамбаевдин тарапкерлери каршылык көрсөтүүдө. Ага чейин алар колуна таяк, таш алып даярданып турганы, Кой-Ташка Бишкектен көп сандагы күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери жөнөгөнү кабарланган. Күч түзүмдөрү расмий комментарий бере элек. (BTo/SdZ)

Жээнбеков: Бардык саясий күчтөр чогуу бололу

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбеков парламенттин алдында сүйлөп жатып Алмазбек Атамбаев эми суракка кылмышка шектүү катары чакырыла турганын айтты. Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарыларын, ыкчам чара көрүлөрүн кошумчалады.

Ниязов: «Форумдагы» митинг болбой калды

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдогон КСДПнын мүчөсү Фарид Ниязовдун «Азаттыкка» айтканына караганда, буга чейин пландалган «Форум» мекемесинин алдындагы митинг болбой калды. Ниязовдун айтымында, «Кой-Ташты көздөй күч түзүмдөрү келатат» деген маалыматтан кийин ушундай чечим кабыл алынган. Кабарчыбыздын айтымында, Атамбаевдин тарапташтарынын айрымдары 7-августта жоокерлерден чечип алган кийимдерди, каскалар менен чопкуттарды кийип алганын көрүүгө болот. 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай... Читать дальше...

Кой-Таш тарапка көп сандаган күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү баратат

Azattyk.org 

«Азаттыктын» кабарчысы Самат Жумакадыровдун айтымында, Кой-Таш тарапка көп сандагы күч түзүмдөрү баратат. Алардын басымдуу бөлүгү милиция кызматкерлери жана атайын даярдыктагы отряддын өкүлдөрү. Арасында ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бар. Бул тууралуу ИИМ расмий маалымат бере элек. 7-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай, күч органдары менен мурдагы президенттин тарапкерлеринин кагылышында Чүй милициясынын башчысы оор жараат алды. Атайын кызматтын бир аскери курман болду. Читать дальше...


Музыкальные новости
Вадим Самойлов

Вадим Самойлов рассказал про войну с братом





Rss.plus
Россия

Лидер движения «Всеармянский фронт» Аршак Карапетян 24 мая 2024 года встретился с членами Координационного совета российско-армянских организаций России и политологами




Объявлены победители конкурса фотографий #ПАСХАВСИБИРИ — 2024

Посол Антонов: США продолжают цинично принижать роль СССР в победе над фашизмом

Рабыни, пытки и ванны из денег. Где сегодня обитает «бог Кузя»?

Метод быстрой диагностики лимфоузлов при раке груди разработан в ПИМУ




Пакистанда экс-премьер-министрдин кызы Мариам Наваз камалды

Azattyk.org 

Пакистанда Коррупцияга каршы күрөш бюросу 8-августта мурдагы өкмөт башчы Наваз Шарифтин кызы, оппозиция лидери Мариам Навазды камакка алды. Бул тууралуу анын «Пакистан мусулман лигасы» партиясы кабарлады. Ага ылайык, Мариам Лахор шаарында түрмөдө отурган атасына жолукканы барганда камалган.  Пакистандын Антикоррупциялык соту былтыр жыл этегинде Наваз Шарифти жети жылга түрмөгө кескен. Ага «киреше булактарында көргөзүлбөгөн активдерге ээлик кылган» жана «арам акчаны адалдаган» деген айып коюлган. Читать дальше...

Атамбаевдин үйүндө кармалып турган алты жоокер коё берилди

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө кечээтен бери кармалып турган алты жоокер коё берилди. «Азаттык» радиосунун кабарчысы жеринен билдиргенине караганда, баарын тең бир машинеге салып кетишти. КСДПдын лидеринин орун басары Фарид Ниязов аларды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) өкүлдөрү алып кеткенин айтты. 7-августта кримтөбөл Азиз Батукаевдин түрмөдөн мыйзамсыз бошотулушу боюнча кылмыш ишинин алкагында мурдагы президентти үйүнөн алып кетүү аракети көрүлдү, бирок ишке ашкан жок. Читать дальше...

Жээнбеков: Атамбаев эми суракка оор кылмышка шектүү катары чакырылат (видео)

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эми суракка кылмышка шектүү катары чакырылат. Бул тууралуу ушу тапта парламенттин алдында сүйлөп жатып президент Сооронбай Жээнбеков билдирди: - Кечээкиге чейин Атамбаев тергөөгө күбө катары чакырылып келсе, эми ал оор кылмышка шектүү катары чакырылат. Мамлекет башчысы өлкөдө мыйзамдуулукту, тынчтыкты жана коопсуздукту сактоо боюнча бардык иш-чаралар аткарыларын, ыкчам чара көрүлөрүн кошумчалады. 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек... Читать дальше...

Талант Мамытов: Мыйзамды тоготпогон Атамбаев жооп берсин

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Талант Мамытов «мыйзамды тоготпогон мурдагы президент Алмазбек Атамбаев жооп бериши керек» экенин парламенттин кезексиз жыйынында билдирди: - Эмне үчүн Атамбаевди айтпайсыңар? Ал «мыйзамды уруп ойнобойм, тоготпойм» деп жатат. Күч кызматтарынын жетекчилерин «иштен кетсин» деп айткандан кийин «Атамбаев да жооп берсин» деп айткыла. Биз да кезинде кармаганда, сотко барып өз актыгыбызды далилдейбиз дегенбиз. Ал эми Атамбаев эмне үчүн жооп бербейт? Мыйзамдуу келип, жооп бериши керек. Читать дальше...

Бишкек: «Ак үйдүн» короосунда бетон тосмолор турат, айрым дүкөндөр эрте жабылууда

Azattyk.org 

Бишкекте айрым дүкөндөр күндөгүдөн эртерээк жабыла баштады. «Ак үйдүн» дарбазасынын ич жагынан бетон тосмолорду көрүүгө болот. «Азаттыктын» кабарчысы борбордук аянттын тегерегин кыдырып чыгып билдиргенине караганда, кээ бир дүкөндөр иштеп жатат, айрымдары жабык турат. Кээ бир банктар да эрте жабыларын айтып, кардарларды шаштырууда. (GT)

Казакстан: Кой-Таштагы окуялар - Кыргызстандын ички иши

Azattyk.org 

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанда мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо аракетинен улам келип чыккан окуяларга байланыштуу комментарий берди. Анда бул окуяларды «коңшу мамлекеттин ички иши» деп атады. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Берик Курмангали «Фейсбуктагы» баракчасына жазды. Анда «Токаев окуялардын өнүгүшүнө кылдат көз салып жатат жана жагдай мыйзам чегинде тез арада жөнгө салынарына ишеничин билдирет» деп айтылат. Кой-Ташта 7-августта мурдагы президент... Читать дальше...



Москва

Генералов много, а Норат Тер-Григорьянц один!


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Сергей Собянин назвал самые быстрорастущие отрасли производства в Москве



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Элджей

Глава Совета отцов прокомментировал скандал с концертом Элджея в Новосибирске




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

Спортивные прогнозы на OnlyBet

Only Bet – бесплатные прогнозы на спорт

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть


ATP

Российский теннисист Сафиуллин опустился на две позиции в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Симферополь

Библиотечная лужайка «Хорошие книги читай – о жизни побольше узнай», к Общероссийскому дню библиотек.



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России