Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Август
2019

Новости за 08.08.2019

Бабанов: Кой-Таштагы окуя үчүн жоопкерчилик баары бир президентте

Azattyk.org 

“Республика” саясий партиясынын лидери Өмүрбек Бабанов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы, андан кийин бир нече киши жараат алган Кой-Таштагы кагылыш боюнча билдирүү жасады. Ал мурдагы жана азыркы башчыларга кайрылып, эл менен укук коргоо кызматкерлерин козутпай, бөөдө кырсыкты курчутпай, тирешүүнү токтотууга чакырды. Бул тууралуу саясатчы “Фесбуктагы” баракчасына жазды. “Учурдагы окуяга жоопкерчилик баары бир өлкө президентине тийиштүү болуп калат. Тилекке каршы, курмандык болду. Читать дальше...

Ниязов: Атамбаев үйүндө, ал жакта кармалган жоокерлерди коё берүүнү эл чечет

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Кой-Таштагы үйүндө, саат 11ге жакын ал ошол жерде чогулуп турган тарапкерлери менен жолугары айтылууда. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна Атамбаевдин тарапкери Фарид Ниязов билдирди. Ниязовдун айтымында, колго түшүрүлгөн күч кызматкерлери дагы эле Атамбаевдин үйүндө, абалы жакшы. “Аларды коё бериш керекпи же жокпу, эл чечет” деп билдирди Ниязов. Анын белгилешинче, жараат алган күч кызматкерлерин ооруканага алып кетишкен, ал жакта отургандардын жарааты жок. Ушу тапта Кой-Ташта 200дөй адам чогулуп турат. Читать дальше...



Жээнбеков Коопсуздук кеңешин чукул жыйынга чогултту

Azattyk.org 

Президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп жатат. Мамлекет башчысынын маалымат кызматы билдиргендей, прессасыз өтүп жаткан жыйындын күн тартибинде «2019-жылдын 7-августунда түзүлгөн кырдаалга байланыштуу коопсуздукту жана тартипти камсыздоо» деген маселе турат. 7-августта Кой-Таш айылында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калды. 48 адам жабыркап, бирөө каза болду. Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу мамлекет башчысы Сооронбай... Читать дальше...

Кой-Таштагы окуя боюнча бир нече иш козголду

Azattyk.org 

Кой-Ташта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы учурундагы кагылышуу боюнча кылмыш иштери козголду. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы сотко чейинки тергөө амалдары башталганын кабарлады. Мекеменин маалыматына караганда, 7-августтагы факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 264 жана 266-беренелери (“Массалык башаламандык” жана “Бейбаштык”) боюнча каттоого алынды. 7-августта Атамбаевди кармоо боюнча жүргүзүлгөн атайын операцияда күч органдары менен анын тарапкерлери кагылышты. Читать дальше...

Кой-Ташта жабыркаган 38 адам ооруканада, алардын экөө реанимацияда

Azattyk.org 

7-августта Кой-Таш айылында жабыркап, ооруканага түшкөндөрдүн экөө реанимацияда. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында, бир адам Чүй облустук ооруканасынын реанимациясында. Абалы орточо оор. Экинчиси - Чүй милициясынын башчысы Самат Курманкулов Травматология жана ортопедия борборунда. Анын абалын доктурлар өтө оор деп мүнөздөп жатышат. Жалпысынан кечээ күнкү окуяда жабыркаган 48 адам ооруканага кайрылган... Читать дальше...

“Ата Мекен”: Атамбаев артка кайтпайт, күч колдонууну токтотуу керек

Azattyk.org 

“Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев артка кайтпайт, күч колдонуп тирешүүнү токтотуу керек” деген билдирүү таратты 8-августта “Ата Мекен” саясий партиясы. Партия мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековго жолдогон билдирүүсүндө Атамбаевди кармоо аракети туңгуюкка кептелгенин, адам өмүрү кыйылганын, күч органдары тапшырманы аткара албай койгонун белгиледи. “Тез арада күч колдонууну токтотуп, маселени чечүүнүн башка жолдорун издөөнү талап кылабыз. Антпесе азыркы абал жарандык согушка өтүп кетиши ыктымал” деп айтылат партиянын билдирүүсүндө. Читать дальше...

Жээнбеков: Кой-Ташка курал менен баруу ката болду

Azattyk.org 

Саясатчы Равшан Жээнбеков Кой-Ташта бийлик жана Атамбаевдин өкүлдөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөргө катышты. Ал Кой-Таштан Бишкекке кайтып келе жатып, таңкы саат 4тө "Азаттык" радиосуна телефондон маек курду.



Чүй милициясынынын башчысы Самат Курманкулов реанимацияда жатат

Azattyk.org 

Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Самат Курманкулов башынан жаракат алып ооруканада операция жасалды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди. Анын айтымында Курманкулов мээсинен оор жаракат алган. Жаракаты октон эмес. “Операция жасалды. Операциядан кийинки абалын дарыгерлер өтө оор абалда деп баалап жатышат. Реанимацияда” деди Айгерчинова. Буга чейин Курманкулов Кой-Ташта милиция менен Атамбаевдин тарапташтары таш атышканда башына таш тийип... Читать дальше...

ИИМ: Атамбаевдин Батукаевдин бошотулушуна түз тиешеси бар

Azattyk.org 

Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин жүрүшүндө мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин кримтөбөл Азиз Батукаевдин бошотулушунда түз тиешеси болгон. Кылмыш иштин материалдарында Атамбаевдин тапшырмасы менен Батукаевге жалган оор диагноз коюлуп, мыйзамсыз бошотуу уюштурулган. Ошондой эле ИИМ бул боюнча Атамбаевди бир нече жолу суракка чакырганын кошумчалады. Милиция мындай билдирүүнү мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы ишке ашпай калгандан кийин таратты. Читать дальше...

Кой-Таштагы окуяда жабыркаган 43 адам ооруканада жатат

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы маалында жараланган баш-аягы 45 киши Бишкек шаарындагы бейтапканаларга жана Чүй облустук ооруканасына жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Буга чейин министрлик жараат алгандардын арасында күч түзүмдөрүнүн 15тен ашуун өкүлү бар экени, алардын бири Атамбаевдин үйү тараптан атылган аскердик октон каза тапканын маалымдаган. Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, учурда 43 адам ооруканада жатат. Читать дальше...

Кой-Таш: Курсан Асанов сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди

Azattyk.org 

ИИМдин орун басары Курсан Асанов милиция кызматкерлери мурдагы президент Алмазбек Атамбавдин үйү жайгашкан Кой-Таш айылынан чыгып кетерин маалымдады. Ал аймакты курчап турган күч органдары элдин тынчтыгы үчүн ал жерден алынып жатканын, ал эми Атамбаевдин тарапкерлеринин колунда кармалып турган атайын өкүлү алты кызматкер эртең мененки саат тогузга чейин бошотуларын маалымдады.  Асанов бул тууралуу Алмазбек Атамбаевдин өкүлдөрү катары сүйлөшүүгө катышкан саясатчылар жана активисттер Равшан Жээнбеков... Читать дальше...

Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылуу жасады

Azattyk.org 

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев “Апрель-ТВ” телеканалы аркылуу кайрылуу жасады. Ал өзүн кармоо операциясы маалында карапайым адамдар жабыркаганын айтып, аларга каршы желим гана эмес, "аскердик ок да колдонулду" деп айтты. “Биз, мен да, Кой-Таштагы башка адамдар да террорист эмеспиз”,-деп билдирди Атамбаев. Ал бийликке буга чейин жазуу түрүндө көрсөтмө берүүнү бир нече жолу сунуштаганын белгиледи. Атамбаев кримтөбөл Азиз Батукаевдин абактан эрте чыгып кетүүсү боюнча эч кандай күнөөсү жок экенин да маалымдады. Читать дальше...



Москва

Компании Группы "Интеррос" взяли ряд наград премии FINAWARD


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: Московский предпринимательский форум объединил более 3 тыс. человек



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Михаил Кутушов

Компания ICDMC приняла участие в торжественном открытии выставки “Тульское качество”




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

В новой Москве соревновались нештатные формирования

Only Bet – бесплатные прогнозы на спорт

Аделина Панина: какие элементы фэншуй должны быть на кухне, чтобы есть и худеть


ATP

Российский теннисист Сафиуллин опустился на две позиции в рейтинге ATP



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Пластический хирург, косметолог и дерматолог Мадина Байрамукова: как правильно спать, чтобы не было морщин



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России