Келдибеков: Кытайдын Эксимбанкынан насыя алууга мажбур болчубуз
Бишкектин Свердлов райондук сотунда ЖЭБди оңдоп-түзөөдөгү коррупция боюнча сот иши уланууда. Анда Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Акматбек Келдибеков суралып, ЖЭБ боюнча келишимди кароодо өзүнө жана депутаттарга эч кандай басым болбогонун билдирди. Ал парламенттин макулдугусуз насыяны алуу мүмкүн эмес экенин жана инвестиция тартуу өкмөттүн негизги милдеттеринин бири болгонун белгиледи. Ошол эле учурда аны колдонуу жана көзөмөлдөө башка маселе экенин кошумчалады. Экс-спикердин айтымында, Кытайдын Эксимбанкы өлкө үчүн анча ыңгайлуу эмес болгон. Читать дальше...