Автоунааларга бажы төлөмү кымбаттаса, соода кандай болот?
Ош, 15-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Буга чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келине турган автоунаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан баштап, 10 эсеге жогорулай турганы маалым болгон.
Ош, 15-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Буга чейин Кыргызстанга чет өлкөдөн алынып келине турган автоунаалардын бажы төлөмү жаңы жылдан баштап, 10 эсеге жогорулай турганы маалым болгон.
Ички иштер министрлиги (ИИМ) кызматкерлери массалык түрдө жумуштан кетип жатканы тууралуу маалыматтарды четке какты. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта «ички иштер органдарынан бир айда 50 кызматкер кетип жатат» деген маалымат «негизинен күчөтүлгөнү» айтылат. Бирок ошол эле учурда ишин тапшырган милиция кызматкерлери көбөйүп жатканы ырасталган. ИИМ «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамдын негизинде 2020-жылдан баштап бардык укук коргоо органдарынын кызматкерлерининин... Читать дальше...
Акматкан Молдогазиев - медицина тармагындагы кыргыздан чыккан биринчи илим кандидаты. Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүп, окумуштуулук даражасын жактаган.
БУУнун башкы катчысынын расмий өкүлү Стефан Дюжаррик Сириянын түндүгүндөгү аскердик окуяларга жана бул аймактагы тургундардын жер которуп кетип жаткандыгына байланыштуу тынчсыздануусун билдирди.
Ошто «Женго» деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновду күч кызматкерлери кармашты. Бул тууралуу окуяга күбө болгон «Азаттыктын» Оштогу кабарчысы билдирди. Ал жөнөткөн сүрөт, видеодон күч органдарынын беткапчан кызматкерлери Досоновду жана дагы бир кишини автоунаага салып кетип баратканын көрүүгө болот. Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Ашырбаев «Азаттыкка» Досонов кармалганын тастыктады. Анын маалыматына караганда, Жол кыймыл коопсуздугун камсыздоо башкы... Читать дальше...
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында (Азербайжан) Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин (ТТМКК) Жетинчи жыйынына катышуунун алкагында Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушту.
Франциянын тышкы иштер министри Европа Биримдигинен Түркия Сириянын түндүгүндө операцияларын улантып жаткандыгы үчүн өлкөнүн курал-жарагына каршы санкция киргизүүгө чакырды.
Франциянын расмий өкүлдөрү бул өлкөнүн күчтөрү АКШ баштаган ИШИМ террордук уюмуна каршы эл аралык коалициядан чыгышы ыктымал экенин билдиришти.
Коомчулук өкүлдөрү коррупциянын масштабы улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген чекке жеткени боюнча коңгуроо кагышты.
Американын коргоо министри Сириянын түндүгүнөн АКШнын 1000 аскери чыгарыларын билдирди.
Испанияда каталониялык жикчилдердин лидерлери 9 жылдан 13 жылга чейин түрмөгө кесилишти. Жогорку сот аларды Каталониянын эгемендиги боюнча 2017-жылы өткөн референдумда «элди өкмөткө каршы тукурганы үчүн» күнөөлүү деп тапты. Сот өкүмүнө каршы Барселонада жүздөгөн адамдар көчөгө чыгышты.
Америка Кошмо Штаттары Сириянын түндүгүндөгү куралдуу операцияларга байланыштуу Түркияга каршы санкция киргизди. АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпеонун кайрылуусунда, президент Дональд Трамп кол койгон жарлыкка ылайык, Мамлекеттик департаменти жана Каржы министрлиги Түркиянын мамлекеттик ведомстволоруна, Сириядагы тынчтыкты жана стабилдүүлүктү бузган операцияга тиешелүү адамдарга санкция коюлду. Тактап айтканда, Түркиянын энергетика министрлиги, коргоо министрлиги жана ички иштер министрлигине санкция киргизилди. Читать дальше...
Жакынкы күндөрү германиялык KFW банкынын линиясы аркылуу келген каражат эсебинен 10% жылдык үстөгү менен ипотекалык насыя бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Бул каражат Кыргызстанда турак жайды каржылоо жөнүндөгү өкмөттөр аралык келишимге ылайык алынган. Кыргыз өкмөтү мындан сырткары Азия өнүктүрүү банкынан 10 млн евро, Турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча Евразиялык фонддон 100 млн АКШ долларын 20 жылдык мөөнөткө жылдык үстөк 1% менен каражат алуу сүйлөшүлүп жатканын маалымдайт. Читать дальше...
14-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын мамлекет башчысы Илхам Алиев менен жолугуп, эки өлкөнүн кызматташуусу боюнча талкуулашты. Бул тууралуу президенттин сайтында кабарланды. Өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери каралып, Алиев эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. “Саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайбыз деп ишенем», - деп айтты Илхам Алиев. Читать дальше...
Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев Түркия мамлекетинин президентинин алдындагы дин иштери боюнча башкармалыктын төрагасы Али Эрбаш менен жолуккан учурда, Түркиядан Кыргызстандагы «Ыйман» фондусу үчүн 5 млн. АКШ долларын сурады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады. Бул каражат «Ыйман» фондусунун 2019-2022-жылдары Кыргызстандагы диний кырдаалды изилдөө, медреседеги диний билим берүүнү реформалоо боюнча долбоорлорго бөлүнүүчү түрк грантынын экинчи траншы болуп эсептелет. Читать дальше...
15-16-17-октябрь күндөрү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында “Санариптештирүү: Дүйнөдө жана бизде” аттуу конференция өтөт. Ага Кыргызстандын экс-президенти Роза Отунбаева катышат. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты. Ал жыйынга облустун тургундары, мекеме жетекчилери, айыл өкмөт башчылары катышат. Аларга санариптешүүдө ийгиликтүү иш тажрыйбалары бар мамлекеттик жана менчик ишканалардын кызматкерлери ар кандай семинар өтүшөт. Катышуучулар санариптик кадамдарды ишке ашыруу боюнча суроолорго жооп алышат. Читать дальше...
Дүйшөмбү күнү Сауд Арабиясынын мураскер ханзаадасы Мохаммед бин Салман Орусиянын президенти Владимир Путин менен жолугушту. Бул тууралуу жергиликтүү "SPA" агенттиги билдирди. Жолугушууда лидерлер эки өлкө ортосундагы мамилелерди, Сирия менен Йемендеги абалды, ошондой эле терроризмге каршы күрөшүү маселелерин талкуулашты. Путин Сауд Арабияга 14-октябрда барган. Кремлдин маалыматына караганда, сапардын алкагында Путин мунай боюнча келишимге кол коюуга жана Орусияга инвестиция тартууга аракет кылат. Читать дальше...
Конституция профессору Кайс Саид добуштардын 72, 53 пайызын алуу менен Тунистин жаңы президенти болуп шайланды.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости