Мы в Telegram
Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Октябрь
2019

Новости за 16.10.2019

Тажик президенти 20 миңден ашуун адамга мунапыс берет

Azattyk.org 

Тажикстанда президент Эмомали Рахмон Конституциянын кабыл алынганына 25 жыл толгонуна байланыштуу мунапыс жарыялоону чечти жана парламенттин төмөнкү палатасына «Мунапыс жөнүндө» мыйзам долбоорун жөнөттү. Анда кылмышка шектүү, соттолгон, жазасын өтөп бүткөнү менен соттолгону жоюла элек 20 миңден ашуун адамга мунапыс берүү каралган.  Бул мыйзам долбоорунун буга чейинкилерден башкы айырмасы - мунапыс менен абактардан бошогондор көбөйөт.  Документте өтө оор кылмыш үчүн соттолуп, 12 жылдан ашык убактан бери түрмөдө отурган аялдар... Читать дальше...

Быйыл бардык айыл өкмөттөрү «Санарип аймак» системасына кошулат

Azattyk.org 

«Санарип аймак» долбооруна быйыл жыл аягына чейин Кыргызстандагы бардык айыл өкмөттөр сыноо иретинде кирип иштей баштайт. Бул тууралуу «Кабар» улуттук маалымат агенттигиндеги маегинде Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Дастан Догоев билдирди. Догоевдин айтымында, система «Түндүк» платформасы аркылуу бардык мамлекеттик органдарды камтыйт. Кыргызстанда 453 айыл өкмөтү бар. «Түндүк» платформасы аркылуу бүгүнкү күндө 31 кызмат электрондук жол менен көрсөтүлүүдө. Читать дальше...



АКШ Түркиянын «Halkbank» мамлекеттик банкына кылмыш ишин козгоду

Azattyk.org 

АКШда Нью-Йорк шаардык прокуратурасы Түркиянын «Halkbank»  мамлекеттик банкына «көз боёмочулук» жана «арам акчаны адалдоо» боюнча кылмыш ишин козгоду. Ага ылайык, аталган банк Вашингтондун санкциясына карабай Иранга 2012-2016-жылдар аралыгында 20 миллиард доллар которгон деп айыпталып жатат. Нью-Йорктун прокурору Жеффи Берман 15-октябрда «Банктын мындай чектен чыккан иштерине түрк өкмөтүндөгү жогорку даражалуу аткаминерлер да аралашкан, алар миллиондогон доллар пара алып турушкан» деп билдирди. Читать дальше...

Аксыда бугулар айылдын жашоочуларын коркутууда

Azattyk.org 

Аксы районунун Чоңтовар-Сай айылына түшүп келген бугулар айыл тургундарын чочулатып жатканын жергиликтүү айылдыктар «Азаттыкка» билдиришти. Алар тараткан кайрылууда: «Эки жума мурда бир мүйүзү арааланып кесилген бугу айылга келип, мектепке каттаган окуучуларды жана малды кубалап, коркунуч жаратып жатат. Ал түгүл кээ бир автоунааларды сүзүп жиберген учурлар катталды. Бул багытта биз жергиликтүү бийликке жана токой чарбасына кайрылганыбыз менен чара көрбөй жатышат», деп айтылат. Биологиялык ар... Читать дальше...

ИИМ: Бирөөнүн үйүн тартып алып пайда көргөн кыргыз жараны Москвада кармалды

Azattyk.org 

Башка бирөөнүн турак үйүн өзүнө каттатып пайда көргөнү үчүн издөөдө жүргөн кыргыз жараны Москвада кармалды. Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, 41 жаштагы кыргызстандык 2010-жылы жеке нотариустун жардамы менен жасалма кол коюп, өзүнө таандык болбогон үйдү каттатып алган. Кийин аны банкка күрөөгө койдуруп, 300 миң сом насыя алган. Ош облусунун Алай райондук ички иштер башкармалыгында кылмыш иши козголуп, тергөө башталган. Учурда кылмышка шектүү адамды Кыргызстанга алып келип жоопко тартуу жолдору такталып жатат. Читать дальше...

Теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтүүгө кайрадан арыз бере элек

Azattyk.org 

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов теңирчилер диний уюм катары каттоодон өтүү тууралуу арыз менен кайрылса, мамлекеттик комиссия аны кайра карап чыгууга даяр экенин билдирди. Ал бул тууралуу 16-октябрда Жогорку Кеңеште «Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» мыйзам долбоору талкууланып жаткан учурда айтты. -Теңирчилер ушундай эле арыз менен буга чейин да кайрылган. 2016-жылы «булардын ишин терең карап чыккыла» деген соттун чечими чыккан. Жүргүзүлгөн талдоонун... Читать дальше...

17-октябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Azattyk.org 

17-октябрда Кыргызстандын аймагында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүйдө түнкүсүн 2…7, күндүз 16…21; Таласта түнкүсүн 0…5, күндүз 15…20; Баткенде, Ошто, Жалал-Абадда түнкүсүн 4…9, күндүз 19…24; Ысык-Көлдө түнкүсүн 0…5... Читать дальше...



Кой-Таш окуясын иликтеген комиссия айыл тургундары менен жолугушту

Azattyk.org 

Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү бүгүн, 16-октябрда Кой-Ташка барып, бул айылдын жашоочулары менен жолугушту. Өкмөттүн басма сөз кызматы комиссиянын өкүлдөрү айылдагы бир катар объектилерге, анын ичинде турак үйлөр менен өрттөнүп кеткен айылдык милиция бөлүмүнө барышканын кабарлады. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Читать дальше...

Отунбаеванын фонду аймактарда санарипке өтүү боюнча жыйындарды уюштурууда

Azattyk.org 

Экс-президент Роза Отунбаеванын демилгеси менен уюштурулган «Санариптештирүү дүйнөдө жана бизде» аттуу конференция бүгүн, 16-октябрда Ош жергесинде уланууда. 15-октябрда санариптештирүү процессиндеги дүйнөлүк жана жергиликтүү жетишкендиктер менен мүмкүнчүлүктөр боюнча жыйын Баткен облусунда өткөн. Жыйындар 17-октябрда Жалал-Абадда жыйынтыкталат. - Өмүр бою бир эле кесипти аркалай албайсың. 3-4 жолу кесибин өзгөртүү деген бүгүнкү күндө мыйзам ченемдүү көрүнүш болуп калды. Демек, баарыбыз Интернет... Читать дальше...

Коррупцияга каршы ачыктык керек

Azattyk.org 

«Азаттык» радиосу жемкорлукка каршы күрөштү күчөтүү боюнча жарыялаган сынакка келип түшкөн материалдарды жарыялоону улантат.

Кара-Сууда архитектура башкармалыгынын кызматкерлери иш таштоосун улантууда

Azattyk.org 

Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын 60тай кызматкери иш таштоосун улантууда. Ушул тапта мекемеде кызматкерлер менен жетекчиликтин жыйыны өтүп жатат. Ушул жылдын 21-июнунда жетекчиликтин орой мамилесине жана башкармалыктагы акча топтоого нааразы болгон 52 кызматкер райондук мамлекеттик администрацияга жана Мамлекеттик курулуш агенттигине арыз менен кайрылышкан. Ал азыр үч ай аралыгында каралып, бул убакытта Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын... Читать дальше...

Эки кыргыз университети Борбор Азиядагы эң мыкты 200 окуу жайына кошулду

Azattyk.org 

Улуу Британиянын билим берүүгө адистешкен «Quacquarelli Symonds» компаниясы Европа менен Борбор Азиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрүнүн эң мыкты университеттеринин рейтингин түздү. Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, рейтингге 350 университет кошулган. Кыргызстандын эки жогорку окуу жайы - Борбор Азиядагы Америка университети (АУЦА) жана Кыргыз-Түрк «Манас» университети мыкты 190 жогорку окуу жайынын катарынан орун алган. Биринчиси 163-орунда болсо, экинчи окуу жайы 190-катарда жайгашкан. Читать дальше...

Эргешов: Кыргызстанда азыр 3294 диний уюм бар

Azattyk.org 

Кыргызстанда жалпы жонунан 3294 диний уюм бар. Бул тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин 16-октябрдагы жалпы жыйынында айтты. Анын маалыматына караганда, 3294 диний уюмдун ичинен 2665и мечиттер жана казыяттар. 69у ар кандай фонддор. Андан тышкары медреселер да бар. Өлкөдө соттун чечими менен 20 экстремисттик уюмдун ишине тыюу салынган. Ал эми диний уюм түзүш үчүн кеминде 200 адамдын макулдугу керек жана ал нотариустан күбөлөндүрүлүшү зарыл. Читать дальше...

БШК: Төш белгилерде ката жок

Azattyk.org 

Кыргызстандын Борбордук шайлоо комиссиясы «жергиликтүү кеңештин депутатынын төш белгиси ката менен даярдалган» деген маалыматты четке какты. Комиссиянын аппаратынын шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Төлөгөн Айтикеев «Азаттык» радиосуна билдиргендей, төш белгидеги жазууда ката жок. - Ката болушу мүмкүн эмес. Төш белгилер тендер аркылуу даярдалган. Биз өзүбүз карап, текшергенбиз, - деди ал. 16-октябрда айрым маалымат булактары төш белгидеги жазуу ката экенин, «жергиликтүү» деген сөздө «ү»... Читать дальше...

УЕФА расисттик көрүнүштү иликтейт

Azattyk.org 

Болгариянын Футбол федерациясынын төрагасы Борис Михайлов Англиянын командасы менен беттешүү маалындагы окуядан кийин кызматтан кетти.


Музыкальные новости
Булат Окуджава

Музыка и стихи: концерт к 100-летию со дня рождения Булата Окуджавы состоится в Троицке





Rss.plus
Россия

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России




Эксперт Президентской академии в Санкт-Петербурге об интеграции новых регионов в экономику страны

POMPEYA и O! МАРГО выступят на фестивале «НЕБО»

НА ДЕТСКОМ ФЕСТИВАЛЕ ИСКУССТВ «НЕБО» СОСТОИТСЯ 5 ПРЕМЬЕР И ПОКАЖУТ НОВИНКИ ОТ ВЕДУЩИХ МОСКОВСКИХ ТЕАТРОВ

Международный День защиты детей вместе с LES Art Resort и КидБург




Акаев Түркиядагы элчинин «Ыйман» фондуна акча сураганын сынга алды

Azattyk.org 

Жогорку Кеңештин депутаты Жанарбек Акаев Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиевдин Түркиядан «Ыйман» фондуна каражат сураганы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын пикирине кызыкты. - Өткөндө бир окуя болуп, Түркиянын элчиси «биз силерге мечит салып бергенбиз. Жардам берип атабыз» деп айтып чыккан. Жардам сурап жүрүп ушундай сөздү угушубуз керек беле? Динге, окутууга кандай каражат кетет? Экономика жана башка маселелер менен иштешибиз керек. Бирок ушул багытка элчибиздин акча сурашы кандай көрүнүш? Читать дальше...

Нурмагомедов челлендж уюштуруп чакырык таштаган Ибрагимовичке жооп берди

Sputnik Кыргызстан (sport) 

Буга чейин швециялык "Лос-Анджелес Гэлакси" клубунун чабуулчусу "Матрица" киносундагы Неонун кыймылын туураган челлендж жарыялаган. Анын эрежеси боюнча топту баштан өйдө тээп, ал түшүп келе жатканда чалкалап, төшү менен тосуп кармап туруу керек.

Берлин дубалы кулаган күн

Azattyk.org 

Бир туугандар Райк жана Андреас Адамстар ушул тапта Берлинде жашап, ээн-эркин каалагандай жүрө алат. Качандыр бир кезде аларды башка миңдеген немис үй-бүлөлөрүндөй белгилүү Берлин дубалы бөлүп турган. 1989-жылдын январь айында дубал Германияны демократиялуу Батыш жана коммунисттик чыгышка бөлүп турган символ болгон. Ал убакта дубалдын турганына отуз жылдан ашкан. Бир туугандар анын урап калышын күтпөй, достору менен бириге чабуул баштаган. Рок музыканттар Райк жана Адамстын ал убактагы жашоосу кийинки тасмада.

Алайда заманбап жабдылган жаңы мектеп жана бала бакча ачылды

Azattyk.org 

Алай районунун Күн-Элек айылында 225 орунга ылайыкташкан мектеп ачылды. Имараттын курулушу 2015-жылы башталган. Мектеп интернетке туташтырылган жана заманбап компьютердик техника менен жабдылган. Анын ачылышына биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов катышты. Ошондөй эле Боронов Алайдын Согонду айылындагы 60 балага эсептелген «Наристе-Согонду» бала бакчасынын ачылыш салтанатына да катышты. Бүлөлү айылында ал жаңы курулган административдик имараттын ачылышына жана Сопу-Коргон айылында спорт... Читать дальше...



Москва

«СВЯТОЙ ЛЕНИН» спасает население от борьбы с перенаселением, 5 серия, СЕРЬЁЗНЫЙ НОВОСТНОЙ СЕРИАЛ.


Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media
Москва

Собянин: 10 тыс. человек получили медпомощь в обновленных приемных отделениях



103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию. 103news.com — облегчённая версия старейшего обозревателя новостей 123ru.net.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости

Денис Мацуев

Как в Уфе прошел первый день музыкального фестиваля «Денис Мацуев представляет: диалог поколений» - сюжет «Вестей»




Спорт в России и мире

Алексей Смирнов – актер, которого, надеюсь, еще не забыли

VK Fest 2024: Музыка и Развлечения на Открытых Площадках России

Волонтеры Президентской академии в Санкт-Петербурге вносят свой вклад в развитие и повышение доступности спорта для граждан

На ВДНХ пройдет Удмуртский национальный праздник Гербер


Елена Рыбакина

В России отреагировали на "скрытую баранку" и достижение Рыбакиной на Ролан Гаррос



Новости Крыма на Sevpoisk.ru


Москва

Какое будущее увидит поколение зуммеров?



Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России