Кой-Таш окуясы боюнча комиссия топтолгон материалдарды изилдей баштады
Кой-Таш айылында 7-8-август күндөрү түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия түшкөн материалдарды иликтеп, бүтүмдүн үстүнөн иштеп жатышат. Бул тууралуу аталган комиссиядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, комиссия мүчөлөрү окуяга байланышы бар тараптар менен жолугуп, бардык материалдарды топтоду. Буга чейин комиссия өз ишин 1-ноябрга чейин жыйынтыктай турганы кабарланган болчу. Кой-Таш окуясын иликтеген мамлекеттик комиссия 29-августта түзүлгөн. Комиссияны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Читать дальше...