Оливер Стоун: Иран менен Орусия аймактагы ИШИМ халифатынын алдын алды
Америкалык белгилүү режиссер Оливер Стоун Сирияга коопсуздукту жана тынчтыкты кайтаруудагы Иран менен Орусиянын аракеттерин жогору баалады.
Америкалык белгилүү режиссер Оливер Стоун Сирияга коопсуздукту жана тынчтыкты кайтаруудагы Иран менен Орусиянын аракеттерин жогору баалады.
Жылына дүйнө жүзүндө 7 миллиондон ашуун киши инсульт оорусунан каза табат. Ал эми Кыргызстанда мээсине кан куюлуп кеткендердин 47 пайызы эмгекке жарамдуу жарандар.
«Мадина» базарында иштеп жүрүп киши колдуу болгон соодагер Абдурахеман Хуфурдун өлүмү боюнча жети киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Анын айтымында, кармалгандардын төртөө соодагерди өлтүрүүнү уюштурган, ал эми үчөө кылмышты жаап-жашырган деп шек саналууда. Каниметов негизги айыпталуучулардын экөө мурдагы милиция кызматкери болгонун билдирип, учурда кылмышты тергөө кадимкидей жүрүп жатканын билдирди. Бирок «Азаттыккка» кылмышты... Читать дальше...
Кыргызстандын эмгек сиңирген дарыгери Георгий Фейгин 90 жаш курагында каза болду. Бул тууралуу «Фейсбукка» Кыргыз-Орус (Славян) университетинин медицина факультетинин деканы Анэс Зарифьян билдирди. Маркум Фейгин Кыргызстанда оториноларингология жаатындагы белгилүү дарыгер болчу жана бул тармактагы мектептин негиздөөчүлөрүнүн бири болгон. Дарыгердин сөөгү бүгүн Бишкектеги көрүстөндөрдүн бирине жерге берилет. (BkA)
Бириккен күрөш федерациясынын YouTube каналына 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын байге алган кыргызстандык Улукбек Жолдошбековдун финалдык кармашынын толук видеосу жарыяланды.
Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин балдарына карата куугунтук жүрүп жатат деп эсептейт. Мындай пикирин ал бүгүн парламенттин жалпы жыйынында сүйлөп жатып билдирди: - Саясий куугунтук экс-президенттин ишенимдүү үзөңгүлөштөрүнө гана эмес, анын үй-бүлөсүнө жетти. Аскер прокуратурасы мамлекеттик органдарды Атамбаевдин уулунун ишканасын кайра-кайра текшерип турууга мажбурлоодо. Ишкердигине тоскоолдук кылуудан тышкары автокаражаты, батирлери, эсептери камакка коюлду. Читать дальше...
UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиону, россиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов бир нече беттештен кийин карьерасын жыйынтыктоону пландап жатканын анын атасы жана машыктыруучусу Абдулманап Нурмагомедов билдирди.
Жалал-Абаддагы Кара-Көл шаардык сотунун судьясы жана шаардык милициянын капитаны пара менен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады. Маалыматка ылайык, октябрь айынын башында Ички иштер министрлигине жаран кайрылып, Кара-Көл шаардык милиция кызматкери жергиликтүү судья менен келишип алып 100 миң сом пара талап кылып жатканына даттанган. Бул каражатка судья арыздануучуга козголгон кылмыш ишин жапканга жардам бермек. Бул арыз боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп... Читать дальше...
Бишкектин Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) жаңылоодогу коррупция боюнча соттук иш уланууда. Бүгүн айыпталуучулардын бири, мурдагы премьер-министр Сапар Исаков көрсөтмө берип жатат. Мурдагы премьер мамлекеттик айыптоочулар менен жактоочулардын суроолоруна жооп берип жатат. Анда Исаков ТВЕА компаниясы менен кыргыз өкмөтү качан кызматташа баштаганы, ал Инвестиция, инновация жана өнүгүү боюнча борбордук агенттикте (ЦАРИИ) иштеп жүргөн кезинде бул долбоор жөнүндө кандай... Читать дальше...
Тамашоучулар Самат Эркинбеков менен Кубаныч Курманбеков (режиссёр, сценарист) сунуштаган жаңы «Жора менен Гуля» комедиясы кинотеатрларга чыкканына бир ай боло элек.
Ош, 31-октябрь, 2019-жыл. /ca-irnews.com/. Ош облусунун Кара-Суу районунда жыл башынан бери окуучулар сабак учурунда мечит-медреселерге барган 91 факт катталды.
Жогорку Сот Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башкармалык жетекчиси Насирбек Алмаматовду эркиндикке чыгаруу боюнча шаардык соттун чечимин жокко чыгарды.
Бишкекте бүгүн, 31-октябрда Патрулдук милиция кызматы ишке кирди. Биринчи баскычта аталган кызматка 600 киши сынак аркылуу тандалып алынды. Алар эми 56 машине менен коомдук тартипке жана жол кыймыл коопсуздугуна көзөмөл жүргүзөт. Жаңы кызмат шаардык милициянын Жол кыймыл коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгы менен Патрулдук кайгуул кызматын бириктирүү аркылуу негизделди. Алгач бул долбоор 2019-2020-жылы пилоттук негизде баш калаада ишке ашып, системалуу талдоо жүргүзүлгөндөн кийин республиканын... Читать дальше...
2012-жылы Сокулук районунун Военно-Антоновка айылынан жер сатып алып, бирок үй салууга уруксат ала албай келаткан жарандар бүгүн, 31-октябрда Жогорку Кеңештин алдына нааразылык акциясына чыгышат. Бул тууралуу «Азаттыкка» аталган айылдан жер алгандардын бири, Тынчтык аттуу жаран билдирди. Ал 2012-жылы Военно-Антоновкадан «кызыл китеби» менен төрт сотых жер сатып алганын айтты. Бирок айыл өкмөтү сатылган жер айыл чарба багытында экенин негиз кылып, турак жай салууга уруксат берген эмес. - Бизге жердин «кызыл китеби» берилген, - деди ал. Читать дальше...
Бишкектин Октябрь райондук соту ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин «Азия Ньюс» гезитине каршы доо арызын канааттандырып, гезитти 1 миллион сом айып пулга жыкты. Бул тууралуу басылма бүгүн, 31-октябрдагы санында жазды. Андагы маалыматка караганда, мындай чечимди ишти караган райондук соттун судьясы Тынара Абдиева чыгарды. Жунушалиев «Азия Ньюсту» 2019-жылдын 25-апрелинде чыккан №16 жана 16-майда жарык көргөн №19 сандарындагы макала, коллаждар үчүн сотко берген. Ал «гезиттеги материалдар ар-намысыма шек келтирди» деп... Читать дальше...
Мозамбиктин түндүгүндө радикал исламчылар менен болгон согушта орусиялык «Вагнердин жеке аскердик компаниясына» таандык беш жоокер каза болду. Бул тууралуу «Carta de Mocambique» басылмасы өз булактарына шилтеме кылып жазды. Маалыматка ылайык, окуя 27-октябрда Мозамбиктин Кабу-Делгаду провинциясында болгон. Орус жалданма аскерлеринин колоннасы жергиликтүү радикал исламчылардын буктурмасына туш болушкан. Жыйынтыгында өкмөттүк армиянын 20 жоокери жана беш орус жараны каза болгон. Алардын бардыгынын баштары алынган. Читать дальше...
Бразилия менен Израилдин курама командаларынын беттешинде башкы калыс жарым коргоочу Кака менен сүрөткө түшүү үчүн оюнду токтотуп койгон.
Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).
103news.com — живые новости в прямом эфире!
В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.
Музыкальные новости