Казакстан: референдумга шайлоочулардын 68,44% катышты
Казакстандын бардык аймактарында президент Касым-Жомарт Токаев сунуш кылган конституциялык өзгөртүүлөр боюнча референдум аяктап, добушканалар жабылды. Саат 22:00дөгү маалыматка ылайык, жекшембидеги референдумда бүткүл республика боюнча шайлоочулардын 68,44 пайызы добуш берди. Казак мыйзамдарына ылайык, бардык шайлоочулардын 50 пайыздан ашыгы катышкан референдум өттү деп эсептелет. Борбордук шайлоо комиссиясынын катчысы Мухтар Эрман добуштарды саноо башталганын, референдумдун алдын ала жыйынтыгы дүйшөмбү күнү жарыяланарын айтты. Читать дальше...